Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автомототранспорттон башка), аларга чиркегичтерди, ошондой эле технологиялык түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция тарабынан мамлекеттик каттоо Эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 23-августундагы
N 603 токтому менен
бекитилген
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык
машиналарды (автомототранспорттон башка),
аларга чиркегичтерди, ошондой эле
технологиялык түзүлүштөрдү Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин алдындагы Башкы
мамлекеттик техникалык инспекция
тарабынан мамлекеттик каттоо
ЭРЕЖЕСИ
I. Жалпы жоболор
1. Бул Эреже "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик тех-
никалык инспекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
4-октябрындагы N 680 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы
Башкы мамлекеттик техникалык инспекция жөнүндө жобого (мындан ары -
Башкымамтехинспекция) ылайык иштелип чыкты жана чет өлкөлүк жеке жана
юридикалык жактарды, жарандыгы жок адамдарды кошо алганда менчигинин
түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга таандык, кыймылдаткычы-
нын жумушчу көлөмү 50дөн ашык кубдук сантиметр болгон тракторлорду, өзү
жүрүүчү технологиялык машиналарды (Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн автомототранспорту жана машиналарынан тышкары) Башкымамте-
хинспекция органдарында мамлекеттик каттоонун Кыргыз Республикасынын
аймагындагы бирдиктүү тартибин белгилейт.
Башка мамлекеттерде катталган жана алты айдан ашуун мөөнөткө Кыр-
гыз Республикасына убактылуу алынып келинген техникалар менен
түзүлүштөр дагы каттоодон өтүүгө тийиш.
Эреже бардык юридикалык жана жеке жактар - техникалар менен
түзүлүштөрдүн менчик ээлери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Техникалар менен түзүлүштөрдүн документтерин тариздөө, каттоо
(кайра каттоо), эсебин алуу, ошондой эле аларга каттоонун номердик бел-
гилерин берүү Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан ишке
ашырылат.
Бул эрежелерде төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
трактор - чиркелген же ага орнотулган машиналарды же шаймандарды
кыймылга келтирүү үчүн, стационардык машиналарды жылдыруу, чиркегичтер-
ди сүйрөө үчүн арналган каз тамандуу же дөњгөлөктүү транспорт каражаты;
өзү жүрүүчү технологиялык машина - курулушта, өнөр жайда, токой
айыл чарбасында жана башка иштерде колдонулуучу транспорт каражаты,
анын ичинде комбайн, жол-курулуш, мелиоративдик, жер казуучу жана башка
машиналар;
чиркегич - бир, эки жана андан ашууну остуу транспорт каражаты, ал
тягачты сүйрөө, жүктөрдү ташуу үчүн колдонулат же өндүрүштүк иштерди
аткаруу үчүн колдонулуучу ага орнотулган техникалык жабдуулар же
түзүлүштөр;
стационардык технологиялык түзүлүш - ичтен күйүүчү кыймылдаткычы
же электр приводу бар, иштөө убагында ордунан жылдырууну талап кылбаган
жана жолдордо, ага жанаша участоктордо, өндүрүштүк жана айыл чарба объ-
екттериндеги иштерди аткарууга арналган түзүлүш.
2. Техникалардын жана түзүлүштөрдүн ээлери же болбосо менчик ээле-
ринин атынан ишеним каттын негизинде техникаларга жана түзүлүштөргө ээ-
лик кылган адам "Транзит" мамлекеттик каттоо белгисинин колдонуу
мөөнөтү бүткөнгө чейин аларды каттатууга же каттоо маалыматтарын
өзгөртүүгө же сатып алынгандан кийин 5 сутканын ичинде бажылык та-
риздөөгө, каттоо маалыматтарын өзгөртүү талап кылынган башка кырдаал-
дарда номердик агрегаттарды өзгөртүүгө, ошондой эле менчик укугу токто-
тулганда же болбосо каттоо орду өзгөргөндө аларды эсептен чыгарууга
милдеттүү.
Башкымамтехинспекцияда катталган жана алты айдан ашуун мөөнөткө
каттоо районунун чегинен сырткары алынып кетүүчү техникалар жана
түзүлүштөр турган жери боюнча убактылуу эсепке коюлууга тийиш.
3. Каттоо маалыматтарын өзгөртүү Башкымамтехинспекция органдары
берген көрсөтүлгөн каттоо документтеринде кандайдыр бир маалыматтар
өзгөргөн учурда же көрсөтүлгөн документтерге ушул Эрежеге ылайык кошум-
ча маалыматтарды киргизүү зарылдыгы келип чыкканда жүргүзүлөт.
Каттоо документтери эгерде алмаштыруу жүргүзүлбөсө техникалык пас-
порт жана техникалык болуп саналат.
4. Мамлекеттик инженерлер - Башкымамтехинспекциянын инспекторлору
техникалар жана түзүлүштөрдүн ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызык-
чылыктарын коргоону ишке ашырууга, укуктары менен милдеттерин түшүндү-
рүүгө, каттоо иштерин жүргүзүү маселеси боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө,
ошондой эле чечим кабыл алуу, каттоо иштерин жүргүзүү же алардан баш
тартуу жөнүндө башка маалыматтар боюнча аларга көмөктөшүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик инженерлер - Башкымамтехинспекциянын инспекторлору-
на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо
каттоо иштерин жасоого байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтарды
ачыкка чыгарууга жана документтерди берүүгө тыюу салынат.
6. Жүргүзүлгөн каттоо иштери, катталган техникалар жана түзүлүштөр
жөнүндө жана алардын менчик ээлери тууралуу справкалар мамлекеттик ый-
гарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенцияларына ылайык бери-
лет. Мында суралган маалыматтарды берүү үчүн негиздер көрсөтүлөт.
7. Каттоо иштеринин өндүрүшүнө оњдоолор же болбосо кошумча жазуу-
лары бар, сөздөрү өчүрүлгөн жана башка одоно түрдө оњдолгон, ошондой
эле карандаш менен толтурулган документтер кабыл алынбайт. Көрсөтүлгөн
документтердин тексти ачык жана так жазылууга тийиш. Жеке адамдар фами-
лиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин, юридикалык жактар - толук фирмалык
аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүүгө тийиш. Документтерди каттоо
үчүн, ошондой эле регистрациялык жана башка документтердин башкы Мамте-
хинспекция органдары тарабынан берилүүчү көчүрмөлөрү, анын ичинде фото-
көчүрмөлөрү жана ксерокөчүрмөлөр нотариус менен күбөлөндүрүлгөн көчүр-
мөлөрдөн тышкары түп нускаларды алмаштыра албайт.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Эрежелерди бузуу
менен жүргүзүлгөн каттоо иштери жараксыз деп эсептелет.
9. Техникалар жана түзүлүштөрдүн ээлери же болбосо менчик ээлери-
нин атынан чыгуучу адамдар ишеним каттын негизинде транспорт каражатын
пайдаланышкан жана (же) тескөөгө алышкан адамдар каттоо иштерин жүргү-
зүүдө алардын укуктары жана мыйзамдын таламдары бузулду деп эсептешсе,
жогоруда турган органга же сотко бул тууралуу даттануу берүүгө укуктуу.
10. Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан берилүүчү
каттоо иш кагаздары, каттоо документтерин жана башка документтерин та-
риздөө кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Техникалар жана түзүлүштөргө менчик укугун ырастоочу документтер
жана каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө берилген чет тилде толтурулган
башка документтер расмий түрдө которулуп, Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте нотариат органдары тарабынан
күбөлөндүрүлүшү керек.
11. Документтерди, каттоочу номердик белгилерди жасалма кылуунун
белгилери, техникалар менен түзүлүштөрдүн заводдун маркировкалоону өз-
гөртүү, агрегаттардын берилген документтерге же каттоо маалыматтарына
номерлеринин дал келбеши аныкталса, ошондой эле техникалар менен түзү-
лүштөрдүн же берилген документтердин издөөдө тургандыгына негиздер бол-
со, тиешелүү райондун Башкымамтехинспекция бөлүмүнүн начальниги матери-
алдарды тергөө органдарына териштирүү үчүн жиберүүгө, ал эми зарыл
учурларда - техникаларды жана түзүлүштөрдү кармоо керектиги тууралуу
шаардык же райондук ички иштер органынын начальнигине кабарлоого мил-
деттүү.
12. Техникалык паспортторду, талондорду жана мамлекеттик номердик
белгилерди берүү менен техникаларды жана түзүлүштөрдү каттоо жана кайра
каттоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте республикалык бюджетке которуу менен акы алынат.
II. Каттоо
13. Каттоо иштерин жүргүзүү үчүн төмөнкүлөрдү берүү керек:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- техниканы жана (же) түзүлүштү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй укуктарды
тастыктоочу документти:
техникага жана (же) түзүлүшкө арыз ээсинин (билдирүүчүнүн) ээлик
кыла тургандыгын (даярдоочу заводдун же сатуучунун справкасы - эсеби,
сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белек кылуу келишими, менчик, му-
раска алуу укугу жөнүндө күбөлүгү жана мыйзамдарга ылайык түзүлгөн
мүлктү ажыратуу жөнүндө башка келишимдер), ал эми өз алдынча чогултул-
ган же кайра жабдылгандар үчүн түйүндөр менен агрегаттарга ээлик кыла
тургандыгына (менчигинде экендигинде) документтер;
техниканы жана (же) түзүлүшкө менчик ээсинин (тескөөчүнүн) өкүлү-
нүн ыйгарым укуктуу экендиги, ал эми өз алдынча чогултулган же кайра
жабдылгандар үчүн, ошондой эле түйүндөр жана агрегаттарга менчик ээси-
нин (тескөөчүнүн) өкүлү экендиги;
- техникалык паспорт, техникалык талон (кайра каттоодо);
- арыз ээсинин ким экендигин тастыктоочу документ;
- юридикалык жактын катталгандыгы тууралуу күбөлүк жана арыз ээси-
нин колун коюуга укугун ырастоочу документ;
- эгерде техника жана (же) түзүлүш күрөөдө турса (лизинг боюнча
берилсе), күрөө кармоочунун (лизинг берүүчүнүн) жазуу жүзүндөгү макул-
дугу;
- белгиленген салыктарды төлөө жөнүндө документ, эгерде салыктар-
дан бошотулса - тиешелүү справка;
- Башкымамтехинспекциянын кызматтарына төлөгөндүгү тууралуу банк
мекемесинин документи.
14. Техника жана түзүлүш бир гана жеке адамга, техниканын жана
түзүлүшүнүн менчик ээсинин паспортунда көрсөтүлгөн анын туруктуу же
убактылуу жашаган жери боюнча (убактылуу жашаган мөөнөтүнө), ал эми
юридикалык жактар үчүн - алардын юридикалык дареги боюнча катталат.
Техниканын жана түзүлүштүн менчик ээси биргелешкен менчик укугу
жөнүндө (жубайлардын ж.б.) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн күбөлүктү
көрсөткөн учурда Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан
техникалык паспорттун жана талондун "Өзгөчө белгилер" бөлүмүнө тиешелүү
жазуу түшүрүлөт жана мөөр менен тастыкталат.
15. Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына техникалар жана
түзүлүштөр N 1 тиркемеде көрсөтүлгөн тизмеге ылайык жалпы негиздерде
алардын жашаган жери боюнча катталышы мүмкүн.
16. 14 жашка чыга элек балдарга таандык менчикке карата каттоо иш-
тери алардын ата-энелеринин, асырап алуучулардын жана камкорчулардын
атынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, ал эми 14-18 жаштагы курактагы менчик
ээлерин каттоо иштерин жүргүзүү үчүн ата-энелеринин, асырап алуучулар-
дын же камкорчулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
17. Катталган техникага төмөнкүдөй документтер берилет:
- техникалык паспорт, техникалык талон, каттоочу номердик белги;
- стационардык түзүлүштөргө - техникалык паспорт, чиркегичтерге
орнотулган стационардык түзүлүшкө - кошумча техникалык паспорт жана
каттоочу номердик белги;
чиркегичтерге, жарым чиркегичтерге (авточиркегичтерден тышкары) -
техникалык паспорт, техникалык талон жана каттоочу номердик белги.
18. Катталуу маалыматтарын өзгөртүү, жоголгондордун же жарабай
калгандардын ордуна пайдалануу жана башка каттоо иштерин жүргүзүү үчүн
(техникалар менен түзүлүштөрдүн убактылуу турган жерин каттоодон тышка-
ры) каттоо документтеринин, техникалык паспорттордун дубликаттарын бе-
рүү техникалар жана түзүлүштөр катталган жер боюнча жүргүзүлөт.
19. Техникалар менен түзүлүштөрдүн каттоо маалыматтары өзгөргөндө,
жоготкондордун же жарабай калгандардын ордуна пайдалануу үчүн каттоо
документтеринин, техникалык паспорттордун, ошондой эле каттоочу номер-
дик белгилердин дубликаттары берилгенде, менчик ээси номердик агрегат-
тардын эсепке алуу маалыматтарына ылайык келишин салыштыруу максатында
техниканы жана түзүлүштү кароого көрсөтүүгө милдеттүү. Кароодон өтүү
орду жана убагы техникалар менен түзүлүштөрдүн менчик ээсинин макулдугу
боюнча мамлекеттик инженер - Башкымамтехинспекциянын инспектору тарабы-
нан белгиленет, бирок аларды каттоонун милдеттүү мөөнөтү бүтө электе
жүргүзүлүшү керек.
20. Техникалар менен түзүлүштөрдү каттоодо менчик ээлери техника-
нын ээлеринен белгиленген өлчөмдөгү салыкты төлөгөндүгүн тастыктоочу
документтерди, ошондой эле каттоочу номердик белгини, техникалык пас-
портту, талонду берүү жана мамлекеттик техникалык кароодон өтүү үчүн
акы төлөгөндүгүн ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
21. Техникалар менен түзүлүштөр, алардын менчик ээлери жөнүндө ма-
алыматтар, ошондой эле бул маалыматтарга кийинки бардык өзгөртүүлөр
техникалар менен түзүлүштөрдү эсепке алуунун Мамлекеттик китепчесине
жана региондук, борбордоштурулган компьютердик эсепке алуу маалыматтар
базасына киргизилет.
22. Кайра жабдылган, түйүндөрдөн жана агрегаттардан өз алдынча чо-
гултулган техникалар менен жабдуулар чогултулуучу техника менен
түзүлүштөрдүн базалык негизине ылайык келүүгө тийиш.
23. Өз алдынча кайра жабдылган же түйүндөр менен агрегаттардан чо-
гултулуп сериялык түрдө чыгарылуучу техникалар менен түзүлүштөрдү кат-
тоо техниканын жана (же) түзүлүштүн менчик ээсинин арызынын, номердик
агрегаттарга менчик укугун ырастоочу документтердин негизинде ишке ашы-
рылат. Көрсөтүлгөн техникалар менен түзүлүштөргө техникалык паспорттор-
ду берүү Башкымамтехинспекциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча гана
жүргүзүлөт.
24. Көрсөтүлгөн техникалар менен түзүлүштөр белгиленген форма бо-
юнча техникалык кароо актысын милдеттүү түзүү жана Башкымамтехинспекци-
янын райондук бөлүмүнүн начальнигинин башчылыгында райондук мамлекеттик
администрациясы бекиткен комиссия тарабынан техникалар менен түзүлүш-
төрдү каттоо жана эксплуатациялоо мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү
менен мамлекеттик техникалык кароодон өтүшү керек.
III. Башкымамтехинспекция органдарында катталган
техникалар менен жабдуулардын барган жеринде
убактылуу каттоо
25. Башкымамтехинспекция органдарында катталган, алты айдан ашуун
мөөнөткө башка региондун аймагына алып барылган техникалар менен
түзүлүштөр барган жеринде убактылуу катталууга тийиш. Техникалык талон-
дор бүткөн мөөнөтүн көрсөтүү менен техникалар менен түзүлүштөрдү убак-
тылуу эсепке алуу жөнүндө белги коюлат.
26. Техникалар менен түзүлүштөр барган жеринде убактылуу каттоого
алуу кезектеги мамлекеттик техникалык кароодон өткөндөн кийин же менчик
ээси мамлекеттик техникалык кароодон өткөн белгиси менен техникалык та-
лонду арыз ээсине бергенден кийин узартылат. Техникалар менен
түзүлүштөрдү мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүнүн Эрежелеринде
белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин бул талаптар аткарылбаган учурда тех-
никалар менен түзүлүштөрдүн барган жеринде убактылуу каттоо токтотулат.
27. Тиешелүү келишим боюнча лизингдин предмети же болбосо техника-
лык кредитте турган техникалар менен түзүлүштөр лизинг же техникалык
кредит жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөткө башкага берүү укугусуз
аны алуучу тарабынан убактылуу катталат. Лизинг алуучу же техникалык
кредит алуучу адам тарабынан техника жана түзүлүштү туруктуу эсепке
алуу лизингдик келишимге же техникалык кредит берүү жөнүндө келишимге
ылайык талап кылынуучу төлөмдөрдү толук төлөгөндүгү жөнүндө лизинг
берүүчүдөн же кредитордон ээлик кылуучуга документ берилген учурда кат-
талат.
IV. Кайра каттоо
28. Техникалар менен түзүлүштөрдү кайра каттоо төмөнкү учурларда
жүргүзүлөт:
- ээлери өзгөргөндө (сатууга, белек кылууга, мураска алууга, алма-
шууга ж.б. байланыштуу);
- ээсинин жашаган жери өзгөргөндө;
- уюмдун аталышы өзгөргөндө;
- кайра жабдуунун же аларга агрегаттарды алмаштыруунун натыйжасы-
нан техникалардын же түзүлүштөрдүн тиби же модели өзгөргөндө;
- менчик ээсинин фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөндө.
29. Техникалар менен түзүлүштөрдү кайра каттоо ушул Эрежелердин
14-пунктунда көрсөтүлгөн укукту ырастоочу документтердин негизинде
жүргүзүлөт.
30. Тракторлорго жана өзү жүрүүчү техникаларга номердик агрегат-
тарды алмаштырууда (моделди өзгөртүүсүз) аларды эсепке алуу маалыматта-
рына Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан техникалык
паспорттун "Өзгөчө белгилер" бөлүмүнө, каттоо китепчесине жана регион-
дук, борбордоштурулган компьютердик эсепке алуу базасына алмаштыруу кү-
нүн жана чыккан жылын, эгерде бул документтер же заводдун маркировка
менен тастыкталса, аларды көрсөтүү менен сатып алуунун мыйзамдуулугун
ырастоочу документтердин негизинде жазылат.
31. Белекке же мураска алынган техникалар менен түзүлүштөр, эгерде
белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу тууралуу күбөлүктө бир нече
адамдар көрсөтүлсө, бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу
менен алардын бирөөнө кайра катталат.
Техникалар менен түзүлүштөрдү жубайлардын бирөөнө алардын бирге-
лешкен арызынын жана нике тууралуу күбөлүктүн негизинде кайра каттоого
уруксат берилет.
32. Ээсиз калган жана соттун чечими боюнча конфискацияланган тех-
никалар жана түзүлүштөр соттун чечиминин негизинде жањы ээлерине кайра
катталат.
33. Жоголгон же жарабай калгандардын ордуна техникалык паспорт,
техникалык талон жана каттоочу номерди белгилеп, алардын менчик ээлери-
нин арыздарынын негизинде берилет.
34. Чектелген техникалар жана түзүлүштөр (соттун, бажы контроль
органдарынын, финансы полициясынын чечими, арест, күрөө, издөөдө тур-
гандар ж.б.) кайра каттоого кабыл алынбайт.
V. Катталган техникалар менен түзүлүштөрдү эсепке
алуу жана эсептен чыгаруу
35. Техникалар менен түзүлүштөрдү кайра каттоодо алар тууралуу
бардык зарыл маалыматтар техникалар менен түзүлүштөрдү каттоону эсепке
алуу китепчесине жазылат, ошондой эле региондук, борбордоштурулган ком-
пьютердик эсепке алуу маалыматтар базасына киргизилет, алардын ар бири-
не бир нускада техникаларды жана түзүлүштөрдү эсепке алуу карточкасы
түзүлөт, алардын бири ушул техникалар менен түзүлүштөрдү каттаган Баш-
кымамтехинспекциянын райондук бөлүмүндө сакталат.
36. Техникалар менен түзүлүштөрдү, катуу отчеттуулуктагы бланктар-
дын, каттоочу номердик белгилердин келишин жана чыгымдалышын каттоону
эсепке алуу китепчеси туруктуу сакталат. Жарабай калган техникалар ме-
нен түзүлүштөрдү, ошондой эле Башкымамтехинспекциянын региондук органы-
нын тейлөө зонасынан сырткары чыгып кеткендерди эсепке алуу карточкасы
3 жыл сакталат.
37. Техникалар менен түзүлүштөрдү каттоо, кайра каттоо, эсептен
чыгаруу, каттоочу номердик белгилерди, техникалык паспортторду жана та-
лондорду берүү же алмаштыруу үчүн негиз болгон документтер техникалар
менен түзүлүштөрдү каттоону эсепке алуу китепчелерине тиешелүү жазуу-
ларды түшүрүү менен кезектүүлүгүнө жараша өзүнчө ишке көктөлөт жана 5
жыл сакталат.
38. Түшкөн атайын продукциялардын (номердик белгилери, техникалык
паспорт жана талондор, ж.б.) сандык эсебин алуу анын түшүшү жана чыгым-
далышынын китепчесинде жүргүзөт жана ички ведомстволук отчеттор МТИ-2
жана МТИ-4 боюнча Башкымамтехинспекция тарабынан контролдонот.
39. Каттоочу номердик белгилердин, техникалык паспорттордун жана
талондордун сарпталышын эсепке алуу техникалар менен түзүлүштөрдү кат-
тоону эсепке алуу китепчелери боюнча жүргүзүлөт, аларда берилген техни-
калык паспорттордун, талондордун жана каттоочу номердик белгилердин се-
риялары менен номерлери сөзсүз номер коюу тартибинде жазылат.
40. Техникалардын жана түзүлүштөрдүн каттоочу номердик белгилер-
дин, техникалык паспорттор менен талондордун бланктары бекем отчеттуу-
луктагы документ катары сакталат.
Техниканы эсептен чыгарганда товардык көрүнүшүн сактап калган кат-
тоочу номердик белгилер техниканы эсептен чыгарганда жана (же) аны баш-
ка райондун каттоосуна жиберген учурда кайрадан берилиши мүмкүн.
41. Техникалардын жана түзүлүштөрдүн толтурууда бузулган техника-
лык паспортторунун, талондорунун бланктары Башкымамтехинспекциянын
адистеринин кезектеги текшерүүлөрү менен утилдештирилип, бул тууралуу
тийиштүү актылар түзүлөт.
42. Техникаларды катталган жери боюнча эсептен чыгаруу жана эсепке
коюу менчик ээлеринин арыздарынын негизинде төмөнкүдөй учурларда
жүргүзүлөт:
- жактын катталган жери боюнча жашаган орду (юридикалык дареги)
өзгөрсө, жањы жашаган жери (юридикалык дареги) Башкымамтехинспекциянын
региондук органы иштеген аймактан сырткары болсо;
- сатып алуу-сатуу келишими, карызга өткөрүп берүү жөнүндө макул-
дашуулар боюнча менчик ээси өзгөрсө, эгерде техникалар жана түзүлүштөр
кредитке алынса, алмаштырылса, белекке берилсе, сот органдарынын чечими
боюнча берилсе, ошондой эле комиссиялык соода дүкөнүнө сатуу үчүн бе-
рилсе;
- техникалар жана түзүлүштөр эсептен чыгарылса (утилдештирилсе);
- техникалар убактылуу алып чыккан учурларды кошпогондо Кыргыз
Республикасынан сырткары чыгарылса.
43. Юридикалык жактардын, ошондой эле жеке адамдардын менчигинде
турган техникалар менен түзүлүштөрдү эсептен чыгаруу ал техникалар ме-
нен түзүлүштөрдү Башкымамтехинспекциянын региондук органдары карап чык-
кандан кийин гана жүргүзүлөт.
44. Техникалардын жана түзүлүштөрдүн турган жери боюнча Башкымам-
техинспекциянын аймактык органы тарабынан берилген, мөөр менен
күбөлөндүрүлгөн техникалык кароо актысын көрсөткөн шартта техникалар
менен түзүлүштөрдү аларсыз эсептен чыгарууга уруксат берилет.
45. Техникалар жана түзүлүштөр тейленген аймактан сырткары кеткен-
де, техникалык паспортунда алар кайсы жерге бара турган ордун көрсөтүү
менен эсептен чыгаруу жөнүндө белги коюлат. Мындай учурларда каттоочу
номердик белгилер тапшырылып, анын ээлерине "Транзит" белгиси берилет,
ал эми каттоо китепчесине жана компьютердик эсепке алуунун маалыматтар
базасына тийиштүү өзгөртүү киргизилет жана Башкымамтехинспекцияга МТИ-2
отчетуна тиркеме түрүндө анын жањы ээси тууралуу маалымат берилет.
46. Юридикалык жактардын эсептен чыгарылган техникасы жана
түзүлүштөрү Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан
- чиркегич техникага;
- убактылуу жүрүүгө уруксат берилген техникалар үчүн - "Транзит"
белгиси.
53. Башкымамтехинспекциянын аймактык органдары тарабынан катталуу-
чу ар бир машинеге, чиркегичке түн ичинде 20 м аралыктан штаттык фонарь
менен чагылдырганда көрүнө тургандай түрдө бирден каттоочу номердик
белги орнотулат.
54. Техникадагы каттоочу номердик белгилер техниканын симметриясы-
нын осу боюнча же кыймыл багыты боюнча анын сол жагында техниканын кап-
тал габаритине чыкпастан орнотулат. Каттоочу номердик белгилер арткы
бурчундагы орунду кичирейтпөөгө, тышкы жарык берүүчү жана жарык сигнал-
дар приборлорун жаап калбоого тийиш. Каттоочу номердик белгилерди орно-
туучу жер конструкция техникасынын элементтери тосуп калбагандай, тех-
никаны колдонууда каттоочу номердик белгини окууга оорчулук келбегендей
жерде тандалышы керек.
55. "Транзит" тибиндеги каттоочу белгилер кабинанын ичиндеги ал-
дыњкы айнекте, техниканын кыймыл багыты боюнча симметриялуу түрдө оњ
тарабында орнотулушу, ал эми кабина жок болсо - айдоочуда болушу керек.
"Транзит" тибиндеги каттоочу белгилер алар берилген мөөнөттүн аралыгын-
дагы белгиленген талаптарды аткарууну камсыз кылуучу типографиялык же
башка ыкмада даярдалышы керек.
56. Каттоочу номердик белгилерди бекитүү үчүн каттоочу номердик
белгинин тилкесиндей түстөгү же ачык гальваникалык катмардагы буроо
колдонулат. Каттоочу номердик белгилерди алкактардын жардамы менен бе-
китүүгө жол берилет. Буроолор, атайын алкактар каттоочу номердик белги-
деги тамгаларды, сандарды же алардын тегиздигин бурмалап же аларды
көрүүгө жолтоо болбоого тийиш.
Каттоочу номердик белгилерди органикалык айнек же башка материал-
дар менен жабууга уруксат кылынбайт.
Башкымамтехинспекция органдары
тарабынан техникаларды жана
түзүлүштөрдү каттоо
жүргүзүүнүн эрежелерине
N 1 тиркеме
Каттоодон өтүүгө тийиш болгон машиналар менен
жабдуулардын
ТИЗМЕСИ
1. Бардык модификациядагы тракторлор
2. Өзү жүрүүчү жана чиркегич комбайндар, мелиоративдик, жол-куру-
луш жана жер казуучу, айыл чарба машиналары, чачыраткычтар жана тоют
тараткычтар.
3. Бир жана андан ашуун остуу трактордук чиркегичтер, технология-
лык жабдуулар орнотулган чиркегичтер.
4. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычы жана электр приводу бар стационар-
дык жана көчмө технологиялык жабдуулар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Постановление Правительства КР от 4 октября 2002 года №680 " О Главной государственной технической инспекции при Министерстве сельского, водного хозяйства и перерабатывающей…Постановление · 04.10.2002 · № 680 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №603 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик…Постановление · 23.08.2006 · № 603 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.