# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 666
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11715/edition/326802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө" токтому (29.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57804

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-сентябры № 666

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын

жана кичи перронун өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына

келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын

10-июль № 372 токтомунда,

2008-жылдын 29-декабрындагы № 729)

Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммити Кыргыз

Республикасында 2007-жылы өтө тургандыгына байланыштуу, кичи терминалды

жана кичи перронду жанаша аймагы менен андан ары пайдалануу максатында,

ошондой эле "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалында жана кичи

перронунда оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн кыска

мөөнөттү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Манас" эл аралык аэропорту"ачык акционердик

коомуна Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы

"Авиация департаменти"мамлекеттик ишканасынын балансында турган кичи тер-

миналды перрону жана аянты 12,49 га жер участогу менен рынок наркында

төлөө мөөнөтүн 2009-жылдын аягына чейин жылдыруу менен сатсын.

(Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2008-жылдын 10-июль № 372 токтомунда,2008-жылдын 29-декабрындагы № 729)

2. "Манас" эл аралык аэропорту" төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- расмий делегацияларды тейлөө үчүн кичи терминалды, кичи перронду

жана ага жанаша аймактарды реконструкция жүргүзүү жана иштерди

2007-жылдын 25-майына чейин бүткөрүүнү камсыздоо;

- геодезиялык жана инженердик-изилдөө иштерин, кичи терминалда жа-

на кичи перрондо долбоорлоо-оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү

боюнча заказчы катары чыгуу жана подрядчыларды аныктоо;

- 2006-жылдын 30-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик-

тин Мамлекеттик картографиялык кызматы менен кичи терминалдын жана кичи

перрондун топографиялык-геодезиялык иштерин аткарууга техникалык тап-

шырма берүү жана келишим түзүү;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында-

гы Авиация департаментин жайгаштыруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту-

нун аймагында жай берүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик "Манас" эл аралык аэропортунун кичи

терминалында жана кичи перронунда долбоорлоону жана оњдоо-калыбына кел-

тирүү иштерин параллелдүү жүргүзүүгө заказчыга уруксат берсин, долбоор-

ду макулдашууну камсыз кылсын.

4. "Кыргызгииз" ачык акционердик коомуна "Манас" эл аралык аэро-

порту" ачык акционердик коомуна отчетторду берүү менен "Манас" эл ара-

лык аэропортунун кичи перронунун районунда 2006-жылдын 30-сентябрына

чейин инженердик-изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик долбоор-

лоо менен удаалаш оњдоо-калыбына келтирүү иштеринин шарттарын эске алуу

менен "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна геодезиялык

жана инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүүнү долбоорлоодо, оњдоо-калыбына

келтирүү иштерин жүргүзүүдө жана "Манас" эл аралык аэропортунун кичи

терминалы менен кичи перрону үчүн материалдарды, инвентарларды жана

башка жабдууларды сатып алууда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык бир булактан сатып

алуу ыкмасын колдонууга уруксат берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине "Кант цемент-шифер комбина-

ты" ачык акционердик коому менен бирдикте "Манас" эл аралык аэропорту"

ачык акционердик коому берген графикке ылайык оњдоо-калыбына келтирүү

иштерин жүргүзүү үчүн 7500 тонна М-500, 2000 тонна М-400 маркасындагы

цементти үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу сунуш кылынсын.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Ма-

нас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна 2006-жылдын биринчи

жарымында жана 2007-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чет өлкө-

лүк Экономикалык Кызматташтык фондунун (OECF) ортосундагы Макулдашууга

ылайык берилген займ жагынан каралган төлөмдөрдү (негизги карыз жана

эсептелген проценттер боюнча төлөмдөр) бир жыл алты айга кийинкиге жыл-

дыруу мөөнөтүн берсин.

8. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна

2005-2006-жылдар үчүн финансы-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюн-

ча акциялардын пакетинин мамлекеттик үлүшүнө эсептелген дивиденддерди

төлөө жагынан бир жыл алты айга кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берсин.

9. "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигинин алдындагы Авиация департаменти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы N 848 токтомунун 4-пункту күчүн

жоготту деп табылсын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-

ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
