Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 18-сентябры № 671
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду- нун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 18-сентябры № 20-7/57
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция- сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.Мурзубраимов, А.Марипов жана М.Мамасаидов тара- бынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт. Бул Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин коом- дук тапшырмаларды аткарууда жумушчуга келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин кароочу жањы статья менен толуктоо сунуш кы- лынат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери эмгек келишиминин негизинде ке- лип чыгат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 1-бөлүмүнүн 6-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык аталган Кодекс, эмгек укугунун нормаларын камтуучу мыйзамдар жана башка нормативдик укуктук актылар жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер (подряд, тапшыруу ж.б.у.с.) боюнча йщтеген адам- дарга жайылтылбайт. Бул негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 225-статьясынын, жумуш берүүчү менен эмгектик мамиледе турбаган, бирок жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу убагында зыян тарткан жумушчуга зыяндын ордун толтуруу бөлүгүнө толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн нормасына каршы келет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоорун кабыл алуу, максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы №563 " Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2005 · № 563 · Күчүн жоготкон