Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-августу № 608
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген
шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби
жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын
өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы
№ 827 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда
пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча
компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр жана
толуктоолор киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. 2007-жылдын 1-январынан тартып эмгектен мертинүү боюнча ком-
пенсациялык төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин:
- I топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 х 80%;
- II топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 * 60%;
- III топтогу майыптарга - ОАЭ : 3 * 40%;
- майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон
адамдарга - ОАЭ : 3 х 35%;
- эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан айрылган
адамдарга - ОАЭ : 3 * 35%;
мында: ОАЭ - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
расмий маалыматтары боюнча республикадагы өткөн жыл үчүн орточо айлык
эмгек акы өлчөмү;
80%, 60%, 40% - тиешелүү түрдө I-III топтогу майыптардын эмгекке
жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы;
35% - майыптык тобуна кирбей кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жо-
готкон жана эмгектен мертинүү боюнча төлөм алуучу баккан адамынан ай-
рылган адамдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасы.
3. 2007-жылдын 1-январынан тартып санаториялык-курорттук дарылану-
уга жана жыл сайын ден-соолукту чыњдоого төмөнкү өлчөмдөрдөгү компенса-
циялык төлөмдөр белгиленсин:
- майыптарга - Х : 3 : 12 + 1200 : 12,
мында: X - санаториялык-курорттук дарыналууга берилүүчү жолдомонун
наркынын орточо өлчөмү, Кыргыз Республикасынын курортторуна өткөн жыл-
дын жолдомолорунун наркына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-
циалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын белгиленет;
3 - санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо 3 жылда 1 жолу бе-
рилет.
1200 - бир жылда дары сатып алууга кеткен чыгымдардын наркы;
12 - бир жыл ичиндеги айлардын саны,";
- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- "РЕSАС" программасынын алкагында жана 1996-жылга чейин укук
улантуучусу жок жоюлган ишканалардын майыптарына эмгектен мертинүү бо-
юнча компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн жыл сайын өткөн жылдагы эмгек
акынын жана санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорунун баасына
жараша аныктоо жолу менен жыл сайын кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- "Кызылкыя" шахтабашкармалыгынын мурунку 138 кызматкерине регресс
боюнча шахтабашкармылыгы тарабынан жүргүзүлгөн негизги төлөмдөр жана
анын жоюлушунан кийинки төлөмдөр боюнча 1995-жылдын 1-октябрынан
1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү, башкача айтканда "Жоюлган
же кайра уюштурулган ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек-
тен мертинүү боюнча каражаттарды капиталдаштыруу жана пенсия, пособие
жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1996-жылдын 21-августундагы № 396 токтому чыкканга чейин ком-
пенсациалардын алынбаган айырмасын төлөсүн;
- эмгектен мертинүү боюнча компенсациаларды төлөө индексацияны жа-
на кошумча чыгымдарды эске албастан төлөсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
2007-жылы жана келерки жылдары бул токтомдун 1-пунктунда каралган ком-
пенсацияларды төлөө, ошондой эле токтомдун 2-пунктунда аталган "Кызыл-
кыя" шахтабашкармалыганын кызматкерлерине 1995-жылдын 1-октябрынан
1996-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттөгү төлөнбөгөн айырма үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Социалдык фондун каржыласын.
4. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2001 года №827 "О порядке назначения и выплаты пенсий на льготных условиях и размерах компенсаций по трудовому увечью работникам…Постановление · 28.12.2001 · № 827
- Постановление Правительства КР от 21 августа 1996 года №396 "О порядке капитализации средстви выплаты пенсий, пособий и компенсаций по трудовому увечью работникам ликвидируемых…Постановление · 21.08.1996 · № 396 · Күчүн жоготкон