# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №576 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №576 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11633/edition/444242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы №576 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө" токтому (11.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57691

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2006-жылдын 14-августу № 576

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди,

кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык

пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 300

"Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана

төрөт боюнча пособиелерди, сөөк коюуга пособиелерди төлөөлөрдү жана

ден-соолук чыњдоо иш-чараларын каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүү

боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, кош бойлуулук

жана төрөт боюнча пособиелерди дайындоо жана төлөөнүн тартиби жөнүндө

жобо;

- Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү

жөнүндө жобо.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414

токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ишканалар, уюмдар, мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чар-

бакер субъектилер:

- убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, кош бойлуулук

жана төрөт боюнча пособиелерди дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндөгү

жобону жетекчиликке алышсын;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелердин иш жүзүндөгү чы-

гымдары жөнүндөгү отчетту республикалык бюджеттин каражаттарынын эсеби-

нен ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

жактан өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына беришсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414

токтомунун редакциясына ылайык)

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр, Кыр-

гыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Респуб-

ликасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги:

- расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмү

жөнүндөгү жобону жетекчиликке алышсын;

- көрсөтүлгөн пособиелерди төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар

жөнүндө отчетторду тиешелүүлүгү боюнча кийин республикалык, жергиликтүү

бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарынын

эсебинен ордун толтуруш үчүн беришсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34

"Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тартиби жөнүндө" токто-

му;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-апрелиндеги N

125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34

"Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тартиби жөнүндө" токто-

му менен бекитилген Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тар-

тиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-

луу" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жактан камсызданды-

руу боюнча пособиени камсыз кылууга өндүрүштөгү кырсыктуу учурларды

тергөөгө жана эсепке алууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1998-жылдын 10-августундагы № 527 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-майындагы № 277

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34 ток-

тому менен бекитилген Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн

тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө" токтому;

- "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартиби

жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтому;

- "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартиби

жана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы N 309

токтому;

- "Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер менен камсыздоо тар-

тиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралын-

дагы № 34 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-сентябрындагы № 680

токтому;

- "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартиби

жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-январын-

дагы N 29 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 22-мартындагы № 179 токтомунун 1-пункту.

6. Бул токтом 2006-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
