# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы № 591 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы № 591 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57763>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11687/edition/468837/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-августундагы № 591 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө" токтому (06.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57763

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 17-августундагы № 591

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен

камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жөнүндө

Тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоону жана калкты иш менен

камсыз кылууну жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти

тарабынан коюлган артыкчылыктуу милдеттерди чечүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен

камсыз кылуунун улуттук саясатынын" тиркелген программасы жактырылсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана

Ош шаарларынын мэриялары:

- "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз

кылуунун улуттук саясаты" программасын аткаруунун жүрүшү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына квартал сайын

маалымат берип турушсун;

- ар бир жылдын жыйынтыктары боюнча келерки жылга Программанын иш-

чараларын тактоо боюнча сунуштарды киргизишсин.

3. "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз

кылуунун улуттук саясатынын долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-мартындагы № 126 токтому күчүн

жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
