# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-августундагы №613 "Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-августундагы №613 "Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11662/edition/485377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-августундагы №613 "Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу" токтому (01.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57733

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 24-августу № 613 Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча Уюм жана Конвенциянын катышуучу мамлекеттери менен үзүрдүү байланыш түзүү үчүн Эл аралык кызматташтыкты андан аары өнүктүрүү жана химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы болуп аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги химиялык куралга тыюу салуу боюнча Уюмга химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча аткаруучу органды дайындоо жөнүндө билдирүүнү жөнөтсүн.

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр

Ф.Кулов
