# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтомун күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтомун күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11668/edition/326718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтомун күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57739

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-августу № 619

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

28-июнундагы № 464 токтомун күчүн жоготту деп табуу

жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын

10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки

жана мектептен тышкаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу

базасына колдоо көрсөтүүдө ата-энелер жамаатынын катышуусу тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 ток-

томун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 28-июнундагы № 464 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки

жана мектептен тышкаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу

базасына колдоо көрсөтүүдө ата-энелер жамаатынын катышуусу тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 ток-

томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышында, 1-пункттун биринчи абзацында, 2-пункттун

биринчи абзацында, 4-пункттун экинчи абзацында "жалпы билим берүүчү"

деген сөздөр алып салынсын;

- преамбуладагы "жана жалпы орто" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункттун биринчи абзацында "министрлиги" деген сөздүн алдына

"Экономика жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункттун биринчи абзацында:

- "Билим берүү" деген сөздөрдөн кийин "жана маданият" деген сөздөр

алып салынсын;

- "илим жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана жаштар саясаты минист-

рлиги өзүнүн ченемдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-

лим, илим жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
