# Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 562
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11621/edition/1140880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57674.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57674

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 4-августу № 562

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 токтомунун, 2008-жылдын 11-августундагы № 436 токтомунун, 2009-жылдын 19-октябрындагы № 649, 2011-жылдын 5-октябрындагы №616) редакцияларына ылайык)

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, жаныбарлардын жана калктын ден соолугун аларга тиешелүү оорудан коргоо- ну камсыздоодо мамлекеттик ветеринария органдарынын ролун жана маанисин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында ветеринария маселелери менен иш

жүргүзүүчү аткаруучу бийликтин ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Рес- публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра шитетүү өнөр жай министрлиги аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти мамлекеттик ве- теринарияны башкаруунун республикалык органы болуп аныкталсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы №616

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку штаттык саны 52 бирдик- тен жана анын аймактык органдарыныкы - 859 бирдиктен белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы № 436 токтомунун редак- циясына ылайык)

5. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар

илимий изилдөө институтунун ветеринардык препараттардын сапатын конт- ролдоо боюнча бөлүмүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чар- ба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ве- теринария департаментинин Ветеринардык препараттарды сертификациялоону контролдоо боюнча мамлекеттик лабораториясы тиешелүү каржылоо көлөмү жана материалдык-техникалык жабдуусу менен түзүлсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги Ветеринардык препараттарды стандартташтырууну жана сер- тификациялоону контролдоо боюнча мамлекеттик лабораторияны түзүүгө бай- ланыштуу уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бе- китүүсүнө төмөнкүлөрдү берсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлү жөнүндө

жобону;

- Ветеринардык препараттарды сертификациялоону контролдоо боюнча

мамлекеттик лаборатория жөнүндө жобону;

- Мамлекеттик чегарада жана транспортто мамлекеттик ветеринардык

контроль кызматы жөнүндө жобону. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш- тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 562 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы N 649 токтомунун редакциясына ылайык)

```text
┌───────────────────────────┐
│ Мамлекеттик ветеринария │
```

┌───────┬────┬──┤ Департаменти ├────────────┐

| ┌────┴──────┐ Республика- лык эпизоотияга каршы экспедиция └───────────┘ ┌────────────┴─────────┐ Ветеринардык препараттарды стандартташтырууну жана сертификациялоону контролдоо боюнча мамлекеттик лаборатория └──────────────────────┘ ┌──────────────────────┐ Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитар- ├───┤ дык башкармалык └──────────────────────┘ ┌────────────────────────┐ Чегаралык-ветеринардык карантиндик кызматтын башкы башкармалыгы жана чегаралык ветеринардык ├─┤ контролдоо пункттары └────────────────────────┘ ┌───────────────┐ Республикалык мамлекеттик ветеринардык ├──────────┘ диагностика борбору | ┌───┴───────┐ └───────────┘ ┌────┴───────┐ ┌──┴─────────┐┌────┴───────┐ └────────────┘ └────────────┘└────────────┘ | └─────┬─────┬────────────┬──┘ ┌────┴───────┐ ┌──┴─────────┐┌────┴───────┐ └────┬───────┘ └──┬─────────┘└────┬───────┘ | Мамлекеттик ветерина- риянын Ош шаардык башкармасы Мамлекеттик ветерина- риянын райондук жана шаардык башкармалык- тары |  | Мамлекеттик ветерина- риянын райондук жана шаардык башкармалык- тары | Мамлекеттик ветерина- риянын түндүк региондук башкармасы | Мамлекеттик ветерина- риянын райондук жана шаардык башкармалык- тары | Мамлекеттик ветерина- риянын түштүк региондук башкармасы |  | Мамлекеттик ветерина- риянын чыгыш региондук башкармасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Райондор аралык зоналык жана райондук мамлекеттик ветеринардык диагностика борборлору |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
