# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындаг ы №641 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындаг ы №641 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 641
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2329/edition/398429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындаг ы №641 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57722

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 8-сентябры № 641 Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 ,2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 418 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери жөнүндө" 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык жана тарыхый-маданий комплекстердин андан ары сакталышына жана натыйжалуу өнүгүшүнө багытталган маданият жана искусство жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин (мындан ары - УМБ).

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бир айлык мөөнөттө:

- УМБнын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов
