# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы №561 "Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы №561 "Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11620/edition/942057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы №561 "Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (02.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57673

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-августу № 561

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери

колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин

аймагында турган объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 7-статьясына жана "Кыргыз

Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №

961 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери колдонулуучу

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында турган объектте-

ринин тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн

тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 3-августундагы

№ 561 токтому менен

бекитилген

Иш-аракетин камсыздоо үчүн атайын бажы режимдери

колдонулуучу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин

аймагында турган объекттеринин

ТИЗМЕСИ

| № | Аталышы | Объекттин турган жери | Эскертүү |
| --- | --- | --- | --- |
| 1. | Россия илимдер | Бишкек шаары |  |
|  | академиясынын илимий |  |  |
|  | станциясы |  |  |
| 1.1. | "Чумыш" станциясы | Казакстан Республикасы, | GPS-станция |
|  |  | Жамбыл облусу, Кордай |  |
|  |  | району, Кордай айылынан |  |
|  |  | 5 км |  |
| 1.2. | "Селден коргоо" | Казакстан Республикасы, | РS-станция |
|  | станциясы | Алматы облусу, "Медеу" |  |
|  |  | комплексинен 5 км, |  |
|  |  | Казакстан Республикасынын |  |
|  |  | өзгөчө кырдаалдар агенттигинин |  |
|  |  | "Прогноз" илимий-өндүрүштүк |  |
|  |  | комплексинин аймагында |  |
| 1.3. | "Успеновка" станциясы | Казакстан Республикасы, Жамбыл | Сейсмо- |
|  |  | облусу, Кордай району, | станция |
|  |  | Бет-Кайнар айылынан 5 км |  |
| 1.4. | "Сумкар" станциясы | Казакстан Республикасы, | GPS-станция |
|  |  | Жамбыл облусу, Мойынкум району |  |
|  |  | Хантау айылынан 5 км |  |
| 1.5. | "Ново-Александровка" | Казакстан Республикасы, Жамбыл | Сейсмо- |
|  | станциясы | облусу, Кордай району, | станция |
|  |  | Каракемер айылынан 5 км |  |
| 1.6. | "Подгорное" | Казакстан Республикасы, Алматы | GPS-станция |
|  | станциясы | облусу, Уйгур району, |  |
|  |  | Кыргызсай айылы |  |
| 1.7. | "Курчатов" станциясы | Казакстан Республикасы, | GPS-станция |
|  |  | Семипалатинск облусу, |  |
|  |  | Курчатов шаары, Улуттук |  |
|  |  | ядролук борбордун аймагында |  |
