# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001 жылдын 19 ноябрындагы № 717 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001 жылдын 19 ноябрындагы № 717 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 623
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11673/edition/326725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 623 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001 жылдын 19 ноябрындагы № 717 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57744

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү

2008-жылдын 11 июлундагы № 372 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-августу № 623

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу

органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда

иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001 жылдын 19 ноябрындагы

№ 717 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик киновидеокомпаниясын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" 2006 -

жылдын 7-февралындагы № 56 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-апрелиндеги "Кыргызкино" улуттук концерни

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" № 256 токтомуна ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1."Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу

органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген

кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнун 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717 токтомуна

төмөндөгудөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1 пункттун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик киновидеокомпаниясы"

деген сөздөр "Кыргызкино" улуттук концерни" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

- көрсөтүлгөн токтомго № 3 тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык

редакцияда берилсин.

2."Кыргызкино" улуттук концернинин борбордук аппаратынын

кызматкерлеринин кызматтык маяналары № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

"Кыргызкино" улуттук концернинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн

жањы шарттарына ылайык каражат караштырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин аппаратынын социалдык жана маданият

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28 августундагы №623

токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 19 -ноябрындагы № 717

токтомуна

№ 3 тиркеме

«Кыргызкино» улуттук концернинин борбордук

аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| № | Кызмат орундун аталышы | Бирдиктердин | Кызматтык |
| --- | --- | --- | --- |
|  | саны | маяналары |  |

1 Президент 1 4000

\--------------------------------------------------------------------------

2 Вице-президент 1 3300

\--------------------------------------------------------------------------

3 Аппарат жетекчиси 1 2700

\--------------------------------------------------------------------------

4 Кенешчи 1 1900

\--------------------------------------------------------------------------

5 Башкы бухгалтер 1 2500

\--------------------------------------------------------------------------

6 Бөлүм начальниги 2 2500

\--------------------------------------------------------------------------

7 Бөлүм начальнигинин орун басары 2 2400

\--------------------------------------------------------------------------

8 Башкы адис 3 1300

\--------------------------------------------------------------------------

9 Жетектөөчү адис 2 1200

\--------------------------------------------------------------------------

10 Юрисконсульт 1 1300

\--------------------------------------------------------------------------

11 Котормочу 1 1200

\--------------------------------------------------------------------------

12 Системалык администратор 1 1800

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
