Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 декабря 2006 года № 853 "О Почетной грамоте Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-12-13.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 13-декабры № 853 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-августу № 620
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ардак грамотасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамынын 12-статьясынын 27-пунктун ишке ашыруу макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы уюштурулсун.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын сүрөттөлүшү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин сүрөттөлүшү.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган адам-
дарга тиешелүү укуктарды жана жењилдиктерди берүү бөлүгүндө Кыргыз Рес-
публикасынын төмөнкүдөй нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын норматив-
дик укуктук актыларынын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө киргизсин:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик сыйлыктар
жөнүндө" 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 Жарлыгына;
- "Кыргыз Республикасына өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсиялар
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-августундагы
№ 620 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин
СҮРӨТТӨМӨСҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси Л-63 маркасындагы
латундан жасалган. Даяр белгилерге алтын түстүү гальваникалык жабуу жа-
латылган. Диаметри 2,3 см, көз каранды эместиктин 15 жылдыгын билдирген
15 шоола курчаган тегерек формада. Шоолалардын карама-каршы учтарынын
ортосундагы аралык 3 см. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси
бийиктиги 3 см жана эни 1,8 см болгон төрт бурчтуу формадагы колодкага
илинген.
Тегеректин жээгине буудайдын машагынын жана пахтанын косегинин
сүрөтү кыргыздын улуттук оюусу менен айкалыштыра тартылган жана теге-
ректин жогорку жагына "КЫРГЫЗ", астыњкы бөлүгүнө "РЕСПУБЛИКАСЫ" деп жа-
зылган. Тегеректин борборуна "ӨКМӨТТҮН АРДАК БЕЛГИСИ" жана "ПОЧЕТНЫЙ
ЗНАК ПРАВИТЕЛЬСТВА" деп жазылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин колодкасы Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик туусунун стилдештирилген сүрөтүнөн турат,
ал күмүш түстүү ак металлдан жасалган негизге бекитилет. Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн Ардак белгисинин арткы бетине катар номери жазылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-августундагы
№ 620 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын
СҮРӨТТӨМӨСҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (мындан ары - Ар-
дак грамота) кымбат жыгачтан - кара-күрөњ жањгак уюлунан жасалган, бети
полеэфир лак менен капталган. Ардак грамота бийиктиги 35 см жана эни 25
см тик бурчтуу формада.
Ардак грамота эни 1 см кыргыздын улуттук оюусу менен жээктелген,
оюу алкактын четинен 1,5 см аралыкта.
Жээктин ичинде үстүнкү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"
жана "Мамлекетке сињирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде сыйланат", "В
знак признания особых заслуг перед государством награждается" (андан
ары сыйланган адамдын аты-жөнү жазылат), "Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри", "Премьер-министр Кыргызской Республики" деген жазуулар
бар.
Грамотанын астыњкы бөлүгүндө "Бишкек, Өкмөт Үйү" жана "гор. Биш-
кек, Дом Правительства" деген тексттер симметриялуу жазылып, алардын
ортосунда Ардак грамотанын номери коюлган.
Бардык сүрөттөр жана тексттер алтын түстүү боек менен түшүрүлгөн.
Тексттердин тамгаларынын өлчөмү Ардак грамотанын өлчөмүнө, жээгиндеги
сүрөттөрдүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гребинин өлчөмдөрүнө
пропорциялуу жана 1 см ашык эмес.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2006 · № 853 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы № 520 токтому менен бекитилген)Положение · 25.08.2006 · № 620 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы ПУ № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.07.1996 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №82 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"Постановление · 19.02.1998 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О государственных наградах Кыргызской РеспубликиЗакон · 06.07.1996 · № 37 · Күчүн жоготкон