Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары тарабынан тракторлорго, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга (автотранспорттон башкасына), алардын чиркегичтерине, ошондой эле технологиялык түзүлүштөргө техникалык кароо жүргүзүүнүн Эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 23-августундагы
N 603 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы
мамлекеттик техникалык инспекция органдары
тарабынан тракторлорго, өзү жүрүүчү
технологиялык машиналарга
(автотранспорттон башкасына),
алардын чиркегичтерине, ошондой эле
технологиялык түзүлүштөргө
техникалык кароо жүргүзүүнүн
ЭРЕЖЕСИ
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Эреже "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 4-октябрындагы N 680 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чар-
ба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик
техникалык инспекция жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республи-
касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине ка-
раштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекция (мындан ары - Башкы мам-
техинспекция) жөнүндө Жобого ылайык иштелип чыккан жана автомототранс-
порттон, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн техникасынан, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция
контролдоочу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүш-
төрдөн башка Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эксплуатациялануу-
чу тракторлорго, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, алардын чирке-
гичтерине жана технологиялык түзүлүштөргө (мындан ары - техника жана
түзүлүштөр) техникалык кароо жүргүзүүнүн бирдей тартибин белгилөөчү
нормативдик укуктук акты болот.
1.2. Бул Эреже Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын
аймаганда техникасы жана түзүлүштөрү бар чет мамлекеттердин бардык юри-
дикалык жактары үчүн алардын ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин
түрүнө карабастан, техниканын ээси болгон жеке адамдар (Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар)
үчүн, ошондой эле техникага менчик ээсинин атынан мыйзамдуу негизде ээ-
лик кылган, пайдаланган же тескеген жактар үчүн милдеттүү.
Бул Эрежеде төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
трактор - дөњгөлөктүү же каз тамандуу, чиркелген же орнотулган ма-
шиналарды же жабдыктарды кыймылга келтирүү, стационардык машиналарды
иштетүү, чиркегичтерди сүйрөө үчүн арналган транспорт каражат;
өзү жүрүүчү технологиялык машина - курулушта, өнөр жайда, токой
чарбада, айыл чарбада жана башка жумуштарда пайдаланууга арналган
транспорт каражаттар, анын ичинде комбайндар, жол куруучу, мелиорация-
лык, жер казуучу жана башка машиналар;
чиркегич - жүктөрдү же ага орнотулган технологиялык жабдууну же
өндүрүштүк жумуштарды аткаруу үчүн арналган түзүлүштөрдү ташууга пайда-
ланылчу, сүйрөгүч менен сүйрөөгө арналган бир, эки же андан ашык октуу
транспорт каражат.
стационар технологиялык түзүлүш - ичтен күйүү кыймылдаткычы бар же
электр менен кыймылга келүүчү, жумуш убагында орун которуштуруу талап
кылынбаган жана жолдордо, жол боюндагы участоктордо, өндүрүштүк жана
айыл чарбалык объектилерде жумуштарды аткарууга арналган түзүлүш.
1.3. Мамлекеттик техникалык кароонун негизги милдеттери
төмөнкүдөй:
- техниканын жана түзүлүштөрдүн конструкциясынын нормативдик укук-
тук актылардын, стандарттардын жана чыгарган заводдордун нускамаларынын
милдеттүү талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө;
- техниканын жана түзүлүштөрдүн техникалык абалы эксплуатациялоо-
нун талаптарына шайкеш келишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нор-
мативдик документтеринде белгиленген талаптарга, Жол кыймылынын эреже-
лерине, чыгарган заводдордун эксплуатациялоо боюнча нускамаларына, аг-
ротехникалык талаптарга жана башка нормативдик документтерге шайкеш ке-
лишин көзөмөлдөө;
- техниканын жана түзүлүштөрдүн санын, эсепке алынышын, алардын
таандыктыгын жана башка каттоо маалыматтарын тактоо;
- техниканы жана түзүлүштөрдү уурдоо, айдап качуу, ажыратып чыга-
рып алуу сыяктуу кылмыштардын жана администрациялык эреже бузуулардын
алдын алуу жана токтотуу.
Техникалык кароодо тракторист-машинисттердин медициналык текшери-
лиши өз убагында болгондугу, тракторист-машинисттин күбөлүгүндө ти-
йиштүү категория берилгени жөнүндө жазуунун болушу контролдонот.
1.4. Мамлекеттик техникалык контролдорду Башкы мамлекеттик техни-
калык инспекциянын органдары жыл сайын 1-февралдан 30-июнга чейин өткө-
рүшөт, айыл чарбада талаа жумуштарына катышкан машиналарды техникалык
кароо ал жумуштардын түрлөрүнүн ар бири башталаарда, бирок 15 күндөн
кеч эмес мурдатан өткөрүлөт. Техниканы жана түзүлүштөрдү техникалык ка-
роону ээсинин арызы боюнча белгиленген мөөнөттөн мурда өткөрүүгө урук-
сат берилет.
1.5. Түйүндөрдөн, агрегаттардан жана тетиктерден куралган, өз ал-
дынча жасалган, кайра жабдылган техниканы жана түзүлүштөрдү техникалык
кароо Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын органдары тарабынан
техникалык кароо боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын мүчөлөрүнөн турган
адистердин милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт.
1.6. Башкы мамлекеттик техникалык инспекция техникалык кароо баш-
талганга чейин жана жүргүзүлүп жаткан мезгилде техниканын ээлерине жал-
пыга маалымдоо каражаттары аркылуу техниканы жана жабдууларды кароого
алып чыгуунун мөөнөтү, шарттары жана тартиби жөнүндө маалымдоого мил-
деттүү.
1.7. Техникалык кароодон өтпөгөн техниканы жана түзүлүштөрдү пай-
далангандык үчүн алардын ээлери жана кызмат адамдары Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
II. Техникалык кароону уюштуруу боюнча иш-чаралар
2.1. Башкы мамтехинспекциянын региондук органдары катталган техни-
канын жана түзүлүштөрдүн техникалык кароосун ээлеринин кызыкчылыктарын
эске алуу менен уюштурушат жана өткөрүшөт. Жыл сайын 1-февралга чейин
ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар-
дын, уюмдардын жана чарбалардын администрациялары менен, ошондой эле
жеке адамдар менен макулдашуу боюнча техниканы жана түзүлүштөрдү техни-
калык кароонун район, шаар боюнча жалпы графигин түзүшөт, анда техника-
лык кароо өткөрүүчү орун, календарлык мөөнөттөрү жана убактысы, ар бир
жылдын ичинде кароодон өтүүгө тийиш болгон машиналардын саны көрсөтү-
лөт.
2.2. Техникалык кароо өткөрүү боюнча жалпы график жана комиссиянын
курамы райондун, шаардын мамлекеттик администрациясы тарабынан бекити-
лет. Жалпы график бекитилгенден кийин ишканалардын администрацияларына
жана башка техниканын жана түзүлүштөрдүн ээлерине техникалык кароону
өткөрүү мөөнөтүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
2.3. Жеке адамдардын техникасына жана түзүлүштөрүнө техникалык ка-
роо Башкы мамтехинспекциянын органдары аныктачу жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары менен макулдашылчу жерлерде жана мөөнөттөрдө
өткөрүлөт.
2.4. Башкы мамтехинспекциянын техникалык кароо жүргүзүүгө байла-
нышкан кызматына акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте аныкталат, техникалык кароо жүргүзгөндүк үчүн
алынган акча каражат республикалык бюджетке түшөт.
III. Техникага жана түзүлүштөргө техникалык кароо
жүргүзүүнүн тартиби
3.1. Техникага жана түзүлүштөргө техникалык кароо алар туруктуу же
убактылуу катталган жерде макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
3.2. Техникалык кароо жүргүзүлчү жер эреже катары, алардын техни-
калык абалын текшерүү үчүн керектүү шарттары бар, зарыл диагностикалык
жабдуулар, контролдук-өлчөөчү приборлор, аспаптар менен жабдылган инже-
нердик-техникалык комплекс болот.
Техникага жана түзүлүштөргө техникалык кароону Башкы мамтехинспек-
циянын атайын автотранспорт каражаттарына орнотулган диагностикалык
жабдуунун жардамы менен жүргүзүүгө болот.
3.3. Башкы мамтехинспекция органдары министрликтер, ведомстволор,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча адис-
терди техниканы жана түзүлүштөрдү эксплуатациялоонун эрежелери сакталы-
шын текшерүү үчүн техникалык кароо өткөрүүгө тарта алышат.
3.4. Балансында тракторлордун жана өзү жүрүүчү технологиялык маши-
налардын шассисиндеги крандар, гидрокөтөргүчтөр, жүктөгүчтөр жана башка
жүк көтөрүүчү механизмдери, ошондой эле опурталдуу жүктөрдү ташуучу
техникасы бар юридикалык жактар жана жеке адамдар техникалык кароо өт-
көрүлөрдүн алдында жабдууларын Башкы мамтехинспекциянын органдарында
текшертип, тракторлордун жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын
шассисине орнотулган механизмдердин андан аркы пайдаланууга жарактуулу-
гу жөнүндө справка алууга, ошондон кийин аларды техникалык кароого чы-
гарууга милдеттүү.
3.5. Башкы мамтехинспекция техникага жана түзүлүштөргө техникалык
кароону алардын менчик ээси төмөнкүлөрдү көрсөткөндөн кийин гана
жүргүзөт:
- паспортун;
- техникага жана түзүлүштөргө мыйзамдуу негизде ээлик кылууга,
пайдаланууга же тескөөгө менчик ээсинин атынан укук бергени нотариуста
ырасталган документти;
- техниканын техникалык паспортун жана техникалык талонун;
- техника үчүн салык төлөнгөнү жана Башкы мамтехинспекциянын тех-
никалык кароо жүргүзүүгө байланыштуу кызматына акы төлөнгөнү жөнүндө
квитанцияны;
- тракторист-машинисттин, жооптуу же бекитип берилген адамдын тех-
никалык кароого чыгарылып жаткан техниканы башкаруу укугуна уруксат
берген белгилер коюлган күбөлүгүн.
3.6. Техникага техникалык кароо каттоо документинде (техпаспорт,
техталон) жазылган маркасынын, катталган номердик белгисинин, номердик
агрегаттарынын шайкештигин текшерүүдөн башталат.
3.7. Каттоочу номер белгилеринин, каттоо документтеринин, техника-
га ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө же башкаруу укугуна документтерде
дал келбөөчүлүк же жасалмалык аныкталса, агрегаттардын номерлери техни-
канын каттоо документтериндеги жана паспорттук маалыматтарындагы жазуу-
лардан айырмалуу болсо, агрегаттарды номерлерди жок кылуунун же урук-
сатсыз номер басуунун белгилери болсо документтер алып коюлат жана Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.
3.8. Жањы техниканы жана түзүлүштөрдү баштапкы каттоодо аларга
техникалык кароо жүргүзүлбөйт.
3.9. Техниканын жана түзүлүштөрдүн техникалык абалын аныктоодо чы-
гарган заводдордун эксплуатациялоо боюнча нускамаларына, оњдолгон тех-
никага карата техникалык талаптарга, ал эми өзү жасаган, кайра калыбыма
келтирген, куралган техникалар, машиналар боюнча болсо - андай техника-
нын базалык конструкциясына карата талаптарга таянуу керек. Машинанын
коопсуздук ыкмаларынын талаптарына, жол кыймылынын талаптарына шайкеш
келишине Негизги бузуктардын жана шарттардын тизмесине ылайык өзгөчө
көњүл бурулат, андай бузуктар бар болсо машиналарды эксплуатациялоого
тыюу салынат (N 2 жана N 3 тиркемелер).
Мындан тышкары, Жол кыймылынын эрежелеринде жана мамлекеттик стан-
дарттарда каралган кошумча жабдуунун (өрт өчүргүчтөрдүн, медициналык
аптекалардын, авариялык токтоо белгилери ж.б.) бар экени текшерилет.
3.10. Чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин техникалык абалы
сүйрөөчү-чиркөөчү жана сүйрөөчү-тирөөчү түзүлүштөрдүн оњдугун жана тор-
моздордун кармашын текшерүү үчүн агрегатталчу курамы менен да, ажыра-
тылган түрүндө да, ал эми стационар түзүлүштөр - иштетип көрүп текшери-
лет.
3.11. Башкы мамтехинспекциянын кызматкери техникалык кароодон
өткөн машиналарга техпаспортуна же техталонуна кийинки техникалык каро-
онун мөөнөтүн көрсөтүү менен белги коет; өзү жүрүүчү техникага техника-
лык кароодон өткөнү жөнүндө күбөлөндүрүлгөн талон берилет. Техникалык
кароодон өткөнү жөнүндө талон тракторлордун жана өзү жүрүүчү машиналар-
дын оњ тарабындагы мањдайкы терезесине орнотулат (N 5 тиркеме).
3.12. Башка юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ижарага берил-
ген техника жана түзүлүштөр техникалык кароодон Башкы мамтехинспекция-
нын региондук органдарында, убактылуу катталган жери боюнча, базалык
ишканалар үчүн белгиленген мөөнөттөрдө, ижара же лизинг келишимин
көрсөтүү менен өткөрүлөт.
3.13. Техникалык кароодон белгиленген мөөнөттө өтпөгөн техниканын
жана түзүлүштөрдүн каттоочу номердик белгилерин алып коюу жолу менен
андан аркы эксплуатациялоого жол берилбейт.
3.14. Техникасын жана түзүлүштөрүн техникалык кароого алып чыкпа-
ган ээлерине администрациялык таасир этүү чаралары колдонулуп, машинаны
техникалык кароого чыгаруунун кийинки мөөнөтүн белгилеген көрсөтмө бе-
рилет, машиналарды эксплуатациялоого тыюу салынат жана ошол эле учурда
райондун мамлекеттик администрациясына техниканын ээси техникалык ка-
роонун графигин бузганы жөнүндө билдирилет. Техникалык кароонун мөөнө-
түн экинчи жолу бузганда администрациялык жазалоо чарасын колдонуу үчүн
укук коргоо органдарына маалымат берилет.
3.15. Техникалык кароо сапатсыз өткөрүлгөнү жана өз убагында
өткөрүлбөгөнү үчүн техникалык кароону жүргүзүү боюнча комиссиянын
мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарты-
шат.
IV. Техникалык кароонун жыйынтыгын тариздөө
4.1. Мамлекеттик инженер-инспекторлор техникага жана түзүлүштөргө
өткөрүлгөн техникалык кароонун жыйынтыгы боюнча техникалык кароо акты-
сын түзүшөт, ал техниканы андан аркы эсепке алуу, эксплуатациялоо жана
борбордоштурулган компьютердик отчет түзүү үчүн негиз болот (N 4 тирке-
ме).
4.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы N
680 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жа-
на кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик тех-
никалык инспекция жөнүндө Жобого ылайык, мамлекеттик инженер-инспектор-
лор техниканын, түзүлүштөрдүн ээлери болгон юридикалык жактарга жана
жеке адамдарга машиналарды техникалык эксплуатациялоонун эрежелери жана
параметрлери бузулушун жоюу жөнүндө аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү
алардын себептерин жана аныкталган кемчиликтерди жоюу мөөнөттөрүн
көрсөтүү менен беришет.
4.3. Эксплуатациялоого берилген талондор жөнүндө маалыматтар реес-
трге жазылат жана техникалык кароо актылары жана техникалык кароо өткө-
рүүгө байланыштуу акылар жана жыйымдар төлөнгөнүн ырастаган документтер
менен кошо Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын региондук органда-
рында 10 жыл бою сакталат.
Башкы мамтехинспекция
органдарынын машиналарга
техникалык кароо
жүргүзүү эрежесине
N 1 тиркеме
Техникалык кароодон өтүүгө тийиш болгон машиналардын
жана технологиялык түзүлүштөрдүн
ТИЗМЕСИ
1. Бардык маркадагы жана модификациядагы тракторлор.
2. Өзү жүрүүчү жана чиркеме комбайндар, мелиорациялык, жол куруу-
чу, жер казуучу, айыл чарбалык машиналар, чачыраткычтар, чањдаткычтар
жана тоют бөлүштүргүчтөр.
3. Трактордун чиркегичтери, технологиялык жабдуу орнотулган чирке-
гичтер.
4. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычтуу, же электр менен кыймылга келүүчү
стационар же көчмө технологиялык түзүлүштөр.
Башкы мамтехинспекция
органдарынын машиналарга
техникалык кароо
жүргүзүү эрежесине
N 2 тиркеме
Машиналарды жана технологиялык түзүлүштөрдү
эксплуатациялоого тыюу салынчу негизги бузуктардын
ТИЗМЕСИ
1. Тормоздук системалар.
1.1. Жолдо сыноодо тормоздук системанын натыйжалуулук нормалары
сакталбайт, сыноо жолдун горизонталдуу участогунда, тегиз, кургак, таза
цемент же асфальт капталган аянтта жүргүзүлгөн.
1.2. Тормоз бергенде кыймылдын түздүгү (0,5 м ашык эмес) камсыз-
далбайт.
1.3. Гидравликалык кыймылга келтиргичтин жылчыксыздыгы бузулган.
1.4. Пневматикалык жана гидравликалык тормоздогучтардын жылчыксыз-
дыгы бузулушу кыймылдаткыч иштебей турганда абанын басымы аны иштеткен-
ден кийин 15 мүнөттүн ичинде 0,5 кГс кв.см төмөндөшүнө алып келет.
1.5. Пневматикалык жана гидравликалык тормоздогучтардын манометри
иштебейт.
1.6. Токтотуп коюудагы тормоздук система техникалык талапка жараша
жантаймада машинанын кыймылсыз абалын камсыздабайт.
2. Рулдук башкаруу.
2.1. Дөњгөлөктүү машиналардын рулдук башкаруусундагы суммардык
люфт чыгарган завод көрсөткөн жол берилчү чектен ашат.
2.2. Тетиктердин жана түйүндөрдүн конструкцияда каралбаган жылышып
кетүүсү бар, сайлык кошулуучу жерлер тартылган эмес же аныкталган ыкма-
да бекитилген эмес.
2.3. Рулду башкаруунун конструкцияда каралган күчтөндүргүчү оњ
эмес же жок.
2.4. Казтаман машиналарда:
- буруучу муфталарды башкаруу рычагдарынын саптары чыгарган завод-
до көрсөтүлгөндөн ашык кыймылдайт;
- башкаруу рычагдарын өзүнө толук тартканда буруу муфталарынын ба-
рабаны толук тормоздобойт;
- педалдардын бош кое берилиш чеги айырмалуу же чыгарган заводдо
көрсөтүлгөндөн ашык.
3. Тышкы жарык берүүчү приборлор.
3.1. Жарык берүүчү приборлордун саны, тиби, түсү, жайгашуусу жана
иштөө режими машиналардын конструкциясынын талаптарына ылайык келбейт
(өндүрүштөн алынган машиналарда кийинки модификациядагы башка маркалар-
дын жана моделдердин тышкы жарык кылуучу приборлорун орнотууга уруксат
берилет).
3.2. Фаралардын жөнгө салынышы ГОСТ 25476-91 талаптарына ылайык
келбейт.
3.3. Жарыктандыруу приборлорунда чачыраткычы жок же ошол типтеги
жарыктандыргач приборго ылайык келбеген чачыраткычтар же лампалар орно-
тулган.
3.4. Машинанын алдына кызыл түстүү жарыктандыргыч прибор же кызыл
түстөгү жарык чагылдыргач, артында болсо - артка жүрүштүн фонарынан жа-
на катгоо белгисин жарык кылгычтан тышкары ак түстөгү жарык чагылдыргыч
орнотулган.
4. Мањдайкы айнектин тазалагычтары жана жуугучтары.
4.1. Айнек тазалагычтар аныкталган режимде иштебейт.
4.2. Машинаны конструкциясында каралган айнек жуугучтар иштебейт.
5. Дөњгөлөктөр жана шиналар.
5.1. Дөњгөлөктөрдүн шиналарынын быдырлары (протектордун быдырлары)
жешилген
- тартуучу дөњгөлөктөрдүкү - 5 мм аз;
- буруучу дөњгөлөктөрдүкү - 2 мм аз;
- чиркегичтердин дөњгөлөктөрүнүкү - 1 мм аз.
5.1.1. Шиналарда корд ачылып калган (тешиктер, кесилген, айрылган)
бузуктары бар, ошондой эле протектору жана капталы ажырап калган.
5.2. Бекитүүчү болту (гайкасы) жок же дөњгөлөктөрдүн дискинин же
алкагынын жаракалары бар.
5.3. Шиналар өлчөмү же салмакка жарактуулугу боюнча машинанын мо-
делине ылайык келбейт.
5.4. Оњ жана сол шиналарда басымдардын айырмасы 0,1 кгс/кв.см аш-
поого тийиш.
5.5. Казтаман машиналардын казтамандарынын саладашы 35-65 мм ашык.
5.6. Кыртышка илингичи жешилип, 7 мм аз калган.
5.7. Оњ жана сол казтамандарда звенолорунун саны бирдей эмес.
5.8. Казтамандардын звенолорунда жаракалар жана сыныктар бар.
5.9. Оњ жана сол казтамандарда звенолорунун салањдашындагы айырма
5 мм ашык.
6. Кыймылдаткыч.
6.1. Иштелип чыккан газда зыяндуу заттар жана түтүнү белгиленген
нормадан ашык.
6.2. Аба менен муздатылчу кыймылдаткычтарда аба кирүүчү тешик кал-
канч тор менен тосулган эмес.
6.3. Күйүүчү, майлоочу майлар жана суутуучу суюктук агат, кыймыл-
даткыч менен түтүн чыгуучу тешиктин кошулган жеринен иштетилген газдар
чыгат.
7. Конструкциянын башка элементтери.
7.1. Машинанын конструкциясында каралган арткы күзгү, кабинанын
күзгүсү жок.
7.2. Үн сигнал иштебейт.
7.3. Айнектерге айдоочу отурган жерден сырттын көрүнүшүн чектөөчү,
айнектердин тунуктугун бузуучу, жол кыймылына катышуучулардын травмага
учуроо коркунучун жаратуучу нерселер капталган.
7.4. Кабинанын эшиктеринин конструкцияда каралган кулпулары, чир-
кегичтин бортторунун бекиткичтери, цистерналардын оозунун илгичтери,
айдоочунун отургучун жөнгө салгыч механизм, айнекти жылыткыч жана жел-
деткич түзүлүштөр жок.
7.5. Кыймыл өткөргүч кошулуп турганда от алууну болтурбоочу
түзүлүш жок.
7.6. Сүйрөгүчтүн жана чиркегич звенонун сүйрөөчү-чиркештиргич жана
таяныч-сүйрөгүч түзүлүштөрү жок, сактагыч түзүлүш жок.
7.7. Машиналардын жана жабдуулардын иштөөчү органдарынын башкаруу
рычагдары тийиштүү абалда бекемдеп токтотулбайт.
7.8. Машиналардын кыймылдама, айланма бөлүктөрү (кардан, чынжыр,
ремень, тиштүү кыймыл өткөргүчтөр ж.у.с.) тейлеген адамдардын коопсуз-
дугун камсыздоочу коргогуч каптар менен тосулган эмес.
7.9. Машиналардын гидросистемасынан жана жумушчу органдарынан май
жана башка суюктуктар агат.
7.10. Кабинанын, кыймылдаткычтын, руль колонканын, компрессордун,
иштетүүчү кыймылдаткычтын, каптоосунун ж.б. орноткучтары бошоп калган.
7.11. Төмөнкүлөрү жок:
- өзү жүрүүчү машиналарда: медициналык аптека, өрт өчүргүч баштап-
кы каражаттар, авариялык токтотуу белгиси;
- сүйрөө күч келүүсү 3 т. ашык тракторлордо - сыйгаланууну болтур-
боочу тирөөчтөр (экиден кем эмес).
7.12. Каттоо белгиси жок же стандарттын талаптарына ылайык кел-
бейт.
7.13. Чиркегич менен иштеген дөњгөлөктүү тракторлордо "Автопоезд"
(1,4 т. жана андан жогорку класстагыларда) деген белгиси жок.
Ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар технологиялык түзүлүштөргө жана
электр приводу бар түзүлүштөргө талаптар
1. Технологиялык түзүлүштөр монтаждоодо (демонтаждоо) иштегендер-
дин коопсуздугун камсыз кылууга тийиш, эксплуатациялык документтерде
караган талаптарды (шарттарды, эрежелерди) сактоодо автономдуу пайдала-
нууда, ошондой эле технологиялык комплекстердин составында эксплуатаци-
ялоодо жана эксплуатацияга киргизүүдө камсыз кылат.
2. Технологиялык түзүлүштөрдүн конструкция материалдары иштин бар-
дык режиминде жана эксплуатацияда каралган шарттарда адамдын организ-
минде коркунучтуу жана зыяндуу таасир этпөөгө, ошондой эле өрттөн жары-
луунун кооптуу кырдаалын түзбөөгө тийиш.
3. Травманын, кооптуулуктун мүмкүн болуучу булагы катары саналган
технологиялык түзүлүштөрдүн кыймылдуу бөлүгү тосулуп же иштеп жаткан
адамдын аларга тийип алуу мүмкүнчүлүгү болбогондой же травма алууну
болтурбоочу башка каражат пайдаланылгандай жайгашууга тийиш.
4. Электр энергиясы менен аракетке келтирилүүчү технологиялык
түзүлүштөрдүн конструкциясы электр коопсуздугун камсыздоочу түзүлүштү
(каражатты), электрдик эмес энергиянын (гидравликалык, пневматикалык,
энергия буусу) жардамы менен иштөөчү түзүлүштү дайыма иштетүү керек,
энергиянын ушул түрлөрүнөн келип чыгуучу бардык коркунучтар болбогондой
түрдө аткарылууга тийиш.
5. Техникалык түзүлүштөрдү башкаруу системасы иштин каралган бар-
дык режиминде алардын иштешинин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз
кылышы керек, бузулгандыгы тууралуу эскертүүчү сигнализация каражатта-
ры, иш режимин автоматтык түрдө калыбына салуучу каражаттар, экстрендик
тормоздоо жана автоматтык (авариялык) токтотуу каражаттары иштөөгө ти-
йиш.
Башкы мамтехинспекция органдары
тарабынан машиналарга техникалык
кароо жүргүзүүнүн эрежесине
N 3 тиркеме
Машиналардын техникалык абалына карата милдеттүү
талаптарды жөнгө салуучу стандарттардын жана
башка нормативдик документтердин
ТИЗМЕСИ
1. Даярдоочу заводдордун инструкциясы.
2. ГОСТ 23181-78 "Автотранспорт каражаттарынын тормоздук гидравли-
калык приводдор. Жалпы талаптар".
3. ГОСТ 22895-77 "Автотранспорт каражаттарынын тормоздук системасы
жана тормоздук түзүлүшү. Натыйжалуулук нормативдери. Жалпы техникалык
талаптар" (жалпы пайдалануудагы автожолдордо жүрбөгөн автотранспорт
үчүн).
4. ГОСТ 4364-81 "Автотранспорт каражаттарынын пневматикалык тор-
моздук системаларынын приводдору. Жалпы техникалык талаптар".
5. ГОСТ 12.2.102-89 "Жыгач даярдоочу жана жыгач аралоочу машиналар
жана жабдуулар, токой өнөр жайынын тракторлору. Коопсуздук талаптары,
контролдоо ыкмалары, коопсуздук талаптары жана эмгек коопсуздугуна баа
берүү".
6. ГОСТ 12.2.111-85 "Айыл чарбалык көтөргүч жана чиркегич машина-
лар. Коопсуздуктун жалпы талаптары".
7. ГОСТ 12.2.019-86 "Өзү жүрүүчү айыл чарбалык тракторлор жана ма-
шиналар. Коопсуздуктун жалпы талаптары".
8. ГОСТ 12.2.002.02-91 "Айыл чарба техникасы. Коопсуздукка баа
берүү ыкмалары".
9. ГОСТ 12.0003-74 "Кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлор.
Классификация".
10. ГОСТ 12.1.007-76 "Зыяндуу заттар. Классификация жана коопсуз-
дуктун жалпы талаптары".
11. ГОСТ 12.2.011-75 "Курулуш жана жол машиналары. Коопсуздуктун
жалпы талаптары".
12. ГОСТ 28708-90 "Айыл чарба иштерин чакан механизациялоонун ку-
баттуу каражаттары. Конструкциялоого коопсуздуктун жалпы талаптары".
13. ГОСТ 12.1.003-83 "Шум. Коопсуздуктун жалпы талаптары".
14. ГОСТ 12.2.120-88 "Өзү жүрүүчү курулуш, жол машиналарынын, бир
остуу суйрөткүчтөрдүн, карьерада иштөөчү самосвалдардын жана өзү
жүрүүчү айыл чарба машиналарынын кабиналары жана операторлордун жумушчу
орду. Коопсуздуктун жалпы талаптары".
15. ГОСТ 19677-87 "Айыл чарба тракторлору. Жалпы техникалык талап-
тар".
16. ГОСТ 20000-88 "Трактор жана комбайн дизелдери. Жалпы техника-
лык шарттар".
17. ГОСТ 18699-73 "Электр айнек тазалагычтары. Техникалык талап-
тар".
18. ГОСТ 8769-75 "Автомобилдердин, автобустардын, троллейбустар-
дын, тракторлордун, чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин тышкы жа-
рык берүүчү приборлору. Саны, жайгашуусу, түсү, көрүнө турган бурчу".
19. ГОСТ 10000-75 "Трактордун чиркегичтери жана жарым чиркегичте-
ри. Коопсуздуктун жалпы талаптары".
20. ГОСТ 3481-79 "Айыл чарба тракторлору. Сүйрөөчү-чиркөөчү
түзүлүш. Типтери, негизги параметрлери жана өлчөмдөрү".
21. ГОСТ 2349-75 "Автомобилдик жана трактордук поезддердин
"крюк-петля" сүйрөгүч-чиркегич системасынын түзүлүшү. Техникалык талап-
тар".
22. ГОСТ Р50577-93 "Транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо бел-
гилери. Типтери жана негизги өлчөмдөрү. Техникалык талаптар".
23. ГОСТ 20760-75 "Техникалык диагностика. Тракторлор. Техникалык
абалынын параметрлери жана сапаттык белгилери".
24. ГОСТ 12.2.003-91 "Өндүрүштүк жабдуу, коопсуздуктун жалпы та-
лаптары".
25. ГОСТ 30747-2001 "Кубаттуулугун тандоону вал аркылуу сыноолор-
догу көрсөткүчтөрдү аныктоо".
26. ГОСТ 7057-2001 "Айыл чарба тракторлору. Сыноо ыкмалары".
27. ГОСТ 30748-2001 "Максималдуу ылдамдыкты аныктоо".
28. ГОСТ 30749-2001 "Алдыњкы дөњгөлөктөрдүн осторундагы кубаттуу-
лукту аныктоо".
29. ГОСТ 30745-2001 "Сүйрөгүч көрсөткүчтөрдү аныктоо".
30. ГОСТ 30746-2001 "Гидравликалык көтөргүч системанын кубаттуулу-
гун жана жүк көтөрүмдүүлүгүн аныктоо".
31. ГОСТ 17.2.2.02-86 ССБТ "Жаратылышты коргоо. Атмосфера. Трак-
тордук жана комбайндык дизелдердин иштелип бүткөн газдарынын түтөшүн
өлчөө нормалары жана ыкмалары".
32. ГОСТ 17.2.2.05-86 ССБТ "Жаратылышты коргоо. Атмосфера. Трак-
тордук жана комбайндык дизелдердин иштелип бүткөн газдарынан зыяндуу
заттарды чыгаруунун нормалары жана өлчөө ыкмалары".
Башкы мамтехинспекция
органдарынын машиналарга
техникалык кароо
жүргүзүү эрежесине
N 4 тиркеме
______________________________________
Башкы мамтехинспекция органынын аталышы
________________________________
алыш-бериш эсеби
________________________________
казыналыктын аталышы жана дареги
Техниканы жана технологиялык түзүлүштөрдү
техникалык кароонун
АКТысы
200_ж. "____" _____________
Комиссия ________________________________________ төрагалыгы менен
(Башкы мамтехинспекциянын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы
комиссия мүчөлөрү ________________________________________________
(техникалык кароо жүргүзүү боюнча комиссия
_______________________________________________________________________
мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орундары
____________________________________________________________ текшерилчү
юридикалык жактардын (жеке адамдардын) катышуусу менен
_______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы)
төмөнкүдөй аталыштардагы машиналарга жана түзүлүштөргө техникалык
кароо жүргүздү жана алардын бар экенин, техникалык абалын аныктады:
| N | Техниканын | Техникалык | Мамл. | Чыга- | Кыймылдат- | Шасси | Техни- | ТК |
| же | паспорту N | номер | рылган | кычынын | номери | калык | үчүн | |
| түзүлүштөрдүн | Берилген | бел- | жылы | номери | абалы | акы | ||
| аталышы, | күнү | гиси | ||||||
| маркасы | ||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Эксплуатацияга тыюу салынды
__________________________________________________________________
(тигил же бул себеп боюнча эксплуатациялоого тыюу салынган техниканын
_______________________________________________________________________
жана түзүлүштөрдүн саны, мамлекеттик номерлери көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Бузуктары оњдолгондон кийин кайрадан техникалык кароого төмөнкүдөй
дарек боюнча чыгаруу керек: ___________________________________________
_______________________________________________________________________
(машиналардын саны, жыл, ай, күн, техникалык кароо жүргүзүлчү дарек)
_______________________________________________________________________
Актынын копиясын алды: ________________________________________________
(ээсинин фамилиясы, колу)
_______________________________________________________________________
Мамлекеттик инженер-инспектор__________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
М.О. Колдору: __________________________________
(комиссиянын төрагасынын, комиссия
__________________________________
мүчөлөрүнүн аты-жөнү,)
__________________________________
__________________________________
Текшерилген юридикалык жактардын
жана жеке адамдардын
фамилиялары алардын мөөрү
менен ырасталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Постановление Правительства КР от 4 октября 2002 года №680 " О Главной государственной технической инспекции при Министерстве сельского, водного хозяйства и перерабатывающей…Постановление · 04.10.2002 · № 680 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №603 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик…Постановление · 23.08.2006 · № 603 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.