# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №590 " Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы "Талдыбулак Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участкаларын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №590 " Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы "Талдыбулак Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участкаларын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57705>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11644/edition/326679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57705.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-августундагы №590 " Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы "Талдыбулак Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участкаларын берүү жөнүндө" токтому (16.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57705

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 16-августу № 590

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын

Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы

"Талдыбулак Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн

"Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна

жер участкаларын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-статьяларына ыла-

йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган, жер казынасын иштетүү жана "Талдыбулак

Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй

облусундагы Кемин районун жалпы аянты 145,2 га жайыттарын, анын ичинде

132,8 га Кызылоктябрь айылдык кењешинин, Орловка айылдык кењешинин -

9,9 га жана Чымкоргон айылдык кењешинин - 2,5 га жер участкасын 20 жыл-

дык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга "Алтынкен" жоопкерчилиги чек-

телген коомуна берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка ба-

гыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- берилген участкага "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому та-

рабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин

айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба

өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма-

тивдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын

14-февралындагы N 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык

айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана

алынбай калган пайданын ордун төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
