Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О мерах по обеспечению эффективной работы открытого акционерного общества «Буудай»»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 18-сентябры, №676
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Буудай» ачык акционердик коомунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнундө
«Буудай» ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык абалын жакшыртуу жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети «Буудай» ачык акционердик коомун «Буудай-Токмок», «Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык акционердик коомдоруна бөлүү жолу менен кайрадан өзгөртүп түзүү жөнүндө маселени «Буудай» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. «Буудай-Токмок», «Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык
акционердик коомдорунун акцияларынын уюштуруу чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн бир жолку комиссиялык жыйым ар бир ачык акционердик коомдон беш мињ сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жана «Буудай-Токмок», «Буудай-Каракол», «Буудай-Карабалта» ачык акционердик коомдору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен «Буудай» мамлекеттик ишканасынын ортосунда мурда түзүлгөн 2003-жылдын 30- сентябрындагы № 1-12/3 00903-ДО Карыз милдеттенмесин жана Күрөө жөнүндө келишимди баардык милдеттенмелер боюнча пропорциялуу укук улантуучулук менен кайрадан түзсүн.
4. «Буудай» мамлекеттик ишканасын кайрадан өзгөртүп түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсыи.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2004 года N 70 "О реорганизации государственного предприятия "Буудай"Постановление · 09.02.2004 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2004 года N 70 "О реорганизации государственного предприятия "Буудай"Постановление · 09.02.2004 · № 70 · Күчүн жоготкон