# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 614
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11663/edition/326712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №614 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57734

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-августу № 614

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын

тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,

коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

"Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ту-

уралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйза-

мына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568

"Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,

коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас

объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө

жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3.5-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр

менен толукталсын:

"Республикалык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын дол-

боорлорун эстеликтерди коргоо чөйрөсүндө адистешкен долбоорлоочу уюм

түзөт жана маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органда бекити-

лет. Эл аралык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорло-

рун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маданиятты башкаруучу борбордук мам-

лекеттик органдын сунушу боюнча бекитет.";

экинчи абзацы алып салынсын;

- 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3.6. Эстеликтердин корголуучу зоналарынын долбоорлору тарыхый,

археологиялык жана имарат куруунун ар бир эстелигине өзүнчө иштелип чы-

гат жана бекитилет. Башкы пландарды, деталдуу пландоонун, жолдорду, кө-

пүрөлөрдү салуунун жана калктуу конуштарды куруунун долбоорлорун түзүү-

дө аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген зоналары киргизилет.";

- 3.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-

сын:

"Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.";

- 3.24-пунктта:

биринчи абзацы "археология" деген сөздөн кийин ", анын ичинде суу

астындагы" деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Андан аркы сактоону жана пайдаланууну талап кылган объекттерде

археологиялык казуу жүргүзүү үчүн ачылган барактар археологиялык изил-

дөө бүткөндөн кийин коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү: эл

аралык стандарттарга ылайык консервациялоо, реставрациялоо жана музейге

айландыруу үчүн финансылык гарантиялар болгондо гана катталат. Археоло-

гиялык жумуштарды, анын ичинде суу астындагыларын уруксатсыз жүргүзүү

мыйзамсыз деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жазаланат".

Премьер-министр Ф.Кулов
