# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 633 "Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 633 "Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11683/edition/326742/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57757.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 633 "Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу" токтому (30.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57757

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-августундагы № 633

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу

"Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин жана "МК Голд Компани"

компаниясынын ортосунда 1996-жылдын 22-октябрында кол коюлган жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 538

токтому менен жактырылган "Жерүй Голд Компани" биргелешкен ишканасынын

иш-аракетин токтотуу жана жоюу жөнүндө макулдашуу боюнча

милдеттенмелерди аткарбагандыгынын маселеси боюнча Стокгольмдагы Соода

Палатасынын Арбитраждык институтунда "Кыргызалтын" ачык акционердик

коомуна каршы арбитраждык териштирүүлөрдү "МК Ресорез Компани" ("МК

Голд Компани" компаниясынын укугун улантуучу) компаннясы

козгогондугуна байланыштуу жана "МК Ресорез Компани" компанияга

төлөөгө тийиш болгон сумманы азайтууну коњүлгө алуу менен жана "Жерүй"

долбоорун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. «Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК Ресорез

Компани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө

келишимдин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун

акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкүдөй маселелерди

карасын:

-"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК Ресорез Компани"

компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүнде келишимдн

жактыруу тууралуу;

-"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын тарагасына

- президентине "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК

Ресорез Компани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу

жөнүндө келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюу, ошондой эле доо-

тапаптарды жөнгө салуу жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн келишимди

аткарууга байланыштуу же зарыл болгон бардык башка документтерге кол

коюу укугун берүү жөнүндө.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
