Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» КМШнын Экономикалык кеңешинин 2006-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-августу N 589
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды
аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты
деп эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү жана
толуктоо киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин
2006-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган
чечимин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык, "Өндүрүштүк жана технологиялык опера-
цияларды аткарууда алар орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп
эсептеле турган шарттардын тизмесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү
жөнүндө" КМШнын Экономикалык кењешинин 2006-жылдын 17-мартында Москва
шаарында кол коюлган чечиминин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик ички
жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Өндүрүштүк жана технологиялык операцияларды аткарууда алар
орун алган жерде товар ошол өлкөдөн чыкты деп эсептеле турган шарттар-
дын тизмесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" КМШнын Экономи-
калык кењешинин 2006-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган че-
чими (мындан ары - Чечим) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына товарлардын
Кыргыз Республикасында чыкканын күбөлөндүрүүчү сертификаттарды берүүдө
көрсөтүлгөн Чечимди жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Чечимдин
күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз
Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шерик-
тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.