# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы №588 " Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA \\ UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы №588 " Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA \\ UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11642/edition/390738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-августундагы №588 " Үчүнчү муундагы "3 G WCDMA \\ UMTS" стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтому (22.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57703

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-декабрындагы № 879 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-августу № 588

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA \\ UMTS" стандартындагы

мобилдүү байланыш радиожыштык спектринин

тилкесин пайдалануу укугуна

конкурс өткөрүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 29-сентябрындагы № 706 токтомунун,

2006-жылдын 19-октябрындагы № 735 токтомунун

редакциясына ылайык)

Карањыз: КР 2006-жылдын 15-августундагы № 588 "Үчүнчү муундагы "3

G "WCDMA \\ UMTS" стандартындагы мобилдүү байланыш радиожыштык спектри-

нин тилкесин пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө" токтомуна ком-

ментарийлерди

Республикада, айрыкча айылдарда жана жетүүгө кыйын болгон район-

дордо азыркы учурдагы маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктура-

ларды сапаттуу жана тез өнүктүрүү, радиожыштыктарды бөлүштүрүү маселе-

леринде ачык-айкындуулукту жана маалымдуулукту камсыз кылуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Үчүнчү муун-

дагы "3 G "WCDMA \\ UMTS" стандартындагы мобилдүү өткөргүчсүз байланыш

долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйбасы бар байланыш операторлорунун ара-

сында пилоттук долбоор катары төмөнкүдөй негизги шарттарды сактоо менен

конкурс өткөрсүн:

- республиканын бүткүл аймагында беш жылдын ичинде мобилдүү тар-

макты жайылтуу;

- биринчи эки жылдын ичинде Чүй облусу боюнча мобилдүү байланыш

тармагын түзүү жана экплуатацияга киргизүү, мында башка региондор боюн-

ча тармакты бир эле мезгилде өнүктүрүүгө оператордун ниеттенүүлөрү чек-

телбейт;

- биринчи эки жылдын ичинде "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы-

нын республиканын айыл региондорунда жайгашкан 100 байланыш бөлүмдөрүн-

дө керектүү уюштуруу техникалары жана интернет-байланыш менен камсыз-

далган коомдук жеткиликтүүлүк боюнча иштеген борборлорду түзүү;

- конкурстан утуп чыккан оператор 200 млн сомго чейинки өлчөмдө

болгон радиоэлектрондук каражаттардан жыштыктардын диапазонун бошотуу

үчүн зарыл болгон финансылык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдет-

тенмени өзүнө алат;

- конкурстан утуп чыккан оператордун тармагында министрликтер ме-

нен ведомстволордун муктаждыктары үчүн ички тармакты түзүүнү (кеминде

1000 номер) камсыздоо;

- биринчи эки жылдын ичинде мобилдүү байланыш тармагындагы адис-

терди окутууну жана даярдоо курстарын мүмкүн жогорку окуу жайлардын би-

ринин базасында уюштуруу;

- экинчи жылда рыноктун керектөөлөрүн эске алуу менен Кыргыз Рес-

публикасынын аймагында 3 G стандартындагы мобилдүү байланыш аппаратта-

рын кошо алганда мобилдүү (уюктук) байланыштын телефон аппараттарын чы-

гарууну (чогултууну) уюштуруу;

- шашылыш байланыштар боюнча акысыз чалууларга абоненттерге мүм-

күндүк берүүнү кароо;

- эки жылдын ичинде "полиция ящиги", "кооптуулук кнопкасы" систе-

масын түзүү жана мыйзамда белгиленген учурларда (өзгөчө кырдаалдардын

учурунда, издөө чараларын жүргүзүү, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө

үчүн ж.б.у.с.) абоненттердин турган жерин аныктоо үчүн радиолокациялар-

ды колдонуу;

- 3 G WCDMA/UMTS" жумушчу диапазонундагы жыштыктардын тилкелерин

бөлүү үчүн старттык баа 40 млн. сомду түзөт. Конкурстун жењүүчүсү

көрсөтүлгөн сумманы конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 20

күндүк мөөнөттө төлөйт;

- конкурска катышууга арыз менен чогуу конкурска катышкан компания

жөнүндө маалыматтарды, милдеттенмелерди, "3 G "WCDMA \\ UMTS" боюнча

долбоорду ишке ашыруунун программасын, компаниянын финансылык кудурети

тууралуу "А" классындагы банктын тастыктамасы.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы N

706 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Конкурстун катышуучуларына өздүк оптикалык-волокон тармагын

коњшулаш мамлекеттердин тармактары менен коммутациялоо мүмкүндүгү аркы-

луу долбоорлоо жана куруу долбоорун өнүктүрүүнүн келечектеги программа-

сында кароо сунушталсын.

3. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын

Улуттук байланыш агенттигинин чыгымдарынын орду конкурс өткөрүү жөнүндө

жободо аныкталган өлчөмдө конкурска арыз берүүчүлөр тарабынан толтуру-

лат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы N

706 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте конкурстун катышуучула-

рына бирдей шарттарды берген учурда Үчүнчү муундагы "3 G "WCDMA \\ UMTS"

стандартындагы радиожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна алар-

дын арасында ачык аукцион өткөрсүн.

5. Тиркемеге ылайык конкурстук комиссиянын курамын бекитсин.

6. Конкурс жалпыга маалымдоо каражаттарында алдын ала жарыялоо ме-

нен 2006-жылдын 27-ноябрында өткөрүлсүн.

7. Арыздарды кабыл алуу убагы 2006-жылдын 27-ноябрында саат

12:00дө (кошо алганда) аяктай тургандыгы белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №

706 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Арыздары менен келип түшкөн бардык конверттер 27-ноябрда саат

10:00дөн баштап жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, конкурстун

катышуучулары катыша ала тургандай жайдагы столдо турууга тийиш. Жањы-

дан келип түшкөн арыздар аларды каттагандан кийин мурдагы арыздарга ко-

шулушу керек. Ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн убакыттан кийин

дароо бардык арыздар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачылат

жана сунуш кылынган шарттар конкурстун катышуучуларынын (алардын каа-

лоосу боюнча) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каты-

шуусунда окулат.

Конкурстун катышуучуларына сунуш кылынган шарттар жарыялангандан

кийин ачылган арыздар эксперттик топко берилет. Эксперттик топтун кура-

мы жана иш тартиби үчүнчү муундагы 3 G "WCDMA/UMTS" стандартындагы ра-

диожыштык спектринин тилкесин пайдалануу укугуна конкурсту даярдоо жана

өткөрүү боюнча конкурстук комиссия тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №

706 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Конкурстун жењүүчүсү жарыялангандан кийин бир айдын ичинде Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча иштерди аткаруу гра-

фиги (милдеттүү шарттар жана сунуштар), инвестицияларды салуу, графикти

(милдеттенмелерди) аткарбоо же толук эмес аткаруу үчүн лицензияны кайра

алып коюуга чейинки жоопкерчиликти аныктоо менен конкурстун жењүүчүсү

тарабынан жабдууларды берүү жана монтаждоо жүргүзүлүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы №

706 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-

ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (кон-

курстук комиссиянын курамы жарыяланбоого тийиш).

Премьер-министр Ф.Кулов
