# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 " Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 " Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 639
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11691/edition/943563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №639 " Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (16.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57770

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 8-сентябры № 639

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк

жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын

эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби

жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын

жарандарын четөлкөлөрдө жумушка

орноштуруу боюнча иштерди

жүзөгө ашыруу тартиби

жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу

Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана Кыргыз Республикасынын жаран-

дарын четөлкөдө жумушка орноштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамле-

кеттик саясатын жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары-

на бош жумуш орундарын ээлөөдө артыкчылыктуу укуктарды камсыз кылуу жа-

на "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ат-

каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жа-

рандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө

жобо;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө жумушка орношту-

руу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №

631 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк граждандардын жана

граждандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жүргүзүү тартиби жөнүндө

Жобону, Кыргыз Республикасынын граждандарын анын чегинен тышкары жумуш-

ка орноштуруу иштерин жүргүзүп жатышкан жеке адамдардын жана юридикалык

жатардын иштөө тартиби жөнүндө Жобону жана жумушка тартылган чет

өлкөлүк жумушчуларды жана Кыргыз Республикасынын мигрант-эмгекчилерин

туруктуу жашап жаткан өлкөсүнө кайра жиберүү үчүн кепилдүү төгүмдөрдү

төлөө эрежелеринин шарттарын жана өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-октябрындагы №

417 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк граждандардын жана

граждандыгы жок адамдардын ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо-

ну, Кыргыз Республикасынын граждандарын анын чегинен тышкары жумушка

орноштуруу иштерин жүргүзүп жатышкан жеке адамдардын жана юридикалык

жактардын иштөө тартиби жөнүндө Жобону жана жумушка тартылган чет

өлкөлүк жумушчуларды жана Кыргыз Республикасынын мигрант-эмгекчилерин

туруктуу жашап жаткан өлкөсүнө кайра жиберүү үчүн кепилдүү төгүмдөрдү

төлөө эрежелерин, шарттарын жана өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу" токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-

кеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жыл сайын

четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жалпысынан жана кесип топтору боюнча

квотаны белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
