# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-сентябрындагы №660 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акталаа районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-сентябрындагы №660 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акталаа районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 660
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11709/edition/326792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57797.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-сентябрындагы №660 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акталаа районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57797

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-сентябры № 660

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын

Нарын облусунун Акталаа районун

социалдык-экономикалык

өнүктүрүү программасы

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акталаа районунун социал-

дык-экономикалык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акта-

лаа районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген программасы

(мындан ары - Программа) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, Нарын облусунун жана Акталаа районунун мамлекеттик администра-

циялары:

- Программаны аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;

- жылына эки жолу отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен

кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына

Программанын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
