Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын уюмдарында жана ишканаларында жарандык коргонуунун коргооочу курулмаларын тынчтык мезгилинде кармоонун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү туралуу» токтом
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 18 сентябры №668
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын уюмдарында жана ишканаларында
жарандык коргонуунун коргооочу курулмаларын тынчтык
мезгилинде кармоонун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө
нускаманы бекитүү туралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541
«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери
жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Тиркелген Кыргыз Республикасынын уюмдарында жана ишканаларында жарандык
коргонуунун коргооочу курулмаларын тынчтык мезгилинде кармоонун жана
пайдалануунун тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін
2006-жылдын 18-сентябрындагы
№668 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын уюмдарында жана ишканаларында
жарандык коргонуунун коргооочу курулмаларын тынчтык мезгилинде
кармоонун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жобо
1. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын тынчтык мезгилинде
кармоонун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө ушул нускама (мындан ары -
Нускама) менчиктин кайсы түрүнө таандык экендигине карабастан тынчтык
мезгилинде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын кармоо жана
пайдалануу боюнча талаптарды аныктайт.
II. Менчиктин кайсы түрінө таандык экендигине карабастан
тынчтык мезгилинде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын
кармоонун тартиби
2. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын тынчтык мезгилинде
кармап туруу жашоо тиричиликти камсыз кылуучу жайлардын жана жабдуулардын
дайыма даярдыгын согуш мезгилинде кандай болсо, тынчтык мезгилиндеги
өзгөчө кырдаалдардын шарттарында да дал ошондой кылып, белгиленген
мөөнөттө коргоочу курулмалардын режимине жана жарандык коргонуунун
коргоочу курулмаларында жашынуучулардын коопсуз болуусу үчүн керектүү
шарттарга которууну камсыз кылууга тийиш. Жарандык коргонуунун коргоочу
курулмаларын пайдаланууга даярдыкта кармап туруу үчүн уюмдарда,
ишканаларда аларды тейлөө боюнча кошуундар түзүлүшү же өзүнчө кызматкерлер
дайындалышы керек.
Тынчтык мезгилинде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын
пайдаланууга берүү процессинде төмөндөгүлөрдүн сакталышын камсыз кылуу
зарыл:
- жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын жалпысынан коргоочу
касиетин, ошондой эле анын айрым элементтерин;
- жарандык коргонуунун бардык коргоочу курулмаларынын жылчыксыз
бекитилишин (герметизация) жана суу өткөрбөгүдөй бекемделишин
(гидроизоляция);
- инженердик-техникалык жана атайын жабдууларын, жарандык коргонуунун
коргоочу курулмаларынын байланыш жана кабарлоо каражаттарын.
3. Тынчтык мезгилинде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын
кармоодо төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- жайларды кайра пландаштырууга;
- тосмо конструкцияларда тешиктерди жана көзөнөктөрдү жасоого;
- жылчыксыз бекиткичтерди (герметизация) жана суу өткөрбөгөн
aejeldechwrepdh (гидроизоляция) бузууга;
- жабдууларды бөлүктөргө ажыратууга;
- жайлардын ички жасалгасы үчүн күйүүчү курулуш материалдарын
колдонууга;
- жүрүү жолдорун, жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларына кирүүчү
жана авариялык чыгууларын тосууга;
- жайлардын дубалдарын жана шыптарын шыбоого;
- дубалдарды керамикалык плиткалар менен каптоого;
- тыгыздоочу резина бөлүктөрүн, резинадан жасалган амортизаторлорду,
кебез, резиналанган жана резинадан жасалган ийилгич кыстырмаларды, металл
түтүктөрдү, завод-чыгаруучунун аталышы, инженердик-техникалык жана атайын
жабдуулардын техникалык маалыматтары жазылган көрнөкчөлөрдү сырдоого;
- аспаптарды жана жабдууларды орнотууга жана пайдаланууга, жарандык
коргонуунун коргоочу курулмаларынын кириш-чыгыш жерлеринде, авариялык
чыгуучу эшиктердин жана аба чогултуучу жана соруп чыгаруучу орнотмолорунун
жанында куруу иштерин жүргүзүүгө.
4. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларында жашынуучуларды кабыл
алууга жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын 6 сааттан ашпаган
убакытта даярдыкка келтирүү убагында бузуп салууну эске алып убактылуу,
оњой алынуучу тосмолорду күйбөй турган жана уулуу эмес материалдардан
орнотууга жол берилет.
5. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын инженердик-техникалык
жана атайын жабдууларын, байланыш жана кабарлоо каражаттарын оњ жана
багытталышы боюнча пайдаланууга даяр абалда кармап туруу керек.
6. Инженердик-техникалык жана атайын жабдууларды, байланыш жана
кабарлоо каражаттарын кармоо, пайдалануу, күндөлүк жана пландуу оњдоолор
техникалык документацияларга ылайык ишке ашырылат.
7. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын аба менен камсыздоо
системаларын тынчтык мезгилинде таза желдетүү режими боюнча гана
пайдаланууга жол берилет.
8. Тынчтык мезгилинде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын
инженердик-техникалык жана атайын жабдууларынын төмөндөгүдөй элементтерин
пайдаланууга тыюу салынат:
- корголгон дизелдик электр станцияларынын желдетүү системаларын;
- сињирип алуучу чыпкаларды;
- алдын ала тазалоочу чыпкаларды;
- көмүртектин окисинен абаны тазалоочу чыпкаларды;
- иштетилген абаны кайра тазалоочу каражаттарды;
- майда шагылдуу абаны муздаткычтарды;
- фекалий (адам зањын) чогултуучу авариялык резервуарларды.
Резервуарлардын тартмалары жабык турушу керек.
9. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын тынчтык мезгилинде
пайдаланууда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- долбоордун талаптарына ылайык бул жайларда температураны кармап
туруу;
- чыгуучу жана авариялык эшиктерди атмосфералык жаан-чачындан жана жер
бетиндеги суулардан коргоону камсыз кылуу;
- белгиленген эрежелерге ылайык жашоону камсыз кылуучу системаларды
сырдоо, жайларды жана жабдууларды оњдоо;
- сињирүүчү чыпкаларга чейин жана алардан кийин орнотулган жылчыксыз
клапандарды, көмүртектин окисинен абаны тазалоо үчүн иштетилген абаны
кайра тазалоочу орнотмолорду жана чыпкаларды жабуу жана чаптап бекитүү;
- ичүүчү суунун авариялык запасынын басым менен берилүүчү
сыйымдуулуктарда 2 суткада толук алмаштыруу менен суунун агып келүүсүн
камсыз кылуу;
- ичүүчү суу үчүн авариялык басымсыз сыйымдуулуктарды таза сактоо;
- көмөкчү жайларды, ошондой эле чарбалык максаттарда колдонулбай
турган санитардык түйүндөрдү жабуу жана чаптап бекитүү;
- дизелдик электр станцияларын консервациялоо;
- ачылуучу коргоочу - жылчыксыз эшиктерди жана жылчыксыз дарбазаларды
тирөөчтөр менен камсыз кылуу.
10. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын пайдалануу учурунда
өрткө каршы талаптарды сактоо жагында Кыргыз Республикасында жарандык
коргонуунун коргоочу курулмаларынын тынчтык мезгилде багытталышына карай
өрт коопсуздугунун талаптарын жетекчиликке алуу керек.
III. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын тынчтык
Мезгилде колдонуунун эрежеси
11. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмалары тынчтык мезгилинде
Кыргыз Республикасынын экономикасынын, уюмдарынын жана ишканаларынын
кызыкчылыктары үчүн колдонулат.
12. Кыргыз Республикасынын экономикасынын, уюмдарынын жана
ишканаларынын кызыкчылыктары үчүн жарандык коргонуунун коргоочу
курулмаларынын негизги жайларын төмөнкүдөй функционалдык багыттар үчүн
пайдаланууга карата ал жайларды колдонуудагы ченемдик иш кагаздарынын
милдеттүү талаптары аткарылганда пайдаланууга уруксат берилет:
- санитардык-тиричилик жайлар;
- маданий тейлөө жана окуу сабактары үчүн жайлар;
- адамдар учүн коркунучтуу зыяндуу суюктук, буу, газ бөлүп чыгарбаган
жана табигый жарык кылууну талап кылбаган технологиялык процесстер ишке
ашырылган өндүрүштүк жайлар;
- технологиялык, транспорттук жана жөө адамдар жүрүүчү туннелдер;
- нөөмөтчү электрик, байланышчылар, оњдогуч бригадалар үчүн жайлар;
- күйбөс материалдарды сактоо үчүн кампалар;
- соода жана тамактануу жайлары (дүкөндөр, ашкана залдары, кафе,
буфет, тезтатымдар);
- спорттук жайлар (атуучу тирлер жана спорттук машыгуулар үчүн
залдар);
- калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө жайлары (ателье, устаканалар,
кабыл алуучу пункттар ж.б.);
- дарылоочу мекемелердин жардамчы (көмөкчү) жайлары.
13. Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларьш кампа жайлары,
устаканалар үчүн пайдалануу учурунда курулманын сыйымдуулугунун эсебинин
(сакталып турган мүлктөн бошотпой туруп) жашынуучуларды кабыл алуунун
50%ине гана жүк толтурууга жол берилет. Жайларды мүлктөн бошотуу жарандык
коргонуунун коргоочу курулмаларын жашырынуучу жайдын режимине өткөргөн
убактан 6 сааттан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
14. Мүлктөрдү жайгаштыруу жана жыйноо жарандык коргонуунун коргоочу
курулмаларынын техникалык жайларына жана жарандык коргонуунун коргоочу
курулмаларынын инженердик-техникалык жабдыктарын текшерип, оњдоп жана
тейлөөгө дайыма тоскоолдуксуз өтүүнү камсыз кылууну эске алуу менен
жүргүзүлөт.
15. Тынчтык мезгилде жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын
санитардык түйүндөрүнөн башка көмөкчү жайларын колдонууга тыюу салынат.
Санитардык түйүн жайлары жүк сактоочу, кампа жана башка көмөкчү жай
катары пайдаланылышы мүмкүн. Бул учурда санитардык түйүндөр канализация
системасынан ажыратылат, ал эми оњдолгон жабдыктар бөлүктөргө
ажыратылбастан эле консервацияланат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.