Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 14-сентябры № 658
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы киреше- лери 6452,5 млн. сомду түздү, бул 2004-жылдагы кирешелерге караганда 11 пайызга көп, анын ичинде пландагы 4602,0 млн. сомдун ордуна 4979,2 млн. сомдук (ИДПга карата 5%) камсыздандыруу төгүмдөрү түштү, же планды ат- каруу 108,2 пайызды түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 4396,4 млн. сом учурдагы төлөмдөр жана 582,8 млн. сом өткөн жылдагы ка- рыздардын эсебинен түшкөн. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көбөйүшү 2004-жылга салыштырганда 114,6 пайызды түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрү- нүн акчалай түшүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 114 пайызды түзгөн, же 603,4 млн сомго көбөйгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу учурдагы түшкөн ка- ражаттарды чогултуу 2,0 пайызга көбөйүп 86,4 пайызды түздү. Мындай өсүш ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жана колдоо максатында мам- лекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун иш берүүчүдөн алынчу ставкасы Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана окутуу фондунун сарптоолорунун республикалык бюджетинен каржылоого өткөрүүнүн эсебинен 2005-жылдын 1-январынан тартып 1 процентке, ал эми 2005-жылдын 1-июлунан тартып дагы иш берүүчүдөн Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана окутуу фондунун сарптоолорунун республикалык бюджетинен каржылоого өткөрүүнүн эсебинен 1 процентке азайтылганына ка- рабастан камсыздалды. 2005-жылы камсыздандыруу базасын кењейтүү максатында бардык эмгек- ке жарактуу жарандарды персоналдаштырылган эсепке алуу, аларга иденти- фикациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча активдүү иш жүргүзүлдү. 2006-жылдын 1 -январына карата персонал- даштырылган эсепке алуу системасында эсепте турган жарандардын саны 3,3 млн. адамды же Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы санынын 64,4 пайызын түзөт, мунун ичинде эмгекке жарамдуу калктын ичинен катталган 1,7 млн. адам же иштеп жаткан калктын 95,0 пайызын түзгөн. Кыргыз Рес- публикасынын "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) каттоо жөнүн- дө" Мыйзамына ылайык 2005-жылы камсыздалган жарандардын жеке камсыздан- дыруу эсептерине топтолгон төгүмдөрүнүн суммасы көрсөтүлгөн 2004-жылга чейинки маалыматтардын 1,4 млн. көчүрмөлөрү жөнөтүлдү. Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларына пенсия төлөө, жењил- дик пенсиялар жана пенсияларга кошумча төлөөлөр, электр энергиясына та- рифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялык төлөөлөр үчүн милдет- түү ассигнованиелер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна толугу ме- нен түштү жана 981,7 млн. сомду түздү. Дивиденддердин, капиталдаштырылган каражаттардын, камсыздандыруу взносторун өз убагында жана толугу менен төлөбөгөндүгү үчүн үстөктөрдүн жана айып акылардын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен түшкөн киреше 92,8 млн. сомду түзгөн, же бюджетте каралган 60,0 млн. сомдун ордуна 32,8 млн. сомго жогору болду. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылдагы чыгашалары бюджетте каралган 5733,7 млн. сомдун ордуна 5680,4 млн. сомду түздү, анын ичинде: Пенсиялык фонддуку - 5363,3 млн. сом, Социалдык камсыздандыруу фондуку - 62,6 млн. сом, Милдеттүү меди- циналык камсыздандыруу фондунуку - 254,5 млн. сомду түздү. 2005-жылы пенсиялардын жана аларга кошумча төлөөлөрдүн жогорулашы- нын эсебинен Пенсиялык фонддун чыгашалары 2004-жылдагыга караганда 393,1 млн. сомго, же 107,9 пайызга жогорулады жана 5363,3 млн. сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин "2005-жылдагы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" 2004-жылдын 24-декабрындагы ПЖ N 449 Жарлыгынын негизинде 2005-жылдын 1-январынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 258 сом болуп, же 35,4 сомго көбөйгөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-апрелиндеги N 76 "2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлы- гынын негизинде 2005-жылдын 1-апрелинен баштап пенсиялардын өлчөмү диф- ференциялуу түрдө 5 пайыздан 15 пайызга чейин жогорулатылды. 2005-жылы пенсия төлөөдө карыз болуп калууга жол берилген жок. 2006-жылдын 1-январына карата пенсия төлөөгө керектүү 4752,8 млн. сом каржыланып жана толугу менен төлөнгөн. "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жө- нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун администрациялык чыгымдарына 144,6 млн. сом карал- ган, иш жүзүндө 134,8 млн. сом пайдаланылган. 2005-жылы Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана окутуу фондуна өткөн жылдардагы 15,0 млн. сом суммадагы карыз жабылган. Мил- деттүү медициналык камсыздандыруу фонду 294,5 млн. сом менен каржылан- ган, анын ичинен 40,0 млн. сом өткөн жылдардагы карызды жабуунун эсе- бинде. Социалдык камсыздандыруу фондуна иш жүзүндө 79,3 млн. сом чыгым- далган, анын ичинен убактылуу эмгекке жараксыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие төлөөгө - 35,6 млн. сом жана ден соолукту чыњдоочу иш-чараларга - 39,0 млн. сом чыгымдалган. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюдже- тин аткарууда кээ бир кемчиликтерге жол берилген. Фермер, дыйкан чарбалардан жана уюшкан айыл чарба секторунан жый- налуучу учурдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоонун планы аткарылбай калган. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды өндүрүүдө кемчиликтер бар. Жыл башында 1643,7 млн. сом карыз болсо, 582,8 млн. сом гана өндүрүлгөн. Байланыш ишканалары тарабынан пенсия төлөө үчүн каражаттарды башка максатка пайдалануу фактылары дагы деле жоюла элек. 2005-жылы:
- 46,7 мињ сом сумма кем чыккан;
- 6900,6 мињ сом пенсиялык каражаттар максатсыз пайдаланылган;
- 36,4 мињ сом мыйзамсыз төлөнгөн.
Бул көрсөтүлгөн суммалардын баары толук ордуна келтирилген. 2005-жылдын бюджетинин аткарылыш жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын жыйынында каралып, кемчиликтерди кети- рүүгө жол берген Социалдык фонд органдарынын жетекчилери жана адистери катуу жоопкерчиликке тартылды, финансылык эреже бузуулар жөнүндө мате- риалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Соци- алдык фонду камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо боюнча нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын туура чыгымдалышын көзөмөлгө алууну күчөтүү, кызматкерлердин жоопкерчи- лигин жогорулатуу жана бюджетти аткарууда аныкталган конкреттүү кемчи- ликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга бюджетинин
аткарылыш жыйынтыктары N 1-3-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна сунуш кылынсын:
- 2006-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун планын жана фи-
нансылык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
- учурдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоонун дењгээлин жогорула-
туу;
- төмөндөгүдөй чараларды көрүү сунушталсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдө- рү боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды тындыруу; камсыздандыруу базасын ке- њейтүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясы менен бирдикте камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо боюнча ишти активдештирүү, мында фермер, дыйкан чарбалардын жана жекече иш жүргүзүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсүнө өзгөчө көњүл буруу.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, жер-
гиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын жерги- ликтүү алдынча башкаруу органдары республикалык жана жергиликтүү бюд- жеттен каржылана турган ишканалардын, уюмдардын мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу төгүмдөрүн 2006-жылдын 31-сентябрына чейин толук жоюуну камсыз кылышсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана анын аймактык бө- лүмдөрүнө иштеп жаткан жарандарды персоналдаштырылган эсепке алууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону уюштурууга жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды өндүрүүгө жардам көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-
лиги, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик социалдык кам- сыздандыруудан пенсия жана пособие төлөөгө арналган каражаттарды башка максатка пайдалануу жана башка максатка жумшоо фактыларын жоюу боюнча чараларды көрүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга бюджетинин
аткарылыш жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга бюджетинин
аткарылыш жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кыргыз Республикасы- нын расмий өкүлү болууга (макулдашуу боюнча) дайындалсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү бөлү- мүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-сентябрындагы N 658 токтомуна N 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2005-жылга карата БЮДЖЕТИНИН АТКАРЫЛЫШЫ
(млн. сом)
| позициялар | 2005-жылга | 2005-жылга | |
| N | такталган | бюджеттин | |
| бюджет | аткарылышы | ||
| Бардык кирешелер | 1 | 5093,0 | 5812,6 |
| ИДПга карата % менен | 2 | 5,1 | 5,8 |
| - Пенсиялык фондго | 3 | 4787,7 | 5490,5 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 4 | 62,2 | 62,5 |
| - Милдеттүү медициналык | 5 | 243,1 | 259,5 |
| камсыздандыруу фондуна | |||
| анын ичинде: | |||
| I. Бардык камсыздандыруу взностору | 6 | 3961,3 | 4339,3 |
| - Пенсиялык фондго | 7 | 3656,0 | 4017,2 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 8 | 62,2 | 62,6 |
| - Милдеттүү медициналык | 9 | 243,1 | 259,5 |
| камсыздандыруу фондуна | |||
| анын ичинде: | |||
| Жыл башындагы калдыктар | 90,0 | 398,8 | |
| Камсыздандыруу взносторунун түшүшү | 10 | 3961,3 | 4339,3 |
| жалдоочудан: | 11 | 3617,0 | 3975,4 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 12 | 3311,7 | 3653,3 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 13 | 62,2 | 62,6 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 14 | 243,1 | 259,5 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| кызматкерден: | 15 | 344,3 | 363,9 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 16 | 344,3 | 363,9 |
| 1. Өнөр жай жана башка ишканалар | 17 | 1882,6 | 2081,2 |
| менен уюмдардын камсыздандыруу | |||
| взностору | |||
| жалдоочудан: | 18 | 1882,6 | 2081,2 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 19 | 1690,2 | 1885,8 |
| - Социалдык камсыздандыруу | 20 | 36,7 | 31,6 |
| фондуна чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 21 | 155,7 | 163,8 |
| камсыздандыруу фондуна | |||
| кызматкерден: | 22 | 0,0 | 0,0 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 23 | 0,0 | 0,0 |
| 2. Бюджеттик уюмдардын | 24 | 1318,5 | 1526,6 |
| камсыздандыруу взностору | |||
| жалдоочудан: | 25 | 983,8 | 1170,3 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 26 | 882,3 | 1050,4 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 27 | 20,3 | 28,9 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 28 | 81,2 | 91,0 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| кызматкерден: | 29 | 334,7 | 356,3 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 30 | 334,7 | 356,3 |
| 3. Айыл чарбасынын уюмдашкан | 31 | 37,1 | 29,6 |
| секторунун камсыздандыруу | |||
| взностору | |||
| жалдоочудан: | 32 | 27,8 | 22,6 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 33 | 24,4 | 20,5 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 34 | 1,2 | 0,3 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 35 | 2,2 | 1,8 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| кызматкерден: | 36 | 9,3 | 7,0 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 37 | 9,3 | 7,0 |
| 4. Фермер, дыйкан чарбаларын | 38 | 89,0 | 40,6 |
| камсыздандыруу взностору | |||
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 39 | 82,3 | 37,5 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 40 | 2,7 | 0,7 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 41 | 4,0 | 2,4 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| 5. Жеке өз алдынча иш | 42 | 51,0 | 76,0 |
| жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу | |||
| взностору | |||
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 43 | 49,9 | 74,4 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 44 | 1,1 | 1,1 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 45 | 0,0 | 0,5 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| 6. Жењилдик берилген уюмдардын | 46 | 3,1 | 2,5 |
| камсыздандыруу взностору | |||
| жалдоочудан: | 47 | 2,8 | 1,9 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 48 | 2,6 | 1,9 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 49 | 0,2 | 0,03 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 50 | 0,0 | 0,0 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 51 | 0,3 | 0,6 |
| кызматкерден: | |||
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 52 | 0,3 | 0,6 |
| Жыл ичинде (учурдагы) бардык түшкөн | 53 | 3381,3 | 3756,5 |
| камсыздандыруу взностору | |||
| жалдоочудан: | 54 | 3037,0 | 3392,6 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 55 | 2731,7 | 3070,5 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондуна | 56 | 62,2 | 62,6 |
| чегерүүлөр | |||
| - Милдеттүү медициналык | 57 | 243,1 | 259,5 |
| камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | |||
| кызматкерден: | 58 | 344,3 | 363,9 |
| - Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 59 | 344,3 | 363,9 |
| Өткөн жылдардагы камсыздандыруу | 60 | 580,0 | 582,8 |
| взностору боюнча карыздардын түшүшү | |||
| II. Башка кирешелер (дивиденддер | 61 | 60,0 | 92,8 |
| жана башкалар) | |||
| III. Республикалык бюджеттен | 62 | 981,7 | 981,7 |
| түшүүлөр | |||
| анын ичинде: | |||
| - Социалдык фондго субвенция | 63 | 76,1 | 76,1 |
| - электр энергиясы үчүн компенсация | 64 | 258,8 | 258,8 |
| - аскер кызматчыларынын пенсиялары | 65 | 217,0 | 217,0 |
| жана аларды камсыздандыруу | |||
| - пенсиялар жана пенсияларга кошумча | 66 | 429,8 | 429,8 |
| төлөөлөр | |||
| Бардык чыгашалар (чегерилгени) | 67 | 5733,7 | 5662,0 |
| ИДПга карата % менен | 68 | 5,7 | 5,7 |
| I. Пенсиялык каражаттар боюнча | 69 | 5428,4 | 5339,8 |
| - эмгек пенсиялары | 70 | 4543,1 | 4451,7 |
| - электр энергиясы үчүн компенсация | 71 | 258,8 | 258,8 |
| - жеткирүү боюнча чыгымдар | 72 | 53,4 | 47,3 |
| - банктык тейлөөгө кетүүчү чыгашалар | 73 | 22,9 | 22,1 |
| - аскер кызматчыларынын пенсиялары | 74 | 223,8 | 216,7 |
| жана аларды камсыздандыруу | |||
| - сөөктү жерге коюу пособиеси | 75 | 56,8 | 51,8 |
| - социалдык фонддун администрациялык | 76 | 144,6 | 149,4 |
| чыгымдары | |||
| - Калкты иш менен камсыз кылууга | 77 | 15,0 | 15,0 |
| көмөктөшүү жана окутуу фондунун | |||
| карыздарын жабууга кеткен чыгымдар | |||
| - ММКФнын карыздарын жабууга кеткен | 78 | 40,0 | 40,0 |
| чыгымдар | |||
| - социалдык камсыздандыруу фондунун | 79 | 7,2 | 16,6 |
| карыздарын жабууга кеткен чыгымдар | |||
| - персоналдаштырылган эсепти алуу | 80 | 20,0 | 20,0 |
| боюнча чыгымдар | |||
| - башка чыгымдар | 81 | 42,8 | 50,4 |
| Социалдык камсыздандыруу фонду | 82 | 62,2 | 62,6 |
| боюнча | |||
| анын ичинде: | |||
| - убактылуу эмгекке жараксыздык | 83 | 12,4 | 11,2 |
| боюнча пособие | |||
| - энелик боюнча пособиелер | 84 | 12,4 | 7,5 |
| - сөөк коюуга пособие | 85 | 1,0 | 0,3 |
| - ЧАЭСнин апаатынын кесепетин | 86 | 4,6 | 4,6 |
| жоюунун катышуучуларына, | |||
| майыптарына компенсация | |||
| - санаторияларга, эс алуу үйлөрүнө, | 87 | 31,8 | 39,0 |
| балдардын ден-соолугун чыњдоочу | |||
| лагерлерге жолдомолор жана | |||
| администрациялык чыгашалар | |||
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу | 88 | 243,1 | 259,5 |
| фондусу боюнча | |||
| Бюджеттин дефицити (-), | 89 | -640,7 | 150,6 |
| профицити (+) | |||
| - Пенсиялык фонддуку | 90 | -640,7 | 150,7 |
| - Социалдык камсыздандыруу фондунуку | 91 | 0,0 | 0,0 |
| - Милдеттүү медициналык | |||
| камсыздандыруу фондунуку | 92 | 0,0 | 0,0 |
| ИДП | 93 | 100784 | 100116 |
(*) Түшүндүрмөнү кара
Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев
* Түшүндүрмө
Эл аралык стандарттагы финансылык эсеп-кысап отчеттуулукка ылайык социалдык фонддун сарптоолору чегерүү ыкмасы менен таанылган Иш жүзүндөгү чыгашалар төмөндөгүдөй болду:
(млн. сом)
| 1. Пенсиялык фонд боюнча: | 2005-жылдагы | Иш | *,- |
| карыздарды | жүзүндөгү | ||
| эске алуу | сарптоолор | ||
| менен | |||
| чегерилген | |||
| чыгымдар | |||
| - эмгек пенсиялары | 4710,5 | 4752,8 | 42,3 |
| - жеткирүү боюнча чыгымдар | 47,3 | 45,0 | -2,3 |
| - банктык тейлөөгө кетүүчү чыгашалар | 22,1 | 20,2 | -1,9 |
| - Ички иштер министрлигинин, Коргоо | 205,7 | 205,7 | 0,0 |
| министрлигинин, Улуттук коопсуздуктун | |||
| аскер кызматчыларынын пенсиялары: | |||
| - мамлекеттик милдеттүү жеке | 11,0 | 11,0 | 0 |
| камсыздандыруу | |||
| - сөөктү жерге коюу пособиеси | 51,8 | 51,8 | 0 |
| - Социалдык фонддун аппаратын кармоого | 149,4 | 134,8 | 14,6 |
| - персоналдаштырылган эсепти алуу | 20,0 | 20,0 | 0 |
| боюнча чыгымдар | |||
| - ММКФнын карыздарын жабуу боюнча | 40,0 | 40,0 | 0 |
| каражаттар | |||
| - Калкты иш менен камсыз кылууга | 15,0 | 15,0 | 0 |
| көмөктөшүү жана окутуу фондунун | |||
| карыздарын жабууга чыгымдар | |||
| - Социалдык камсыздандыруу фондунун | 16,6 | 16,6 | 0 |
| карыздарын жабууга чыгымдар | |||
| - башка чыгымдар | 50,4 | 50,4 | 0 |
| Пенсиялык фонд боюнча бардыгы | 5339,8 | 5363,3 | 23,5 |
| 2. Социалдык камсыздандыруу фонду | 62,6 | 62,6 | 0,0 |
| боюнча | |||
| 3. Медициналык камсыздандыруу фонду | 259,5 | 254,5 | -5,0 |
| боюнча | |||
| Жыйынтык | 5662,0 | 5680,4 | 18,4 |
| Жыл аягында Социалдык фонддогу калган | 132,2 | ||
| каражаттар | |||
| Профицит (+), Дефицит |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 2-апрелиндеги № 76 "2005-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 02.04.2005 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-декабрынын, № 449 жарлыгы " 2005-жылдагы пенсиялардын базалык болугунун олчому жонундо"Указ · 24.12.2004 · № 449
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун бюджети жонундоЗакон · 13.02.2005 · № 33