# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11730/edition/356799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтому (04.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57820

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы N 690 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-сентябры N 681 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 158 токтомунун редакциясына ылайык) "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берүүлөрдүн цифралык технологияларына өтүү менен бирдиктүү рес- публикалык маалыматтык мейкиндикке өтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле теле жана радиопрограммаларды таркатуу механизмин анык- тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүк-

түрүүнүн тиркелген концепциясы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лиги министрликтер, ведомстволор жана башка тиешелүү жактар менен бирдикте Кыргыз Республикасында цифралык берүүлөргө өтүү жөнүндө мамлекеттик программаны 2008-жылдын 31-декабрына чейин иштеп чыксын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 158 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов
