Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каражаттарды капиталдаштыруу тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-августундагы № 629
токтому менен бекитилген
Каражаттарды капиталдаштыруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз
Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик
пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип
чыкты жана төмөнкүлөрдү төлөөгө каражаттарды капиталдаштыруунун тарти-
бин аныктайт:
- жењилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга
укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары-
нын жана зыяндуу жана оор шарттагы жумуштардын көрсөткүчтөрүнүн № 2
тизмеси боюнча пенсияларды, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн кызматкер-
леринин пенсияга чыгуусун;
- юридикалык жактар жоюлганда жана өзгөртүлүп түзүлгөн учурларда
жана жеке ишкерлер иш жүргүзүүсүн токтоткондо, кесиптик оорууларга же
денсоолугуна башка зыян келтиргенде жана эмгектик мертинүү боюнча ордун
жабууга суммаларды.
1.2. Бул Жобо, жумушчулар менен эмгек мамиледе турган (мындан ары
иш берүүчү) физикалык жактарга, уюштуруу-укуктук формасына жана менчи-
гинин формасына карабастан бардык юридикалык жактар үчүн милдеттүү.
1.3. Ушул Жободо каралган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби
банкрот катары эсептелген юридикалык жактарга (төлөөгө мүмкүнчүлүксүз
карызкорго) жана банктардан тышкары банкрот болгон (жарыяланган) жеке
ишкерлерге дагы тарайт.
1.4. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
юридикалык жакты жоюу (иш берүүчүнү) - юридикалык жактын укуктары
жана милдеттери (мураскорлугу) башка жакка өтпөстөн ишкердүүлүгүнүн
токтошу;
юридикалык жакты өзгөртүп түзүү (иш берүүчүнү) - өзгөрүшү (кошуу,
бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра өзгөртүү);
капиталдаштыруу - ишкананын, уюмдун, жер участогунун, баалуу ка-
газдардын жана башка мүлктүн күтүлгөн кирешенин суммасынын эсеби аркы-
луу жана аны божомол колдонуунун бардык убакытка алынуучу наркынын баа-
сы;
№ 2 тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлун-
дагы № 298 "Жењилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү
өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтык орундардын жана
көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген
жењилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга укук
берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтык орундардын
жана көрсөткүчтөрдүн тизмеси;
эмгектик мертинүү боюнча ордун жабуу суммасына жана жењилдетилген
пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү өндүрүштүн, иштин, кесиптин,
кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча жана текстиль
өндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсия төлөп берүү каражаттарын капиталдаш-
тыруу - № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пен-
сия дайындоо үчүн багытталган акча каражаттарды жана эмгектик мертинүү
боюнча компенсациялардын суммасын белгиленген мыйзам тартибинде Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондуна которулуучу акча каражаттары;
эмгектен мертинүү - кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууга бай-
ланышкан же ден-соолугунун башка жабыр тартуусуна алып келген мертинүү;
кесиптик оору - зыяндуу өндүрүштүк чөйрөнүн жагымсыз шарттарынан
келип чыккан жана ошонун натыйжасынан убактылуу же туруктуу кесиптик
эмгек мүмкүнчүлүгүн жоготкон камсыздандырылган адамдын өнөкөт же курч
мүнөздө кармаган оорусу;
зыяндын ордун толтуруу - жабырлануучуга акчалай сумманы (же анын
тиешелүү бөлүгүн) кесиптик эмгек мүмкүнчүлүгүн жоготкон даражасына бай-
ланыштуу төлөп берүү; кошумча чыгымдарды компенсациялоо; бир жолку
жөлөкпулдарды белгиленген учурларда төлөп берүү;
эмгектен мертингендиги боюнча компенсация - эмгек милдеттерин ат-
карууга байланышкан мертинүүгө, кесиптик ооруларга же башка денсоолук-
тун жабыркашына учураган зыяндардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
иш берүүчү - жумушчулар менен эмгек мамилесине кирген физикалык же
юридикалык жак (уюм). Мыйзамдар менен бекитилген учурларда иш берүүчү
катары бөлөк субъект чыга алат, бөлүнгөн укуктарга эмгек келишимин түзө
алат;
жумушчу - иш берүүчү менен эмгек мамилеге кирген физикалык жак;
индекстөө - кирешелерди, суммаларды же төлөмдөрдү автоматтык оњдоо
(көбөйтүү);
өкүлчүлүк органдары (жактары) - эмгектик мертинүү боюнча ордун жа-
буу суммасын жана жењилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү
өндүрүштүн, иштин, кесиптин, кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн N 2 тизмеси
боюнча пенсияларды төлөп берүү каражаттарын капиталдаштырууну жүргүзүү-
гө жана юридикалык жактарды жоюуга жооптуу иш берүүчү, жоюу комиссиясы,
жоюучу, убактылуу администратор, атайын администратор.
II. Каражаттарды капиталдаштыруу
тартиби
2.1. Иш берүүчүнү (кошуу, бириктирүү, жиктөө, бөлүү, кайра
өзгөртүү) мураскору менен (же мураскордуктун бөлүгүн) өзгөртүп куруу
учурларында пенсияны N 2 тизме боюнча дайындоо жана төлөп берүү жумуш-
чунун жалпы белгиленген жашына жана тиешелүү эмгек стажына жеткенче та-
ризделген тартипте мураскор тарабынан жүргүзүлөт.
2.2. Иш берүүчүнү мураскору менен (же мураскордуктун бөлүгүн)
өзгөртүп куруу учурларында эмгек майыптыгы боюнча пенсияны дайындоо жа-
на төлөп берүү компенсациясы мураскор тарабынан белгиленген тартипте
жүргүзүлөт.
Активдерди мураскорго өткөрүп берүү актысында, фамилиялык тизме
боюнча жумушчунун эмгек мамиледе тургандыгын же мурда тургандыгын иш
стажысын көрсөтүү менен N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүндө ка-
тар беш жылдык эмгек акысы менен 1996-жылга чейин нагыз иштеген убакыты
жана кийинки жылдарда иштегендеги эмгек акылары жана иштегени жөнүндө
маалыматтар жана эмгектик мертингендиги боюнча төлөмдөрдү алуучу жак-
тардын тизмеси жана бир айлык өлчөмү көрсөтүлөт.
Укук мураскорлуу юридикалык жакты өзгөртүп куруу учурунда:
- N 2 тизме боюнча эмгек стажысын толук иштеп толтурган кызматкер-
лерге, ошондой эле текстиль өндүрүшүндө 2.7-подпунктка ылайык жењилде-
тилген жана жалпы стажысын, аты-жөнүн көрсөтүү менен активдерди берүү
боюнча актынын көчүрмөсү берилет жана ушул иш берүүчүдө N 2 тизме боюн-
ча иштеген стажысын өзүнчө көрсөтүү менен дагы берилет. Ушул көчүрмөгө
кызматкердин беш жыл катары менен эмгек акысы жөнүндө маалымат (кызмат-
кердин тандоосу менен) же 1996-жылга чейин накта иштеген жылдары үчүн
жана кийинки жылдардагы иштегени үчүн эмгек акысы жөнүндөгү өзгөртүп
курган күнгө чейинки маалыматтар тиркелет.
- эмгектик мертинүү боюнча төлөмдөрдү алган жактарга - алуучулар-
дын аты-жөнү жана ушул төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмү көрсөтүлгөн актив-
дерди берүү актысынын көчүрмөсү берилет.
2.3. Юридикалык жак жоюлган учурда денсоолугуна башка зыян келтир-
ген же кесиптик оорууларга, эмгектик мертинүү боюнча ордун жабуу сумма-
сын жана N 2 тизме боюнча пенсия төлөп берүү каражаттарын капиталдашты-
руу боюнча милдеттенмени Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында
көрсөтүлгөн тартипте өкүлчүлүк органдары (жактары) көтөрөт.
2.4. Жекече ишкердин, физикалык жактын ишкердүүлүгү токтогон учур-
да эмгектен мертингендиги боюнча жабыр тарткан адамдарга төлөөлөрдү жа-
на N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсия
төлөп берүү каражаттарын капиталдаштыруу жеке ишкер, физикалык жак та-
рабынан жүргүзүлөт.
2.5. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок карызкорду (юридикалык жакты) банк-
рот катары тааныган (жарыялаган) учурда N 2 тизме боюнча пенсияны төлөө
каражаттарын капиталдаштырууну жана эмгектен мертингени боюнча
төлөмдөрдү ушул Жобонун нормаларына ылайык өкүлчүлүк органдары (жакта-
ры) жүргүзөт.
2.6. Юридикалык жак жоюлган учурда уюмдаштыруучу (катышуучулар) же
юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан дайын-
далган өкүлчүлүк органдары (жактары), милдеттүү түрдө N 2 тизме боюнча,
мындан дагы текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсиясын төлөп бе-
рүүнү жана эмгек майыптыгы боюнча төлөө каражаттарын капиталдаштырат
жана пенсияларды жана башка төлөмдөрдү дайындоо жана төлөп берүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өткөрүп берет.
Эгерде жоюлган юридикалык жактардын укугу жана милдети мураскор-
дукка өтпөсө, анда алар капиталдаштырууга жана зыяндардын ордун жабуу
үчүн төлөмдөрдүн суммасын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кир-
гизүүгө милдеттүү.
Капиталдаштырылган сумманы эсептөө өкүлчүлүк органдары (жактары)
жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү менен бирдикте
түзүлөт.
Жабыр тарткан жактарга төлөнүүчү суммалар Кыргыз Республикасынын
Эмгек кодексине ылайык майыптыгы боюнча дайындалган пенсиянын
өлчөмүнөн, эмгектен мертингенине байланыштуу багуучусунан ажырагандыгы
боюнча, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна суммаларды төлөп берүү
боюнча жана денсоолугун чыњдоого кеткен чыгымдардан түзүлөт.
Чыгымдарды эсептегенде:
- санаторий-курорттук дарыланууда Кыргыз Республикасынын Эмгек жа-
на социалдык жактан коргоо министрлиги жыл сайын бекиткен жолдомонун
орточо баасы эсептелинет;
- профилактикалык дарыланууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлиги бекиткен дарылардын чыгымдарынын нормаларына ылайык
эсептелинет.
Жоюу отчету Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү тара-
бынан жоюлуп жаткан юридикалык жак менен жеке ишкердин капиталдаштырыл-
ган сумманы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна толук которгондон
же капиталдаштырылган сумманын жетпеген суммасын кошумча актыга
көргөзгөндөн кийин бекитет.
Банкрот катары таанылган юридикалык жактын каражаттары кредитор-
лордун талаптарын аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда жыйынтыктоочу отчет
сот аркылуу же кредиторлордун жыйналышы менен бекитилет да Социалдык
фондуга өткөрүлүп берилет.
Эгерде иш берүүчүнү жоюу учурунда зыяндын ордун толтуруу
төлөмдөрүн капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө
доомат Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилет.
2.7. Жекече ишкердин, физикалык жактын, ишкердүүлүгү кыскарган
учурда капиталдаштыруу каражаттарын бул Жободогу 2.8-2.12-подпунктта-
рында көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
жүргүзөт.
2.8. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна каражаттарды капи-
талдаштыруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
а) өкүлчүлүк органдар (жактар) өзү катталган жери боюнча ишкананы
жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө жазуу
жүзүндө билдирет;
б) өкүлчүлүк органдар (жактар) Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун бөлүмүнө төмөнкү маалыматтарды берет:
- жумушчунун эмгек мамиледе тургандыгын же мурда тургандыгын жалпы
эмгек стажысын (камсыздандыруу стажысын) көрсөтүү менен N 2 тизме боюн-
ча, мындан дагы текстиль өндүрүшүндөгү эмгек стажын, анын ичинде конк-
реттүү ишкананын жана уюмдун (иш берүүчүнүн) жана жумушчунун каалоосу
боюнча катары менен каалаган беш жылда иштеген эмгек акысы же 1996-жыл-
га чейин накта иштеген убакыты (жоюу күнүнө чейинки) жөнүндөгү маалы-
маттарды;
- N 2 тизме боюнча пенсия алуучулар, ошондой эле текстиль
өндүрүшүндөгү жана алардын бир айлык орточо өлчөмү жөнүндө;
- эмгектен мертингени боюнча төлөмдөрдү алган жактар жөнүндө (бул
төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмүн көрсөтүү менен);
в) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бөлүмү келип түшкөн маа-
лыматтардын негизинде шарттуу пенсиянын эсебин иш берүүчү жоюлган күнгө
карата иштелген жењилдик стажысы: аялдар үчүн - 3 жана андан көп жыл;
эркектер үчүн - 4 жана андан көп жыл; текстиль өндүрүшүнүн жумушчулары
үчүн - 6 жана андан көп жыл үчүн эсепти жүргүзөт. Ушуну менен бирге иш
берүүчүдө иштеген жењилдик стажы жана капиталдаштырылганга пенсиянын
жалпы суммасын эске алып шарттуу пенсиянын бир айлык орточо суммасы
аныкталып, жењилдетилген пенсия дайындалганда эске алынат жана жалпы
бекитилген пенсиялык жашка чыкканга чейин алат, ошондой эле, эмгектен
мертингендиги боюнча жалпы сумманын төлөмдөрүн аныктайт;
Төмөнкү суммалар капиталдаштырууга жатпайт:
- юридикалык жактар жоюлган күнгө карата пенсионерлердин жашы бо-
юнча алган пенсиясы, майыптыгы боюнча жана кесиптик ооруга же эмгектен
мертингенге байланышпаган башка себептерден багуучусунан ажыраган учур-
дагы пенсиясы;
- жалпы белгиленген пенсия жашына жетип, майыптыгы боюнча пенсия
алган пенсионерлердин пенсиясы;
- эмгектен мертингени боюнча зыяндын ордун толтуруу боюнча
төлөмдөрдү алган пенсионерлердин жоюлган күнгө карата республикадагы
жашоонун орточо узактыгына жашы жеткенде;
- пенсиянын камсыздандырылган экинчи бөлүгү (СП2);
г) өкүлчүлүк органдар (жактар) Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте ар бир алуучу боюнча
төмөнкүлөрдү аныктайт:
- N 2 тизме боюнча пенсиянын, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн
кызматкерлеринин пенсиясынын өлчөмүн - жалпы белгиленген пенсия жашына
жеткенге чейин алына турган капиталдаштырылуучу пенсиянын жалпы сумма-
сын;
- эмгектен мертинүү боюнча төлөмдөрдүн өлчөмүн - капиталдаштыруу
болгондон кийин алына турган капиталдаштырылган жалпы сумманы.
Актынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бөлүмүнө төмөнкү документтер менен чогуу берилет: эмгек стажын жана N 2
тизме боюнча жењилдетилген эмгек стажын, ошондой эле текстиль
өндүрүшүндө иштеген жумушчунун өз каалоосу боюнча катары менен каалаган
беш жылда иштеген эмгек акысы (кызматкердин тандоосу боюнча) же
1996-жылга чейин накта иштеген убакыты жөнүндөгү маалыматтарды жоюлган
күнгө чейинкиси; N 2 тизме боюнча пенсия алуучулар, ошондой эле текс-
тиль өндүрүшүндө иштеп пенсия алуучулар жана пенсия кайсы айга чейин
төлөнгөнүн бекемдеген документтер жана пенсия документтери (делосу)
тиркелген бул пенсиялардын бир айлык орточо өлчөмдөрү жөнүндөгү; эмгек-
тик мертинүү боюнча төлөмдөрдү алган адамдар жөнүндөгү алардын бир ай-
лык өлчөмүн көрсөткөн документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен жана ушул
төлөмдөрдү төлөөгө негизин бекемдеген (актылар, компетенттүү органдар-
дын эмгектен мертингенин же кесиптик ооруга чалдыкканын бекемдөө
жөнүндө, майыптыгынын тобун аныктаган МСЭКтин корутундусун жана кесип-
тик эмгекке жарамдуулугун жоготконунун пайызын, эмгекке мертинген күнгө
орточо бир айлык эмгек акысы жөнүндө маалыматтар жана башка ушул
төлөмдөрдү алганга укугун бекемдеген документтер) маалыматтар, эмгекке
мертингени боюнча зыяндын ордуна берилүүчү сумманын кайсы айга чейин
төлөнгөнү жөнүндөгү маалымкат;
д) жыйынтыктоонун эсеби акт боюнча таризделет жана буга өкүлчүлүк
органдар (жактар) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлү
тарабынан кол коюлат. Актынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Социал-
дык фондунун бөлүмүнө башка документтер менен чогуу өткөрүлүп берилет
(N 2 тизме боюнча иштелген стажын көрсөтүү менен иш берүүчүдөн маалымат
жана беш жыл катар иштеген эмгек акысы же накта иштеген убактысы
жөнүндө маалымат, шарттуу пенсиянын айлык өлчөмү жана эмгектен мертин-
гендиги боюнча айлык өлчөмүн көрсөтүү менен бул төлөмдөрдү алуучулардын
тизмеси);
е) көрсөтүлгөн актыдагы капиталдаштырылган сумманы төлөө (же сум-
манын бөлүгү, эгерде карыз болгон адамдын активдери толук болбосо) иш
берүүчүгө же жоюучуга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
көрсөтүлгөн өкүлү тарабынан акчалай каражаттарды банктык эсебине кото-
руу жолу менен жүргүзүлөт, же банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген
тартипте активдерди өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.
N 2 тизме боюнча, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн жана эмгектен
мертинген кызматкерлерге пенсия төлөөгө капиталдаштырылган сумманы бир
жолу төлөп берүүгө болбойт.
2.9. Төлөмдөрдүн тиешелүү суммасы иш берүүчүнүн мүмкүнчүлүгүнөн
ашып кеткен учурларда (анын активдерин эске алуу менен), жетпеген жана
тийиштүү капиталдаштыруу суммасы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
тараптан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржылоо министрлигине
тиешелүү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун билдирүүсү боюнча, бир мөөнөттүү же жыл боюнча мам-
лекеттик бюджеттин каражатынан ордун жабат.
2.10. Капиталдаштыруучу сумманын эсептөө шарты жана тартиби N 1
тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
2.11. Өкүлчүлүк органдар (жактар) N 2 тизме боюнча, ошондой эле
текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсия төлөп берүүгө каражаттарды
жана башка денсоолугу зыянга учураганда ордуна берилүүчү суммаларды ка-
питалдаштыруу алдында иш берүүчү жоюлган күнгө чейинки өткөн мезгилдер
аралыгындагы карыздарды жана эмгектен мертингени боюнча карыздарды
төлөп берүүгө милдеттүү.
2.12. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок карызкорду банкрот катары тааныган
(жарыялаган) учурда, капиталдаштыруу суммасы (сумманын бөлүгү) атайын
администратор (жоюучу) Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (төлөөгө ку-
дуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык биринчи кезекте
кредиторлорго төлөмдөрдү жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондуна которулат.
III. Жоопкерчилик
3.1. Бекитилген тартипти, эмгектен мертингендиги боюнча жана N 2
тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине каражаттарды ка-
питалдаштыруу мөөнөтүн сактоо жоопкерчилигин өкүлчүлүк органдар (жак-
тар) көтөрөт.
3.2. Бекитилген тартипти, эмгектен мертингендиги боюнча жана N 2
тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине каражаттарды ка-
питалдаштыруу мөөнөтүн сактоо жоопкерчилигин, Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондусуна документтерди туура толтуруу жана берүүнү өкүлчүлүк
органдар (жактар) көтөрөт.
3.3. N 2 тизме боюнча жоюлуучу иш берүүчү тарабынан жењилдетилген
пенсия дайындалган кызматкерлердин кесиптеринин дал келишин Кыргыз Рес-
публикасынын Социалдык фондунун органдары текшеришет.
Өкүлчүлүк органдар (жактар) тарабынан N 2 тизме боюнча жењилдетил-
ген стажын иштеп бүткөндөрдү же N 2 тизме боюнча пенсия алуучу, эмгек-
тен мертингени боюнча жоюлуучу иш берүүчүдөн төлөмдөрдү алуучу жактарды
көргөзбөгөн учурларда (же документтерди толук көлөмдө бербегенде), жый-
ынтыгында керектүү каражаттар капиталдаштырылбаган учурда, мунун жооп-
керчилигин иш берүүчү, жоюучу комиссия (жоюучу), атайын администратор
көтөрөт.
Эгерде, жоюу процесси бүтө электе такталып чыккан учурлар боюнча
сумманы капиталдаштыруунун эсеби кошумча акт боюнча жүргүзүлөт жана
ушул Жобонун 2.8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-
дусуна өткөрүлөт, мындан кийин каражаттарды кошумча капиталдаштыруу
жүргүзүлөт.
Эмгектен мертингени боюнча төлөмдөрдү алганга укуктуу жактарды,
бирок алар капиталдаштыруу жүргүзүлбөгөнүнөн жана эмгектен мертингени
боюнча төлөмдөргө каралган каражаттардын которулбаганынын жыйынтыгында
төлөмдөрдү албаган жактар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бөлүмүнө керектүү документтер менен төлөө маселесин чечүү үчүн кайрылы-
шат.
3.4. Өкүлчүлүк органдар (жактар) жана Кыргыз Республикасынын Соци-
алдык фонду аралык пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда капитал-
даштыруучу сумманы киргизүүнүн мөөнөтү же өлчөмү боюнча маселелер сот
белгилеген тартипте чечилет.
3.5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү Кыргыз
Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
жөнүндө" Мыйзамына ылайык керектүү стажды иштеп бүтүргөн жана укуктуу
жактарга N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине
жењилдетилген пенсияны дайындайт.
Эгерде жетпей жаткан жењилдетилген стажы бир нече иш берүүчүдө иш-
телген учурда, пенсиянын бөлүгү жењилдетилген стажынын көпчүлүк бөлүгүн
иштеген иш берүүчү тарабынан дайындалат жана төлөп берилет (жоюлган иш
берүүчүдөн башкасы).
Мында пенсиянын бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бөлүмү төлөп берет (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна капитал-
даштырылган шарттуу пенсиянын өлчөмүндө), ал эми пенсиянын калган
бөлүгүн кызматкер иштөөсүн уланткан жана жењилдетилген стажын иштеп
бүтүргөн иш берүүчү тарабынан төлөнөт. Иш берүүчү пенсияны алар жалпы
бекитилген пенсия жашына толгонго чейин төлөшөт.
Эгерде, жетпеген жењилдетилген стажы бир нече иш берүүчүдө бирдей
бөлүктө иштелген учурда, анда пенсиянын бөлүктөрү дагы иш берүүчүлөр
тарабынан бирдей дайындалат жана төлөнүп берилет, ал эми башка бөлүгү
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү тарабынан төлөнөт.
Эгерде, жоюлуп жаткан иш берүүчүнүн кызматкери керектүү жењилде-
тилген стажын иштеп бүтпөгөн учурда, анын шарттуу пенсиясынын өлчөмүн
иштеген стажына пенсиянын өлчөмүн барабар кылып төмөнкү тартипте эсеп-
телинет:
12 жыл 6 ай эркектер үчүн - пенсиянын 100% өлчөмүндө;
иштелген стажы - X;
X = иштелген стажы х 100 : 12 жыл 6 ай.
10 жыл аялдар үчүн - 100%;
иштелген стажы - X;
X = иштелген стажы х 100 : 10 жыл,
мында X - анын пенсиясына пайыздык катыштагы шарттуу пенсиянын
өлчөмү, 12 жыл 6 ай жана 10 жыл - 100 пайыздык өлчөмдө пенсияга укук
берүүчү мыйзам боюнча керектүү жењилдетилген иш стажы.
3.6. N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине
пенсияны төлөөгө жана зыяндын ордун толтурууга капиталдаштырылган сум-
малар индекстөөгө тийиштүү. Индекстөөнү Кыргыз Республикасынын Социал-
дык фонду Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык кам-
сыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
3.7. Капиталдаштырылган суммаларды индекстөөнүн механизми Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык
фонду тарабынан иштелип чыгат.
IV. Эсеп-кысап жана көзөмөлдөө
4.1. Актыдагы көрсөтүлгөн сумма өкүлчүлүк органдар (жактар) тара-
бынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банк эсебине которулат
жана ошондон кийин гана жоюу отчету бекитилет.
4.2. Иш берүүчүнү жойгонго чейин капиталдаштырылган сумманын бар-
дыгын же бөлүгүн которгон учурларда, актыга тиешелүү жазуулар
жүргүзүлөт.
4.3. Бардык капиталдаштыруу суммалары жоюу процедурасы бүткөнгө
чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат.
Эгерде иш берүүчүнүн каражаттары жетишпеген учурда, капиталдашты-
рылган сумма жоюлган убакыттан тартып үч айдын ичинде которулат, бирок
иш берүүчүнүн мүлкүн сатып баштагандан баштап бир айдан кем эмес уба-
кытта.
4.4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда зыяндардын ордун
жабуу боюнча төлөмдөрдү алуучуларга жана капиталдаштырылган суммага
өзүнчө эсеп жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду N 2 тизме боюнча жана текс-
тиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсиясына жана эмгектен мертингени
боюнча төлөмдөргө өз убагында индекстөөнү жүргүзүү үчүн кошумча кара-
жаттарды алуу максатында капиталдаштырылган каражаттардын бош бөлүгүн
кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, же Кыргыз Республикасынын
баалуу кагаздары менен иш жүргүзөт.
4.5. Эмгекке жарамдуулугунун ордун жабуу пайызы боюнча сумманы
төлөө жана жабыр тарткан адамдарга денсоолугун чыњдоого кеткен чыгымдар
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ай сайын Кыргыз Рес-
публикасынын Социалдык фонду кызматынын буйругунун негизинде ведомост-
тор боюнча байланыш бөлүмдөрү же банктар аркылуу жүргүзүлөт.
4.6. Баардык эсептик-жыйынтыктоочу документтер бухгалтердик эсеп-
тин тартибин сактоо менен жүргүзүлөт.
4.7. Бул Жобонун негизинде, эмгектен мертингендиги боюнча төлөм-
дөргө тиешелүүлөргө тизмелердин өз убагында толтурулушу, тактыгы жана
капиталдаштыруунун ордун жабуу каражаттарына көзөмөлдүктү Кыргыз Рес-
публикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрүнүн жетекчилери жоюлуп жаткан
жана кайра курулуп жаткан юридикалык жактардын жайгашкан жеринен жүргү-
зөт.
N 1 тиркеме
Капиталдаштырылган сумманын эсебинин шарты жана тартиби төмөнкү
тартип боюнча жүргүзүлөт:
Мисал.
1) Баштапкы маалыматтар:
Иш берүүчүнүн жоюлуу датасы - 2006-жылдын 1-январы
Иш берүүчүдө (өндүрүштүк фабрика) N 2 тизме боюнча 2 адам иштейт:
1. Селиванов С.П., 1948-жылы 1-октябрда туулган, кесиби боюнча
газ-электр ширеткич. Жалпы эмгек стажы 35 жыл, газ-электр ширеткич ка-
тарында 27 жыл жењилдетилген стажы бар. N 2 тизме боюнча (газ-электр
ширеткич болуп) бардык эмгек стажын ушул фабрикада иштеп толтурган.
60 айды камтыган эмгек акы жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматта, анын
каалоосу менен 1976-1980-жылдардагы орточо бир айлык рубль менен эсеп-
телген эмгек акысы сомго индекстештирилгенден кийин 1637 сом 46 тыйынды
түздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгү
маалымат боюнча пенсиясынын камсыздандыруучу экинчи бөлүгү СП2 468 сом
48 тыйынды түзгөн.
Пенсия 2006-жылдын 1-июнунан баштап айына 1125 сом (1125,49)
өлчөмүндө дайындалат, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 293 сом +
пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү 435 сом (1500 сом х 29%) + пен-
сиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 468 сом 48 тыйын.
Мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 1500 сом - эсептөө
көрсөткүчүнүн 15 эсе өлчөмүндө чектелген орточо бир айлык эмгек акы,
29% - N 2 тизме боюнча жењилдетилген пенсия чектеш үчүн жалпы иштеген
стажы, мында ар бир иштеген жылы 1 пайызга тењештирилет. 1996-жылдан
кийинки иштеген жылдары камсыздандыруу взностору боюнча пенсиянын экин-
чи камсыздандыруу бөлүгү 468,4 сомго барабар болуп аныкталат.
Капиталдаштыруу суммалары пенсиянын базалык жана биринчи камсыз-
дандыруу бөлүгүнүн СП1 өлчөмүнөн 2006-жылдын 1-июнунан 2011-жылдын
1-октябрына чейинки убакытка эсептелинет, б.а. 64 ай үчүн.
N 2 тизме боюнча пенсиянын капиталдаштыруу суммасына бардык учур-
ларда, пенсиянын базалык бөлүгүнүн суммасы 293 сом жана биринчи камсыз-
дандыруу бөлүгү СП1 - 435 сом гана киргизилет, ошондо Селивановдун пен-
сиясынын өлчөмү 728 сомду түзөт. Экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 -
468,4 сом өлчөмү капиталдаштыруу суммасына киргизилбейт жана Кыргыз
Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ага жењилдетилген пенсия чек-
телген күндөн тартып төлөнө баштайт.
2. Кузнецова С.В., 1973-жылы 1-июлда туулган, маляр. Жалпы эмгек
стажы 13 жыл 6 ай жана N 2 тизме боюнча (маляр болуп) ушул фабрикада
иштеген стажы 5 жыл. Эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюнча ор-
точо бир айлык эмгек акысы 1566 сом 37 тыйын, 1996-жылдан 2005-жылга
чейин иштегени жана эмгек акысы боюнча берилген маалыматтардан эсептел-
ген пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 247 сомду түздү.
Пенсия 2026-жылдын 1-июлунан баштап айына 915 сом өлчөмүндө дайын-
далат, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 293 сом + пенсиянын биринчи
камсыздандыруу бөлүгү 375 сом (1500 сом х 25%) + пенсиянын экинчи кам-
сыздандыруу бөлүгү СП2 247 сом (бул жерде пенсиянын экинчи камсызданды-
руу бөлүгү эсепке алынган жок, аны ал 53 жашка чыкканга чейин кошумча
иштеп толтурат).
Мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 1500 сом - эсептөө
көрсөткүчүнүн 15 эсе өлчөмүндө чектелген орточо бир айлык эмгек акы,
25% - N 2 тизме боюнча жењилдетилген пенсия чектеш үчүн божомолдошту-
рулган жалпы иштеген стажы, мында ар бир иштеген жылы 1 пайызга тењеш-
тирилет.
Капиталдаштыруу суммасынын бир айлык өлчөмү анын шарттуу пенсиясы-
нын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүнүн 50% түзөт (б.а. 668
сом х 50% = 334 сом). Пенсиянын калган бөлүгү ал жењилдетилген стажды
иштеген иш берүүчү тарабынан кийин дайындалат.
Капиталдаштыруу суммаларынын эсеби ал жалпы бекитилген пенсиялык
жашка жеткенде 2031-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлөт, б.а. 60 айга
(2026-жылдын 1-июлунан 2031-жылдын 1-июлуна чейин).
Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Со-
циалдык фонду тарабынан 2026-жылдын 1-июлунан 2031-жылдын 1-июлуна че-
йин чектелет жана төлөнөт.
2) Эсептөөнүн шарты жана тартиби:
1. Капиталдаштырылган сумманын эсеби N 2 тизме боюнча фабрикада
накта иштелген стажга жана N 2 тизме боюнча пенсияны дайындоо үчүн тие-
шелүү стажга көзкаранды болуп жүргүзүлөт (эркектер үчүн - 12 жыл 6 ай,
аялдар үчүн - 10 жыл). Анда капиталдаштырылган сумма:
- Селиванов үчүн 46592 сомду түзөт (728 сом - пенсиянын өлчөмү х
64 ай (беш жылдагы айдын саны));
- Кузнецова үчүн 20040 сомду түзөт (334 сом - шарттуу пенсиянын
өлчөмү х 60 ай).
Иш берүүчү же жоюучу тарабынан жалпы капиталдаштырылган сумма ке-
лечектеги дайындаган пенсия боюнча 66632 сомду түзөт (46592 сом + 20040
сом).
3) N 2 тизме боюнча мурда дайындалган пенсияны төлөө үчүн капитал-
даштырылган сумманын эсеби:
1. К.Алиев, 1944-жылы 1-мартта туулган - 1999-жылы 1-июлда пенсия
дайындалган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пенсиянын
базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 768 сом (293 + 375 (1250 х
30%) + 100) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү,
375 сом - пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 100 сом бул пен-
сия дайындалгандан кийин пенсиянын жогорулашы. К.Алиевге пенсия
2005-жылдын 31-декабрына чейин төлөнгөн. Жалпы бекитилген жашта (63
жашка чейин же 2006-жылдын 1-ноябрына чейин) пенсияга чыгууга 10 ай
калды. 768 сомдон 10 айга капиталдаштыруу суммасы 7680 сомду түзөт.
2. А.Пащенко, 1945-жылы туулган 2001-жылы 1-майда пенсия дайындал-
ган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пенсиянын базалык
жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 784 сом (293 + 421 (1452 х 29%) +
70) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 421 сом -
пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 70 сом бул пенсия дайын-
далгандан кийин пенсиянын жогорулашы. Жалпы бекитилген жашта (63 жашка
чейин же 2008-жылдын 1-майына чейин) пенсияга чыгууга 28 ай калды. 784
сомдон 28 айга капиталдаштыруу суммасы 21952 сомду түзөт.
3. Г.Осмонова, 1950-жылы 1-сентябрда туулган 2000-жылы 1-сентябрда
пенсия дайындалган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пен-
сиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 763 сом (293 + 420
(1500 х 28%) + 50) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалык
бөлүгү, 420 сом - пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 50 сом
бул пенсия дайындалгандан кийин пенсиянын жогорулашы. Жалпы бекитилген
жашта (58 жашка чейин же 2008-жылдын 1-сентябрына чейин) пенсияга чыгу-
уга 32 ай калды. 763 сомдон 32 айга капиталдаштыруу суммасы 24416 сомду
түзөт.
Капиталдаштырылган сумманын эсеби жоюлган күндөн тартып, же накта
токтогон күндөн тартып жалпы белгиленген пенсиялык жашка жеткенге чейин
бул пенсияларды төлөөлөр иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.
Ошентип, капиталдаштырылган сумма:
1. К.Алиевге - 768 сом х 10 айда = 7680 сомду;
2. А.Пащенкого - 784 сом х 28 айда = 21952 сомду;
3. Г.Осмоновага - 763 сом х 32 айда = 24416 сомду түзөт.
Жалпы капиталдаштырылган сумма мурда дайындалган пенсия боюнча
54048 сомду түзөт (7680 + 21952 + 24416).
4) Фабриканын маалыматы боюнча капиталдаштырылган сумманын жыйын-
тыгы 120680 сомду түзөт (66632 + 54048), булар актыда көрсөтүлөт.
1-таблица. Эмгектен мертингендиги боюнча капиталдаштыруу суммасы-
нын эсеби:
| N | Ф.А.А. | Жашы | Пенсиянын | Ошол күндө алып жаткан | |
| п/ | (жыл) | түрү | капиталдаштырылган сумманын эсеби | ||
| п | --------------------------------- | ||||
| Пенсиянын бир | Зыяндын ордун | ||||
| айлык өлчөмү | толтуруу боюнча | ||||
| (сом) | төлөмдөрдүн бир | ||||
| айлык өлчөмү | |||||
| (сом) | |||||
| а | б | в | г | д | |
| 1 | Беков А. | 47 | майып. | 270 | 325 |
| 2 | Петров А. | 54 | майып. | 310 | 240 |
| 3 | Костин Г. | 53 | майып. | 305 | 280 |
| 4 | Данилова Г. | 64 | карылыгы | - | 250 |
| 5 | Акимов К. | 61 | карылыгы | - | 265 |
| Жыйынтыгы | |||||
| Денсоолугун чыњдоого кеткен | Каражаттарды | Бардыгы капиталдаштырууга | |||
| чыгымдар | төлөгөн | жатат | |||
| --------------------------- | жылдардын саны | (г + д + е + ж) х 12 х з | |||
| Санаторий- | Профилактикалык | (сом) | |||
| курорттук | дарылануу | ||||
| дарылануу | 1200 : 12 (сом) | ||||
| 8550 : 3 : | |||||
| 12 (сом) | |||||
| е | ж | з | и | ||
| 237 | 100 | 17 | 190128 | ||
| 237 | 100 | 10 | 106440 | ||
| 237 | 100 | 11 | 121704 | ||
| 237 | 100 | 8 | 56352 | ||
| 237 | 100 | 3 | 21672 | ||
| 496296 |
Тилке "е" - санаторий-курорттук дарылануунун айлык баасы (1998-жы-
лы жолдомо жана жол акысы 4000 сомду түзгөн, ал эми 2005-жылы алар 8550
сомду түзөт), аларды 3 жылга бөлөбүз (жолдомо 3 жылда 1 жолу берилет)
жана 12 ге (жылдагы айдын числосу) - 8550 : 3 : 12 = 237 сом.
Тилке "ж" - профилактикалык дарылануунун баасы (жылына бир жолу
жүргүзүлөт - дарыларга 1200 сом бөлүнөт), аны ошондой эле 12 айга
бөлөбүз - 1200 : 12 = 100 сом.
Тилке "з" - капиталдаштырылгандан баштап жылдын саны республикада-
гы орточо жашоонун уланышы (2004-жылы статистиканын маалыматтарына ка-
раганда эркектерге 64 жашка чейин, аялдарга 72 жашка чейин).
Иш берүүчүнү жоюу күнүнө карата каражаттарды капиталдаштырууда
пенсионерлердин ошол күнгө карылыгы боюнча, майыптыгы боюнча же башка
себептерден багуучусунан ажырагандыгы боюнча алган пенсиялары эсепке
алынбайт, мында эмгектен мертингени же кесиптик оорудан багуучусунан
ажырагандардан башкасы.
2-таблица. Чоњ адамдардын багуучусунан ажырагандыгы боюнча капи-
талдаштыруу суммасынын эсеби:
| N | Ф.А.А. | Жашы | Пенсиянын | Бир айлык | Зыяндын | Кара- | Капи- |
| п/п | (жыл) | түрү | айлык | ордуна | жаттар | талдаш- | |
| пенсия- | төлөм- | төлөнө | тыры- | ||||
| нын | дөрдү | турган | луучу | ||||
| өлчөмү | алуу | жылдар- | сумма | ||||
| (сом) | боюнча | дын | (сом) | ||||
| бир | саны | ||||||
| айлык | |||||||
| пенсия- | |||||||
| нын | |||||||
| (сом) | |||||||
| а | б | в | г | д | е | ж | |
| 1 | Исаева Г. - | 42 | бала | 220 | 600 | 30 | 216000 |
| бала чагынан | чагынан | ||||||
| майып | майып | ||||||
| 2 | Куклин В. | 62 | карылыгы | 260 | 666,66 | 2 | 16000 |
| боюнча | |||||||
| 3 | Бородина А. | 48 | Багуучусу- | 386,5 | 500 | 24 | 255312 |
| нан | |||||||
| ажыраган- | |||||||
| дыгы | |||||||
| боюнча | |||||||
| Итого | 487312 |
Эскертүү: 1989-жылы ушул фабрикада багуучу-атасы каза болгон учур-
да, анын орточо айлыгы индекстөөнү эсепке алуу менен 2400 сомду түзгөн.
Исаевдердин үй-бүлөсү 4 адамдан турган (каза болгон адам, иштеген аялы,
кызы Исаева Г. - бала чагынан майып жана 24 жаштагы баласы - иштейт).
Зыяндын ордуна төлөмдөрдү алууга бала чагынан майып кызы Исаева Г.
укуктуу жана зыяндын ордуна берилүүчү сумма 600 сомду түзөт (2400 сом :
4 адам). Капиталдаштыруу суммасы 21600 сомду түзөт (600 x 12 x 30). Ага
зыяндын ордуна берилүүчү төлөмдөр өмүрүнүн акырына чейин жүргүзүлөт, ал
эми эсептөө республикадагы орточо жаштын узактыгына чейин жүргүзүлөт.
Пенсионер В.Куклиндин баласы А.Куклин ушул фабрикадан 2005-жылдын
декабрь айында каза болгон. Алардын үйбүлөсү 3 адамдан турат (каза бол-
гон адам, 25 жаштагы иштеген аялы жана карылыгы боюнча пенсиядагы ата-
сы). А.Куклин каза болгон күндөгү орточо айлык эмгек акысы индекстөөнү
эсепке алуу менен 2000 сомду түздү. Зыяндын ордуна берилүүчү төлөмдөрдү
алууга каза болгондун атасы В.Куклин укуктуу. Капиталдаштыруу суммасы
16000 сомду түзөт (666,66 x 12 x 2 = 15999,84).
Ушул фабриканын кызматкери 1950-жылы туулган И.Бородин каза болгон
учурда (15.12.2004-ж.), анын аялы 1953-жылы туулган А.Бородина ай сайын
жалпы оорунун III топтогу майыбы катары майыптыгы боюнча 260 сом пенсия
алуучу. И.Бородин каза болгон күндөгү орточо айлык эмгек акысы ин-
декстөөнү эсепке алуу менен 2000 сомду түздү. Бородиндердин үйбүлөсү 4
адамдан турган (каза болгон адам, III топтогу майып аялы, 23 жана 25
жаштагы иштеген балдары). Күйөөсү каза болгондон кийин А.Бородина багу-
учу-күйөөсүнөн ажырагандыгы боюнча ага пенсия чектеп берүү үчүн кайрыл-
ды.
Эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюнча орточо бир айлык
эмгек акысы 1740,33 сомду түздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегени
жана эмгек акысы жөнүндөгү маалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыз-
дандыруу бөлүгү СП2 241 сомду түздү. Бул сумма же анын бөлүгү
(көрсөтүлгөн мисал үчүн 1\2 бөлүгү) Социалдык фонд тарабынан төлөнөт.
И.Бородиндин пенсиясынын өлчөмү 1014 сомду түздү (293 - 01.01.2006-жылы
кайра эсептөөдөн кийинки пенсиянын базалык бөлүгү + 480 СП1 + 241 СП2).
Багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиянын бир айлык өлчөмү ар бир ба-
гуудагы адамга анын пенсиясынын өлчөмүнүн 50% түзөт, м.а. 507 сомду
(1014 : 2).
Капиталдаштыруу суммасы пенсиянын базалык жана биринчи камсыздан-
дыруу бөлүгүнүн жарымынан аныкталат, м.а. 386,50 сомго (293 + 480 = 773
: 2) 500 сом кошулат (зыяндын ордуна бериле турган сумма катары, анын
каза болгон күнүндөгү эмгек акысынын 1 бөлүгү). Алынган сумма 12 айга
жана 20 жылга көбөйтүлөт (республикадагы жашоонун орточо узактыгына че-
йин).
Г.Исаева менен В.Куклиндин пенсияларынын өлчөмү эсепке кирбейт,
себеби алар майыптыкка жана эмгектен мертингенине байланышпаган пенсия
алышат.
3-таблица. Эмгектен мертингенинен же кесиптик ооруга чалдыккандан
багуучусунан ажырагандыгы боюнча капиталдаштыруу суммасынын эсеби (бал-
дарга):
| N | Аты-жөнү | Жашы | Пенсия | |||
| п | (жыл) | ----------------------------------------------- | ||||
| / | Алуучунун жашына жараша | Төлөмдөрдүн айынын саны | ||||
| п | бир айлык эсеп өлчөмү | |||||
| 16 жашка | 17 жаштан 21 | 16 жашка | 17 жаштан 21 | |||
| чейин бир | жашка чейин | чейин | жашка чейин | |||
| айлык | пенсиянын | (айына) | (айына) | |||
| өлчөмүндө | 1/3 өлчөмүн- | |||||
| (сом) | дө (сом) | |||||
| а | б | в | г | д | е | |
| 1 | Сапаров Б. | 15 | 225,03 | 75,01 | 12 | 60 |
| 2 | Сатарова Ж. | 12 | 225,03 | 75,01 | 48 | 60 |
| 3 | Сапарова А. | 6 | 225,03 | 75,01 | 120 | 60 |
| 4 | Дайыров А. | 13 | 301,65 | 100,55 | 36 | 60 |
| 5 | Фадеев И. | 12 | 258,19 | 86,06 | 48 | 60 |
| 6 | Фадеев С. | 8 | 258,19 | 86,06 | 96 | 60 |
| 7 | Акунов А. | 1 | 304 | 101,33 | 180 | 60 |
| Жыйынтыгы | ||||||
| Зыяндын ордуна төлөмдөр | Капиталдаштырыла | |||||
| ---------------------------------------------------- | турган суммалар | |||||
| Алуучунун жашына жараша | Төлөмдөрдүн айынын саны | (сом) | ||||
| бир айлык эсеп өлчөмү | ||||||
| 18 жашка | 18 жаштан 23 | 18 жашка | 18 жаштан 23 | |||
| чейин бир | жашка чейин | чейин | жашка чейин | |||
| айлык | пенсиянын | (айына) | (айына) | |||
| өлчөмүндө | 1/3 өлчөмүндө | |||||
| (сом) | (сом) | |||||
| ж | з | и | к | л | ||
| 410 | 136,66 | 36 | 60 | 26880,72 | ||
| 410 | 136,66 | 72 | 60 | 49740,50 | ||
| 410 | 136,66 | 144 | 60 | 95463,96 | ||
| 833,33 | 277,77 | 60 | 60 | 83558,4 | ||
| 375 | 125 | 72 | 60 | 52056,74 | ||
| 375 | 125 | 120 | 60 | 82449,84 | ||
| 566,67 | 188,89 | 204 | 60 | 187253,88 | ||
| 577404,02 |
Эскертүү: Сапаровдордун үйбүлөсүндө 2003-жылы фабрикада 1961-жылы
туулган атасы К.Сапаров каза болгон. Анын эмгек акысынын өлчөмү ин-
декстөөнү эске алуу менен 2050 сомду түздү, үйбүлөсүнүн курамы 5 адам-
дан турган (каза болгон адам, ишке жарамдуу аялы жана 3 баласы). Фабри-
каны жоюу күнүнө чейин 3 баласы багуучусунан ажырагандыгы боюнча айына
936,12 сомдон пенсия алышчу, м.а. анын 780,10 сом пенсиясынан 120% . Ар
бир балага айына 312,04 сомдон пенсия жана 410 сомдон зыяндын ордуна
берүү боюнча сумма каралышы керек. Айына 312,04 сом пенсиядан, капитал-
даштырылууга пенсиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгү гана
жатат же ар бир алуучуга айына 225,03 сомдон. Пенсиянын экинчи камсыз-
дандыруу бөлүгүнүн өлчөмү ар бирине 87 сомдон капиталдаштырылбай эле
Социалдык фонд тарабынан төлөнөт.
2004-жылы фабрикадан 35 жаштагы А.Дайыров каза болду, анын каза
болгон күнүнө орточо бир айлык эмгек акысы индекстөөнү эске алуу менен
2500 сомду түздү, үй-бүлөсүнүн курамы 3 адамдан турат (каза болгон
адам, иштеген аялы жана 12 жашар баласы, жоюу күнүнө ал 13 жашка тол-
ду).
1989-1994-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюн-
ча орточо бир айлык эмгек акысы 1477,60 сомду түздү. Пенсиясынын экинчи
камсыздандыруу бөлүгү 292,26 сомду түзгөн, анын 1/2 бөлүгүн Социалдык
фонд пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү катары А.Дайыровдун баласы-
на төлөп берүүдө. 2006-жылдын 1-январынан тартып анын баласынын пенсия-
сынын өлчөмү 796 сомду түзөт (293 - 31.12.2005-жылдан пенсияны кайра
эсептегенден кийинки базалык бөлүгү + 310,3 СП1 + 192,26 СП2). Капитал-
даштыруу суммасы 302 сомдон (603,3 сом (293 + 310,3) : 2) = 301,65
эсептелинет жана зыяндын ордуна төлөнүүчү сумма 833,33 сомду түзөт.
Иш берүүчү, жоюу комиссиясы (жоючу) А.Дайыровдун 1996-2004-жылдар-
дагы иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтан тышкары ал
2005-жылдын 31-декабрына чейин пенсия алганы жана 2006-жылдын 1-январы-
нан тартып пенсиянын базалык бөлүгү жогорулатылганы жөнүндөгү маалымат
берет.
2005-жылы фабрикада 2 адам каза болду:
1958-жылы туулган И.И.Фадеевдин 4 үйбүлө мүчөсүнөн 2 баласы пенси-
яга жана зыяндын ордуна төлөнүүчү суммага укуктуу жана 1967-жылы туул-
ган С.Акуновдун 3 үй-бүлө мүчөсүнөн 1 баласы пенсияга жана зыяндын ор-
дуна төлөнүүчү суммага укуктуу.
И.Фадеевдин каза болгон күнүнө, анын орточо бир айлык эмгек акысы
1500 сомду түзгөн. 1989-1994-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү маалымат
боюнча пенсия эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акысы 1477,6 сомду
түздү. 1996 жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгү
маалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгү 213,48 сомду
түздү. Бул суммадан 90% өлчөмүндө Соцфонд тарабынан балдарына пенсиянын
экинчи камсыздандыруу бөлүгү катары төлөнүлөт.
2006-жылдын 1-январынан И.Фадеевдин пенсиясынын өлчөмү 787,22 сом-
ду түзөт (293-пенсиянын базалык бөлүгү + 280,74 СП1 + 213,48 СП2). Ка-
питалдаштыруу суммасы 516,37 сомдон (573,75 сом (293 + 280,74) х 90%)
жана 750 сомдон айына эки балага зыяндын ордуна төлөнүп берилүүчү сум-
мадан эсептелинет (ар бирине 258,19 сомдон жана 375 сомдон).
1996-2004-жылдардагы эмгек акысы жана иштегени жөнүндөгү маалымат-
тан тышкары, көрсөтүлгөн суммалар 2005-жылдын 31-декабрына чейин алын-
ганы жөнүндө маалымат беришет.
С.Акуновдун каза болгон күнүнө, анын орточо бир айлык эмгек акысы
1700 сомду түзгөн. 1996-2005-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү маалымат
боюнча пенсия эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акысы 1559,6 сомду
түздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгү
маалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгү 198,85 сомду
түздү. Бул суммадан 50% өлчөмүндө Соцфонд тарабынан баласына пенсиянын
экинчи камсыздандыруу бөлүгү катары төлөнүлөт.
2006-жылдын 1-январынан С.Акуновдун пенсиясынын өлчөмү 796 сомду
түзөт (293 - 2006-жылдын 1-январынан пенсияны кайра эсептөөдөн кийинки
пенсиянын базалык бөлүгү + 315 СП1 + 198,85 СП2). Капиталдаштыруу сум-
масы 304 сомдон (608 сом (293 + 315) : 2) жана 566,67 сомдон зыяндын
ордуна төлөнүп берилүүчү суммадан эсептелинет.
1996-2004-жылдардагы эмгек акысы жана иштегени жөнүндөгү маалымат-
тан тышкары, көрсөтүлгөн суммалар 2005-жылдын 31-декабрына чейин алын-
ганы жөнүндө маалымат берилет.
Эмгектен мертингени боюнча капиталдаштырылган сумма 1064716 сомду
түзөт, анын ичинде:
- чоњ адамдарга - 487312 сом;
- багуучусунан ажырагандыгы боюнча балдарга - 577404 сом.
Жоюу актысында көрсөтүлүүгө тийиш жалпы капиталдаштырылган сумма
1681692 сомду (120680 + 496296 + 1064716) түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1996 года № 298 "Об утверждении списков производств, работ, профессий, должностей и показателей, дающих право на льготное пенсионное…Постановление · 01.07.1996 · № 298
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 195 "Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган…Постановление · 06.04.2015 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.08.2006 · № 629 · Күчүн жоготкон