# Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 673
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11722/edition/326812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтому (18.09.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57811

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-сентябры № 673

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана

муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде

окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жалпы

билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө"

2006-жылдын 12-июлундагы № 372 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары 2006-жылдын сентябрынан тартып бардык мамле-

кеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класста-

рынын окуучуларына тамак-аш уюштурушсун.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги рес-

публиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептер-

дин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууга кошумча кара-

жат бөлсүн.

3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2006-жылдын сентябрынан

тартып жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү шаар-

лардын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-4-класстардын окуучуларынын

тамак-ашын камсыз кылышсын.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы би-

лим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө тир-

келген жобо бекитилсин.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ишти Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-

лардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө тиркелген жобого ылайык уюштурушсун.

6. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу-

чулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 24-апрелиндеги № 293 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар

саясаты министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
