# Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы N 576 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы N 576 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2328/edition/326686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы N 576 токтому менен бекитилген) (31.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57711

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 14-августундагы № 576

токтому менен бекитилген

Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга)

төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө

ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясына жана Кыргыз Республикасынын "Мамле-

кеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-стать-

ясына ылайык ушул Жобо расымдык (сөөк коюуга) пособиелердин (мындан ары

- пособие) өлчөмүн, төлөө шарттарын, тартибин жана каржылоонун булакта-

рын жөнгө салат.

1.2. Ушул Жобого ылайык, пособие төмөнкүлөр каза болгон учурларда

берилет:

- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга, же анын ба-

гуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- жеке ишкерлик кылган адамдарга, же анын багуусундагы үй-бүлө

мүчөсүнө (салык органдарында каттоодо турган жана салык төлөгөндөр);

- дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсүнө, же анын багуусундагы

үй-бүлө мүчөсүнө (салык органдарында каттоодо турган жана салык

төлөгөндөргө);

- пенсионерге, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- жумушсузга, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- миграция жана жумуштуулук органдарынын ыйгарым укуктуу органда-

рында каттоодо турбаган адамдарга, же анын багуусундагы үй-бүлө

мүчөсүнө.

II. Пособие дайындоо жана төлөө тартиби

2.1. Пособиени дайындоого жана төлөөгө негиз болуп, ЗАГС органдары

тарабынан берилген, каза болгону тууралуу маалымкат (форма N 8) эсепте-

лет.

2.2. Кайрылганына эки жумадан ашпаган мөөнөттө, бирок каза болго-

нуна 6 айдан ашпаган учурда гана пособие дайындалат жана берилет.

Мөөнөтү өтүп кеткен учурда бул пособиелер Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында каралган мөөнөткө ылайык төлөнөт.

2.3. Кызматкердин, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза

болгонуна байланыштуу пособие профсоюз комитети (мындан ары - профком)

же ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана республикалык бюд-

жеттин каражаттарынан кийин ордун толтуруу менен иш берүүчү тарабынан

төлөнөт.

Жеке ишкердик кылган адамдардын, дыйкан (фермердик) чарбаларынын

мүчөлөрүнүн (салык органдарында каттоодо турган), же анын багуусундагы

үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна байланыштуу пособие Кыргыз Республика-

сынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары

Эмгексоцмин) региондук жана облустук социалдык төлөмдөр боюнча борбор-

лору тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

Жумушсуз адамдын, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза бол-

гонуна байланыштуу пособие Эмгексоцминдин социалдык төлөмдөр боюнча ре-

гионалдык жана облустук борборлору тарабынан миграция жана жумуштуулук

боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын каза болгон адам каттоодо турганын

ырастаган маалыматынын негизинде дайындалат жана төлөнөт.

Иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган жумушсуз адам-

дардын каза болгонуна байланыштуу пособиени берүү Эмгексоцминдин шаар-

дык жана райондук социалдык жактан коргоо органдары тарабынан дайында-

лат жана төлөнөт.

Пенсионердин, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгону-

на байланыштуу пособиени берүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-

нун шаардык жана райондук бөлүмдөрү тарабынан дайындалат жана байланыш

бөлүмдөрү, же банк мекемелери тарабынан (пенсия төлөгөн жерден)

төлөнөт.

2.4. Пособие төмөнкү өлчөмдө берилет:

а) каза болгонуна байланыштуу эсептешүү көрсөткүчүнүн 15 эсе

өлчөмүндө:

- иштеген адамдарга;

- миграция жана жумуштуулук боюнча органдарынын ыйгарым укуктуу

органдарында каттоодо турган жумушсуздарга;

- жеке ишкерлик кылган жактарга (салык органдарында каттоодо тур-

ган жана салык төлөгөндөр);

- дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөсүнө (жер салыгын төлөгөндөргө);

б) пенсионердин каза болгонуна байланыштуу, пенсиянын 10 эсе база-

лык өлчөмүндө;

в) иштеген адамдын, жумушсуздун, жеке ишкерлик кылган адамдардын

(салык органдарында каттоодо турган жана салык төлөгөндөрдүн), дыйкан

(фермер) чарбасынын мүчөсүнүн (жер салыгын төлөгөндөрдүн) багуусундагы

үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна байланыштуу, эсептешүү көрсөткүчүнүн 7

эсе өлчөмүндө;

г) пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгонуна бай-

ланыштуу, эсептешүү көрсөткүчүнүн 5 эсе өлчөмүндө;

д) миграция жана жумуштуулук боюнча органдарынын ыйгарым укуктуу

органдарында каттоодо турбаган жумушсуз адамдардын каза болгонуна бай-

ланыштуу, керектөөнүн гарантияланган эњ төмөнкү дењгээлинин (КГЭТД) 5

эсе өлчөмүндө.

2.5. Пособие үй-бүлө мүчөсүнө, же каза болгон адамды койгон адам-

га, аны ырастаган документтеринин негизинде берилет.

2.6. Пособиелер ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн, же пособие алу-

уга укугу бар адамдардын арызы менен банкка же почтага которулат (анын

ичинде убактылуу жашаган жерине дагы). Пособиелерди которуу боюнча чы-

гымдар пособиелердин эсебинен алынат.

III. Каржылоо булактары

3.1. Пособиелер төмөнкү булактардан төлөнөт:

а) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен:

- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган иштеген адам, же анын

багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо;

- жумушсуздун, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо;

- жеке ишкерлик кылган адам (салык органдарында каттоодо турган

жана салык төлөгөндөр), же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза бол-

гондо;

- дыйкан (фермер) чарбанын мүчөсү, же анын багуусундагы үй-бүлө

мүчөсү каза болгондо (жер салыгын төлөгөндөргө);

б) Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен:

- пенсионер, же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо;

в) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен:

- миграция жана жумуштуулук органдарынын ыйгарым укуктуу органда-

рында каттоодо турбаган иштебеген адам каза болгондо.

IV. Пособиелердин туура дайындалышын

жана төлөнүшүн контролдоо

4.1. Иш берүүчүлөр, пособиени дайындоочу жана төлөөчү органдар,

пособиелерди төлөп берүүгө кеткен каражаттардын туура чыгымдалышынын

жоопкерчилигин көтөрүшөт.

4.2. Ушул Жобону бузуу менен төлөнгөн пособиелердин чыгымы че-

герүүгө алынбайт жана иш берүүчүнүн эсебине тиешелүү болот.

4.3. Пособиени төлөөдө каражаттарды негизсиз чыгымга учуратууга

жол берген адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ма-

териалдык жана административдик жоопкерчиликке тартылат.

4.4. Пособиелердин туура дайындалышына жана төлөнүшүнө кеткен ка-

ражаттардын чыгымын контролдоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-

на, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү минис-

трлигине жана өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

4.5. Пособиелердин туура эмес же төлөнүшүнүн кечиктирилишине бол-

гон даттануулар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Рес-

публикасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине жана

өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
