Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган жаңы редакциясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Тышкы сооданын бажы статистикасынын бирдиктүү методологиясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин чечимин бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-августу № 610
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол
коюлган жањы редакциясында Көз карандысыз
Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин
Тышкы сооданын бажы статистикасынын бирдиктүү
методологиясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигинин өкмөт башчылар кењешинин
чечимин бекитүү тууралуу
Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган жањы редакци-
ясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер-
дин Тышкы сооданын бажы статистикасынын бирдиктүү методологиясы жөнүндө
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кењешинин че-
чиминин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу макса-
тында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган жањы ре-
дакциясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамле-
кеттердин Тышкы сооданын бажы статистикасынын бирдиктүү методологиясы
жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар
кењешинин чечими бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Чечимден келип чыгуучу милдеттенмелердин атка-
рылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-
кеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин
күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз
Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шерик-
тештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.