# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 "Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 "Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11678/edition/326736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 "Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57752

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-августундагы № 628

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679

токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 341-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

"6. Геолочалгындоо иштери жана аны менен чогуу иштер;

- геологиялык сүрөткө тартуу жана пайдалуу кендерди издөө;

- пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо (жеткире чалгындоо);

- геофизикалык иштер;

- адистештирилген (тематикалык) геологиялык изилдөөлөр;

- топогеодезиялык жана топомаркшейдердик иштер.

7. Геологиялык тармакта, тоо-кен өнөр жайыкда жана башка өндүрүш

тармактарында тоо-кен өткөөлү, бургулоо жана топомаркшейдердик

иштер.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражатгарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
