# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 682
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11731/edition/326824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (19.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57822

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-сентябры №682

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын

24-январындагы № 40 «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө

Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зонасына киргендик үчүн

автотранспорттон акы алууну тартипке салуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40

«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому

менен бекитилген «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 31-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтарга

алмаштырылсын:

«Биосфералык аймакка кире беришке экологиялык посттор коюлат жана

автотранспорттун киргени үчүн жыйым алынат. Жыйымды «Ысык-Көл»

биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын атайын ыйгарым укуктуу

органдары аныкталган тартипте алышат. Автотранспорттун киргени үчүн

жыйымдын өлчөмдөрүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Башкы дирекциясы

иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча

мамлекеттик органы бекитет.

«Ысык-Көл» биосфералык аймагына киргенде төмөнкүлөрдөн жыйым

алынбайт:

- региондун тургундарынын Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин биосфералык аймактагы органдарында аныкталган тартипте

каттоого алынган транспорт каражаттарынан;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана аларга

тењештирилген адамдардын, жаратылышты коргоонун жана токой чарбанын

эмгек сињирген кызматкерлеринин транспорт каражаттарынан;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын бул аймакта кызматтык иштер

боюнча жүргөн кызмат адамдарын тейлеген транспорт каражаттарынан

(командировкалык жана кызматтык күбөлүктөрү болсо);

- укук коргоо органдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча

мамлекеттик органдын структураларынын кызматкерлеринин транспорт

каражаттарынан;

- аскердик кошуундардын атайын ташууларды аткарган транспорт

каражаттарынан;

- балдарды жайкы эс алуу лагерлерине уюшкандыкта ташыган

автобустардан;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы

менен бирдикте бекиткен тизмеге киргизилген, Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткен график боюнча Ысык-

Көл жана Нарын облустарынын калктуу конуштарына баруучу автобустук

маршруттарда туруктуу рейстерди аткарган чоњ автобустардан.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 263

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40

«Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»

токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп

эсептелсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
