# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 574
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11630/edition/444320/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому (25.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57687

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 11- августу,№574

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген артисти» жана «Кыргыз

Республикасынын маданиятына эмгек сињирген ишмер" деген

ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин

эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын эмгек

сињирген артисти» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек

сињирген ишмер" деген ардактүу наамдары бар маданият жана искусство

кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" 2006-жылдын 24-

майындагы № 283 Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын маданият,

искусство мекемелеринин жетектөөчү кызматкерлерин колдоо максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген артисти» жана «Кыргыз

Республикасынын маданиятына эмгек сињирген ишмер" деген ардактуу

наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин кызмат маяналары

2006-жылдын 1-июлунан тартып 50 процентке (райондук коэффициент жана

бийик тоолуу экендиги үчүн үстөктөр) көбөйтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул

токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу учүн бюджетте кошумча финансы

каражатын тапсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
