Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулукка мүчө-мамлекеттердин рынокторунда продукциялардын жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 8-сентябры № 644
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 19-майында Минск шаарында
кол коюлган Евразиялык экономикалык
коомчулукка мүчө-мамлекеттердин
рынокторунда продукциялардын
жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү
белгисин колдонуу жөнүндө
Макулдашууну бекитүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим-
дери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-жылы 19-майда Минск шаарында кол коюлган Евразиялык эконо-
микалык коомчулукка мүчө-мамлекеттердин рынокторунда продукциялардын
жүгүртүлүшүнүн бирдиктүү белгисин колдонуу жөнүндө тиркелген Макулдашуу
бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуу
күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Респуб-
ликасы аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интег-
рациялык комитетине кабарласын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.