# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №583 "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №583 "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 583
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11639/edition/1290755/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №583 "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57698

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 14-августу № 583

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу

гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркел- ген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2006-жылдын 14-августу N 20-57/35

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

"Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење- шинин депутаттары О.М.Артыкбаев жана А.М.Марипов тарабынан демилге кы- лынган "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу га- рантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чы- гып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана су- нуштарды эске алуу менен макулдук берет.

1. "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу

гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 5-статьясында "- мамлекеттик колдоо көрсөтүү" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз, анткени үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат жана үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун бири-бирин кайталоочу маселелерин башка мыйзамдарга да киргизүү максат- ка ылайыксыз.

2. Мыйзам долбоорунун 18-статьясынын жетинчи бөлүгүн алып салууну

сунуш кылабыз, анткени аталган статьянын алтынчы бөлүгүндө никеде тур- ган адамдар эмбрионду бойдо көтөрүү максатында башка аялга имплантация- лоого өз ара келишим түзүшү аныкталган, бала төрөлгөн учурда анын ата-энеси жарандык абалды каттоо актысына жазылат. Мында көрсөтүлгөн норма императивдүү мүнөзгө ээ экендигин жана белгиленген жазууну жүргү- зүүгө суррогаттуу энесинин макулдугу каралбай тургандыгын белгилейбиз.

3. 21-статьяда:

- экинчи жана үчүнчү бөлүктү алып салууну сунуштайбыз, анткени

мамлекеттик бюджеттин дайыма тартыштыгына байланыштуу мамлекет жыныстык клеткаларды акысыз сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча жоопкерчи- лик тарта албайт жана кепилдик бере албайт;

- жакын туугандарына кире турган адамдардын чөйрөсүн такташтыруу

максатында Мыйзам долбоорунун статьянын төртүнчү бөлүгүн "жакын тууган- дары" деген сөздөрдөн кийин "(жубайы, ата-энеси, бир тууган ага-иниси, эже-карындаштары)" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.";

- статьянын бешинчи бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени ал

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын баланын төрөлүшү тууралуу актыга жазууда ата-энелери жөнүндө маалымат- тарды киргизүү тартибин белгилөөчү 17-статьяга каршы келет.

Премьер-министр Ф.Кулов
