# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 595 "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 595 "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11689/edition/1290783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 595 "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57767

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 22-августу № 595

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Заманбап биотехнологияны колдонуунун натыйжасы болгон жана биоло- гиялык түрлөрдүн сакталышына жана туруктуу пайдаланылышына терс таасир тийгизүүгө жөндөмдүү өзгөртүлгөн тирүү организмдерди иштетүүдө, ташуу- да, пайдаланууда жана чыгарууда тийиштүү коргоону камсыздоо жана кооп- суздук чараларын көрүү, адамдын ден соолугуна мүмкүн болгон таасир этүү тобокелдерин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учур- да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
