# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-августундагы №592 "Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоо жана курулушун бүткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-августундагы №592 "Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоо жана курулушун бүткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11645/edition/326680/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-августундагы №592 "Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоо жана курулушун бүткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (18.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57707

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 18-августу N 592

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана

"Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин

долбоорлоо жана курулушун бүткөрүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы N

274 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республика-

лык администрациялык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоо жана куруу бо-

юнча башкы заказчы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш баш-

кармалыгынын "Кыргыз курулушсервис" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Бишкек ша-

арында атайын багыттагы объектерди жана "Республикалык администрация-

лык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоо жана куруу боюнча уюштуруу ча-

раларынын планын, чыгымдардын сметасын, графигин иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы

Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык адми-

нистрациялык-ишкер борбор" комплексин долбоордук иштеп чыгууга жана ку-

рууга зарыл финансы каражатын сметага жана эсептөөлөргө ылайык карасын;

- эл аралык финансылык уюмдар, донор өлкөлөр, чет өлкөлүк инвес-

торлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Бишкек шаарында атайын багыттагы

объекттерди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплек-

син долбоорлоого жана курууга чет өлкөлүк инвестицияларды, ШОСтун чек-

теринде гранттарды жана жењилдетилген кредиттерди тартуу жөнүндө масе-

лени талкуулоону карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын элчиликтерин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерин чет өлкөлүк тике

инвестицияларды, гранттарды жана техникалык жардамдарды, ошондой эле

ШОСтун чектеринде Кыргыз Республикасына келүүчү жењилдетилген кредит-

терди Бишкек шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык

администрациялык-ишкер борбор" комплексин курууга тартууда Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Иш башкармалыгына ар тараптан жардам

көрсөтүүгө багыттасын.

5. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарында атайын багыттагы объек-

ттерди жана "Республикалык администрациялык-маданий-ишкер борбору"

комплексин куруу үчүн "Атайынкурулушсервис" мамлекеттик ишканасына Биш-

кек шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 15-октябрындагы N 1106 токтому ме-

нен мурда бөлүнгөн аянты 187 га жер участогун "Кыргызкурулушсервис"

мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте бөлүп берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызкурулушсервис" мамле-

кеттик ишканасына көрсөтүлгөн жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу

жөнүндө белгиленген тартипте Мамлекеттик акт берсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарында атайын багыттагы объек-

ттерди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин

долбоорлоого жана курууга уруксат берүүдө, долбоордук-сметалык доку-

менттерди экспертиза жүргүзүүдө ар тараптан колдоо жана көмөк

көрсөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуш иш-

терин жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга бир булактан сатып алуулар

ыкмасы менен тендер өткөрүүдө, Бишкек шаарында атайын багыттагы объект-

терди жана "Республикалык администрациялык-ишкер борбор" комплексин

долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш баш-

кармалыгына көмөк көрсөтсүн.

9. "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна Бишкек шаарында атайын

багыттагы объекттердин жана "Республикалык администрациялык-ишкер бор-

бор" комплексинин тышкы электр тармактарын долбоорлоону жана курууну

өздүк каражаттардын эсебинен камсыздоо сунуш кылынсын.

10. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-

домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар Бишкек

шаарында атайын багыттагы объекттерди жана "Республикалык администраци-

ялык-ишкер борбор" комплексин долбоорлоодо жана курууда Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин Иш башкармалыгына ар тараптан жардам

көрсөтүшсүн жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылышсын.

11. "Республикалык маанидеги объекттерди жана турак жайларды дол-

боорлоого, реконструкциялоого жана курууга тике инвестицияларды жана

башка бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча жумушчу топтордун

аткаруучу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жыл-

дын 5-февралындагы N 50 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри Д.Т.Үсөновго жана Кыргыз Республикасынын

Президентинин Иш башкаруучусу К.Т.Темирбаевге жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
