Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 апреля 2019 года № 175 "О некоторых вопросах в сфере трудовой миграции в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-16.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 8-сентябрындагы
№ 639 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарын
четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу
боюнча иштерди жүзөгө ашыруу
тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөдө жумушка ор-
ноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин анык-
тайт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөдө жумушка орноштуруу бо-
юнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери, ошондой эле ушул Жобо ме-
нен жөнгө салынат.
Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жу-
мушка орноштурууга байланышкан иштерге уруксат (мындан ары - уруксат) -
Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка ор-
ноштурууга байланышкан иштерге укук берүүчү Кыргыз Республикасынын Миг-
рация жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - Мамко-
митет) берүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;
- жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен
сырткары алардын эмгек ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүү ме-
нен байланышкан иштер менен алектенишкен юридикалык же жеке жак;
- талапкер - жумушка орношуу максаты менен четөлкөгө кетүүнү каа-
лаган Кыргыз Республикасынын жараны;
- эмгекчи-мигрант - акы төлөнө турган эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө
ашыруу максатында четөлкөгө кеткен Кыргыз Республикасынын жараны;
- четөлкөлүк жумуш берүүчү - бул жумушка орноштуруучу мамлекетте
жеке эмгектик келишим же жарандык-укуктук келишимдин негизинде Кыргыз
Республикасынын жаранын жумуштарды аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жумуш-
ка тарткан юридикалык же жеке жак;
- депозит - жөнөтүүчү төлөй турган акчалай сумма жана жөнөтүүчүнүн
же жумуш берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгектик келишимдин аракети
бүткөнгө/токтогонго чейин четөлкөдө эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып
жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранын кайра кайтарууга кепилдик берет.
II. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын
чектеринен сырткары жумушка орноштуруу
менен алектенишкен юридикалык жана
жеке жактарга уруксат берүүнүн
тартиби жана шарттары
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жу-
мушка орноштурууга байланышкан иштер деп Кыргыз Республикасынын жаран-
дарын четөлкөгө эмгектик ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашыруу максатында
кетүүлөрүн уюштуруу боюнча бардык иштер эсептелинет.
2. Уруксатты берүү жана аны колдонууда контролду Мамкомитет жүзөгө
ашырат.
3. Уруксат уставдык капиталдын 75 пайызынан кем эмес Кыргыз Рес-
публикасынын жаранына таандык юридикалык жана жеке жактарга берилиши
мүмкүн.
4. Уруксаттын бүткүл аракет мөөнөтүнө 50 мињ сом өлчөмүндө банктын
депозит эсебине которулган соњ, жөнөтүүчүгө уруксат берилет. Банктын
депозит эсебинде турган каражаттар жөнөтүүчү менен четөлкөлүк жумуш
берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын жана же жеке эмгек-
тик келишимди сактабагандыктын натыйжасында эмгекчи-мигрантка келтири-
лиши болуп калышы мүмкүн материалдык чыгымдын ордун толтурууга чыгымда-
лат. Депозит чыгымдалган учурда, ал чыгымдалган учурдан он беш күндөн
көп эмес мөөнөттө кайра калыбына келтирилиши керек. Депозиттин чыгым-
далган механизми жөнөтүүчү менен Мамкомитеттин ортосундагы атайын ма-
кулдашуу менен бекитилет.
5. Уруксатты алуу үчүн жөнөтүүчү өзүнүн катталган жери боюнча миг-
рация жана жумуштуулук менен камсыз кылуу боюнча облустук же шаардык
комитеттерге арыз берет. Арызга тиркелүүчү документтердин тизмесин Мам-
комитет бекитет.
- белгиленген формадагы толтурулган арыз;
- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- кабыл алуучу тарапка четөлкөлүк жарандарды жумушка орноштуруу
менен алектенүүгө укук берүүчү нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн доку-
менттердин көчүрмөсү;
- четөлкөлүк жумуш берүүчү менен кызматташууну тастыктаган кели-
шимдин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эмгекчи-мигрант менен Четөлкөлүк жумуш берүүчүнүн ортосунда эм-
гектик келишимдин көчүрмөсү;
- салык инспекциясынан справка;
- социалдык фонддон справка;
- уруксатты бергендиги үчүн төлөгөндүгү тууралу төлөм тапшырмасы-
нын көчүрмөсү;
- банктын эсебине 50 мињден кем эмес сом депозитти киргизгендигин
тастыктаган документ.
Айрым учурларда башка документтер да талап кылынышы мүмкүн.
Арыз ээси уруксатты берүүгө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын так-
тыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Уруксатты берүү жөнүндө чечим сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасы-
нын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана Кыргыз Рес-
публикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашкандан кийин жана
Мамкомитет тарабынан берилген күндөн соњ 30 күндүн ичинде каралат. Бул
мөөнөт Мамкомитет тарабынан арыз ээсин кошумча экспертиза өткөрүү
жөнүндө билдирүү менен узартылышы мүмкүн.
7. Уруксатты берүүдөн жүйөөлүү баш тартуу арыз ээсине жазуу
түрүндө уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алгандан ки-
йин беш күндүн ичинде маалымдалат.
8. Уруксатты берүү акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Урук-
сатты берүү үчүн акы жөнөтүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-
кен өлчөмдө алынат.
9. Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- уруксатты берген органдын аталышы;
- уруксатты алган жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги;
- жөнөтүүчүнүн мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалыматтар;
- уруксат берилген жүзөгө ашырылуучу ишмердүүлүктүн түрү;
- жумуш берүүчү өлкө;
- аракет мөөнөтү, уруксаттын каттоо номери жана анын берилген да-
тасы.
10. Уруксат бир жылга чейинки мөөнөткө берилет жана жөнөтүүчүнүн
арызы боюнча узартылышы мүмкүн. Уруксаттын аракет мөөнөтү узартылганда,
жөнөтүүчүдөн уруксат берүүгө каралган өлчөмдөгү төлөм алынат.
11. Уруксатты башка адамдарга берүүгө болбойт.
12. Арызда көрсөтүлгөн даректер же аталышы өзгөргөн учурда, кайра
уюштурулса, уруксат аны берген органда кайра катталуудан өтүшү керек.
Жөнөтүүчү жоюлган учурда ага берилген уруксат юридикалык күчүн жоготот
жана Мамкомитетке кайра кайтарылууга тийиш.
13. Уруксат бир нускада таризделет. Уруксаттын түп нускасы жоголуп
кетсе, анын баасынын 50 пайызын төлөө менен көчүрмөсү берилет.
III. Жөнөтүүчүнүн укуктары, милдеттери
жана жоопкерчилиги
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жумушка
орноштурууга байланышкан иштерге уруксатты алган жөнөтүүчү төмөнкү
шарттарды аткарууга милдеттүү:
- көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эмгекчи-мигранттын эмгектик келишим
менен белгиленген айлык акынын 50 пайызынан жогору эмес тарифди коюуга;
- Кыргыз Республикасынын жараны менен четөлкөлүк жумуш берүүчүнүн
ортосундагы жеке эмгектик келишимдин Мамкомитет менен макулдашылган ко-
рутундусун камсыз кылат. Эгерде эмгекчи-мигранттын жумуш ордуна келген-
ге чейин талапкердин четөлкөлүк жумуш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү
көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарына туура келбеген себептерге бай-
ланыштуу жеке эмгектик келишим түзүлбөсө, аны кайра кетирүүгө чыгымдар
жөнөтүүчүгө жүктөлөт;
- четөлкөдө жумушка орношкон жарандардын айлык акысынан белгилен-
ген тарифтен жогору кандайдыр-бир чегерүүлөрдү алууну болтурбоого;
- жаран тарабынан четөлкөлүк жумуш берүүчү менен жеке эмгектик ке-
лишими түзүлгөнгө чейин жумушка орношууга тењаракеттер үчүн алдын-ала
төлөмдөрдүн кандай да гана түрү болбосун алууну болтурбоого;
- жеке келишим түзгөнгө чейин жөнөтүүчү жумушка орнотуучу мамле-
кеттин мыйзамдарына ылайык жумушка орношуу үчүн зарыл документтерди
берүүнү Кыргыз Республикасынын жаранынан талап кылууга тийиш;
- эмгектик келишим түзүлгөнгө чейин кызматкерлердин жүрүү жери,
жумуштун мүнөзү, эмгек акынын өлчөмү, эмгекти коргоо, пенсиялык жана
медициналык камсыздандыруу, ошондой эле кабыл алуучу тараптын диний жа-
на улуттук үрп-адаттары жана башка шарттары тууралуу тийиштүү маалымат
менен камсыз кылууга;
- кеткенге чейин жумушка орношуу максатында четөлкөгө кетип жаткан
ар бир талапкерди Мамкомитетте каттоого;
- Мамкомитетке Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөдө жумушка
орношуунун кесипкөйлүк-адистик түзүмүн, анын тењаракетинде четөлкөдө
жумушка орношкон жарандардын эмгектик келишимдеринин аракет
мөөнөттөрүн, келген өлкөнүн аталышы жана четөлкөлүк жумуш берүүчүдө ат-
карган иштин түрүнүн жыйынтык маалыматтарын квартал сайын берип туруу-
га;
- четөлкөдө төлөнө турган жумушту алууну каалаган Кыргыз Республи-
касынын ар бир жаранын аталган Жобонун шарттары менен тааныштырууга жа-
на ага Мамкомитеттин дарегин жана телефонун айтууга;
- четөлкөдө жалдануу боюнча жумушка жарандардын укугун тастыкта-
ган, ошондой эле башка документтерди анын катышуусунда Кыргыз Республи-
касынын жана четөлкөлүк жумуш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн эмгектик
келишимдердин көчүрмөлөрүнүн так эсебин жүргүзүүгө;
- жаранга берген маалыматтын тактыгы үчүн жооп берүүгө;
2. Жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке эм-
гектик келишимдин шарттарын четөлкөлүк жумуш берүүчү эмгекчи-мигранттын
алдында сактабагандыгы үчүн жооп берет.
3. Жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен
сырткары жумушка орноштуруу тартибин бузган учурда Мамкомитет
жөнөтүүчүгө аныкталган тартип бузууларды жоюу үчүн мөөнөттөрүн көрсөтүү
менен эскертүү берет. Бул талаптар аткарылбаган учурда же кайра кайта-
лап бузса, Маммкомитет берилген уруксаттын аракетин токтотуп кое алат
же жокко чыгарат.
4. Жөнөтүүчү аталган Жобонун шарттарын аткарбаса же ак ниетсиз иш
жүргүзсө, туура эмес маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркы-
луу же башка жолдор менен таратса, уруксаттын аракети токтотулат же
жокко чыгарылат, берүүдөн же узартуудан баш тартылат жана Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
5. Жөнөтүүчүнүн аракети же аракетсиздигинин натыйжасында адамдар-
дын өмүрүнө же ден-соолугуна коркунуч туулса, Мамкомитет эскертпестен
берилген уруксатты жокко чыгара алат.
6. Мамкомитет уруксаттын аракетин токтотуу же аны жокко чыгаруу
турасында чечимди кабыл алгандан кийин 5-күндүк мөнөттүн ичинде жазуу
жүзүндө жөнөтүүчүгө бул чечим жөнүндө кабарлайт.
7. Уруксат жокко чыгарылган учурда жөнөтүүчү билдирүүнү алгандан
кийин 3 күндүн ичинде уруксаттын түп нускасын Мамкомитетке кайтарып бе-
риши керек.
8. Уруксатты берүү же бербөө жөнүндө чечим, аны токтотуу же жокко
чыгаруу жөнөтүүчү тарабынан сот иретинде даттанылса болот.
9. Тийиштүү уруксатсыз юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштурууга
байланышкан ишаракеттер менен алектенүүгө тыюу салынат. Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштуруу менен
мыйзамсыз алектенишкен юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.
IV. Эмгекчи-мигранттын укуктары
жана милдеттери
1. Талапкер төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жөнөтүүчүдөн көрсөтүлгөн кызматтар үчүн тарифтер жөнүндө маалы-
мат талап кылууга;
- четөлкөлүк жумуш берүүчү менен эмгектик келишим түзүүгө;
- кабыл алуучу тараптын жүргөн жери, иштин мүнөзү, эмгекти коргоо,
пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу, турак-жай шарттары, ошондой
эле диний жана улуттук каада-салттары жана башка шарттары жөнүндө маа-
лыматтарды алууга;
- ушул Жобонун шарттары менен таанышууга;
- жөнөтүүчүгө Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары легалдуу жу-
мушка орношуу үчүн зарыл документтерди берүүгө.
2. Эмгекчи-мигрант өз эмгектик ишмердүүлүгүн Мамкомитет менен
жөнөтүүчүнүн макулдашылган жеке эмгектик келишиминин негизинде жүзөгө
ашырат.
V. Мамкомитетин укуктары
жана милдеттери
1. Четөлкөдө эмгектик ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын
жарандарына жагымдуу шарт түзүү, ошондой эле аларды укуктук жана соци-
алдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында Мамкомитет жөнөтүүчүнүн
ишмердүүлүгүнө координациялоону жана контролдоону жүргүзөт.
2. Мамкомитет берилген, катталган, токтотулган же жокко чыгарылган
уруксаттардын, ошондой эле жөнөтүүчү менен четөлкөлүк жумуш берүүчү жа-
на эмгекчи-мигрант менен жумуш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим-
дердин күбөлөндүрүлгөн нускаларынын реестрин жүргүзөт.
3. Мамкомитеттин талабы боюнча жөнөтүүчү зарыл маалыматтарды жана
документтерди берүүгө милдеттүү.
4. Уруксаты жок Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жумушка
орноштурууга байланышкан иштерди жүргүзүүдө аталган иш-аракеттердин
түрүнөн жөнөтүүчү алган кирешелер сот тартибинде Мамкомитеттин доосу
боюнча өндүрүлөт жана мамлекеттин бюджетине жөнөтүлөт.
5. Мамкомитет четөлкөдө эмгектик иштерди жүзөгө ашырган Кыргыз
Республикасынын эмгек-мигранттарынын маалыматтар базасын түзөт жана
жањылатат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2019 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 " Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө…Постановление · 08.09.2006 · № 639 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген…Распоряжение · 26.02.2013 · № 57-р
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон