# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 629
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11679/edition/629859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57753

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 195 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 30-августундагы № 629

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 255-статьясын аткаруу мак- сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби

жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги- зилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин

жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эреженин 8.6-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "8.6. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби Каражаттарды капи- талдаштыруунун тартиби жөнүндө жобонун нормаларына ылайык жүргүзүлөт.".

3. "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда

пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жана эмгектик майыптык боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомунун 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

5. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш- кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
