# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук чыңдоо комплексин куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук чыңдоо комплексин куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11616/edition/326636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы №556 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук чыңдоо комплексин куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтому (02.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57668

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 2-августу № 556

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун

Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук

чыњдоо комплексин куруу үчүн жер участогун

берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-

йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган маданий-ден соолук чыњдоо комплексин куруу

үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмой-

нок айыл өкмөтүнүн суу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан "Волчьи

ворота" капчыгайындагы аянты 0,6305 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөт

менен убактылуу пайдаланууга "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коомуна

берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- берилген участкага "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коому та-

рабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин

айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба

өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма-

тивдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын

14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык

айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана

алынбай калган пайданын ордун төлөшүн камсыздасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-

тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
