# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №565 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №565 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57677>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11624/edition/947302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57677.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №565 "Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57677

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 4-августу № 565 Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2006-жылга иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 602 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу тармагындагы институттук структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзүүнүн тартиби жана алардын ишмердиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиялардын иш-аракеттерин жана эксперттик комиссиялардын корутундуларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жарыялоону камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр

Ф.Кулов
