# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №608 "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №608 "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11657/edition/326704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №608 "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57728

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-августу № 608

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген

шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби

жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын

өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы

№ 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда

пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча

компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

- 2 жана 3-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. 2007-жылдын 1-январынан тартып эмгектен мертинүү боюнча ком-

пенсациялык төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин:

- I топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 х 80%;

- II топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 \* 60%;

- III топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 \* 40%;

- майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон

адамдарга - ОАЭ : 3 х 35%;

- эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан айрылган

адамдарга - ОАЭ : 3 \* 35%;

мында: ОАЭ - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин

расмий маалыматтары боюнча республикадагы өткөн жыл үчүн орточо айлык

эмгек акы өлчөмү;

80%, 60%, 40% - тиешелүү түрдө I-III топтогу майыптардын эмгекке

жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы;

35% - майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жо-

готкон жана эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан ай-

рылган адамдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы.

3. 2007-жылдын 1-январынан тартып санаториялык-курорттук дарылану-

уга жана жыл сайын ден-соолукту чыњдоого төмөнкү өлчөмдөрдөгү компенса-

циялык төлөмдөр белгиленсин:

- майыптарга - Х : 3 : 12 + 1200 : 12,

мында: X - санаториялык-курорттук дарыналууга берилүүчү жолдомонун

наркынын орточо өлчөмү, Кыргыз Республикасынын курортторуна өткөн жыл-

дын жолдомолорунун наркына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-

циалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын белгиленет;

3 - санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо 3 жылда 1 жолу бе-

рилет.

1200 - бир жылда дары сатып алууга кеткен чыгымдардын наркы;

12 - бир жыл ичиндеги айлардын саны,";

- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- "РЕSАС" программасынын алкагында жана 1996-жылга чейин укук

улантуучусу жок жоюлган ишканалардын майыптарына эмгектен мертинүү бо-

юнча компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн жыл сайын өткөн жылдагы эмгек

акынын жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорунун баасына

жараша аныктоо жолу менен жыл сайын кайра эсептөөнү жүргүзсүн;

- "Кызылкыя" шахтабашкармалыгынын мурунку 138 кызматкерине регресс

боюнча шахтабашкармылыгы тарабынан жүргүзүлгөн негизги төлөмдөр жана

анын жоюлушунан кийинки төлөмдөр боюнча 1995-жылдын 1-октябрынан

1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү, башкача айтканда "Жоюлган

же кайра уюштурулган ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек-

тен мертинүү боюнча каражаттарды капиталдаштыруу жана пенсия, пособие

жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1996-жылдын 21-августундагы № 396 токтому чыкканга чейин ком-

пенсациалардын алынбаган айырмасын төлөсүн;

- эмгектен мертинүү боюнча компенсациаларды төлөө индексацияны жа-

на кошумча чыгымдарды эске албастан төлөсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

2007-жылы жана келерки жылдары бул токтомдун 1-пунктунда каралган ком-

пенсацияларды төлөө, ошондой эле токтомдун 2-пунктунда аталган "Кызыл-

кыя" шахтабашкармалыганын кызматкерлерине 1995-жылдын 1-октябрынан

1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү төлөнбөгөн айырма үчүн Кыр-

гыз Республикасынын Социалдык фондун каржыласын.

4. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
