Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-августундагы № 633
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимди жактыруу тууралуу
"Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин жана "МК Голд Компани"
компаниясынын ортосунда 1996-жылдын 22-октябрында кол коюлган жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 538
токтому менен жактырылган "Жерүй Голд Компани" биргелешкен ишканасынын
иш-аракетин токтотуу жана жоюу жөнүндө макулдашуу боюнча
милдеттенмелерди аткарбагандыгынын маселеси боюнча Стокгольмдагы Соода
Палатасынын Арбитраждык институтунда "Кыргызалтын" ачык акционердик
коомуна каршы арбитраждык териштирүүлөрдү "МК Ресорез Компани" ("МК
Голд Компани" компаниясынын укугун улантуучу) компаннясы
козгогондугуна байланыштуу жана "МК Ресорез Компани" компанияга
төлөөгө тийиш болгон сумманы азайтууну коњүлгө алуу менен жана "Жерүй"
долбоорун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. «Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК Ресорез
Компани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүндө
келишимдин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун
акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкүдөй маселелерди
карасын:
-"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК Ресорез Компани"
компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу жөнүнде келишимдн
жактыруу тууралуу;
-"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын тарагасына
- президентине "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "МК
Ресорез Компани" компаниясынын ортосундагы доо-талаптарды жөнгө салуу
жөнүндө келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюу, ошондой эле доо-
тапаптарды жөнгө салуу жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн келишимди
аткарууга байланыштуу же зарыл болгон бардык башка документтерге кол
коюу укугун берүү жөнүндө.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.