Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы „Талдыбулак Сол жээк“ алтын кен объектилерин куруу үчүн „Алтынкен“ жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участкаларын берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-августу № 590
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жер казыналарын иштетүү жана Кыргыз Республикасынын
Чүй облусунун Кемин районунун аймагындагы
"Талдыбулак Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн
"Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна
жер участкаларын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-статьяларына ыла-
йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, жер казынасын иштетүү жана "Талдыбулак
Сол жээк" алтын кен объектилерин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй
облусундагы Кемин районун жалпы аянты 145,2 га жайыттарын, анын ичинде
132,8 га Кызылоктябрь айылдык кењешинин, Орловка айылдык кењешинин -
9,9 га жана Чымкоргон айылдык кењешинин - 2,5 га жер участкасын 20 жыл-
дык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга "Алтынкен" жоопкерчилиги чек-
телген коомуна берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-
гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка ба-
гыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- берилген участкага "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому та-
рабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин
айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба
өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма-
тивдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
14-февралындагы N 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык
айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана
алынбай калган пайданын ордун төлөшүн камсыздасын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Временные Нормативы стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с изъятием сельскохозяйственных угодий для несельскохозяйственных нужд (Утверждены…Нормативы · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон