Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 24-августу № 613 Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча Уюм жана Конвенциянын катышуучу мамлекеттери менен үзүрдүү байланыш түзүү үчүн Эл аралык кызматташтыкты андан аары өнүктүрүү жана химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги химиялык куралга тыюу салуу боюнча Уюмга химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү 1993-жылдын 13-январындагы Конвенцияны ишке ашыруу боюнча аткаруучу органды дайындоо жөнүндө билдирүүнү жөнөтсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2007 · № 539
Шилтеме берет (3)
- Конвенция о запрещении разработки, производства, накопления и применения химического оружия и о его уничтожении от 13 января 1993 года.Конвенция · 13.01.1993
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.