# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №606 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №606 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11656/edition/326703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №606 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57726

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-августу № 606

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык

буудайды Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик резервине

коюу жөнүндө

Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын азайтылбоочу запасынын нор-

мативдик дењгээлин толуктоо жана жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө ка-

рызга алынган аштык буудайдын мамлекеттик резервге өз убагында кайтары-

лышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-

раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду Кыргыз Республи-

касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, жерги-

ликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-сентябрындагы № 560-б, 2005-жылдын 5-мар-

тындагы № 140-б, 2005-жылдын 14-июнундагы № 253-б буйруктарына, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында 2005-жылы жазгы талаа

жумуштарына даярдык көрүү жана өз учурунда жүргүзүү боюнча чаралар

жөнүндө" 2005-жылдын 9-февралындагы № 69, "Кыргыз Республикасында

2005-жылы жазгы-талаа жумуштарын өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүү бо-

юнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 14-мартындагы № 157, "2006-жылы Кыр-

гыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жана өз учурунда

жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" 2006-жылдын 20-февралындагы № 112 ток-

томдоруна ылайык жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө товардык кредит

түрүндө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилген 39258 тонна аштык буу-

дайдын мамлекеттик резервге 2007-жылдын 1-январына чейин кайтарылышын

камсыздасын.

2. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-

нистрация башчыларына аштык буудайдын биринчи кезектеги мамлекеттик ре-

зервге өз учурунда коюлушу жана коюунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнө отчет берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

3. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-

нистрациялары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-

гине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду, Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай минист-

рлиги менен бирдикте:

- аштык буудайды топтоону жана эгинди жооптуу сактоочу ишканаларга

жеткирүүнү тиркемеге ылайык уюштурсун;

- аштык буудайды мамлекеттик резервге коюуну жооптуу сактоочу иш-

каналарда гана жүргүзсүн;

- эгинди топтоого жана жооптуу сактоочу ишканаларга жеткирүүгө

байланышкан чыгымдарды аштык буудай тапшыруучулар көтөрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- аштык буудайды сатып алууга жана мамлекеттик резервге коюуга

мамлекеттик жана мобилизациялык резервдерге жана башка булактарга ко-

шулбаган товардык-материалдык баалуулуктардын жана товарлардын нормадан

ашкан запастарын ишке ашыруунун эсебинен жүргүзүүгө уруксат берсин;

- Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан белгиленген баалар

боюнча аштык буудайдын, буудайдын жана арпанын үрөнүн мамлекеттик ре-

зервден алган карызды кайтаруу эсебине мамлекеттик резервге коюу үчүн

номенклатурага кошулган мамлекеттик резервге аштык буудайды, кумшекер-

ди, күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды коюуну жүргүзсүн;

- аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарында каралган өзгөчө кырдаалдарда гана жүргүзсүн;

- мамлекеттик резервдин аштык буудайын товардык кредит түрүндө

берүүгө тыюу салсын;

- аштык буудайды мамлекеттик резервге коюуну тиешелүү ыйгарым

укуктуу органынын сапат боюнча корутундусу болгон учурда гана

жүргүзсүн.

5. Республиканын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик адми-

нистрациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик са-

тып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке

аштык буудайды коюуга көмөк көрсөтсүн.

6. Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын мамлекеттик администра-

циялары жергиликтүү мүнөздөгү табигый кырсыктарды жоюу үчүн мамлекеттик

резервине эњ жогорку коюлушун камсыздоо үчүн шашылыш чараларды

көрүшсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги менен

бирдикте республиканын түштүк региондору үчүн гуманитардык жардам тар-

туу жөнүндө маселени иштеп чыксын.

8. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-

тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине мамлекеттик резервден карыз-

га алынган аштык буудайды, буудайдын жана арпанын үрөнүн кайтаруунун

эсебинен мамлекеттик резервге коюу үчүн номенклатурага киргизилген аш-

тык буудайга, кумшекерге, күйүүчү-майлоочу материалдарга жана башка то-

варларга бааларды 10 күндүн ичинде белгилесин.

9. Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын жооптуу сактоочу ишкана-

ларынын жетекчилерине айылдык ссуда алуучулардан буудайды өз учурунда

кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-

рлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондуна тие-

шелүү документтерди берүү үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жана агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 23-августундагы

№ 606 токтомуна

тиркеме

Мамлекеттик резервдеги аштык буудайдын

жооптуу сактоочу ишканаларынын

ТИЗМЕСИ

"Буудай-Кара-Балта" ачык акционердик коому;

"Ак-Суу-Дан-Азык" ачык акционердик коому;

"Бишкекмелькомбинат" ачык акционердик коому;

"Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому;

"Буудай-Токмок" ачык акционердик коому;

"Токмокмельзавод" ачык типтеги акционердик коому;

"Алтын-Дан" ачык акционердик коому;

"Талас-Дан-Азык" акционердик коому;

"Кара-Суу-Дан-Азык" акционердик коому;

"Дан" акционердик коому, Кызыл-Кыя шаары;

"Азрат-Айыб" ачык акционердик коому.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
