Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук чыңдоо комплексин куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-августу № 556
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун
Ташмойнок айыл өкмөтүнүн жерлеринен маданий-ден соолук
чыњдоо комплексин куруу үчүн жер участогун
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90 жана 92-статьяларына ыла-
йык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган маданий-ден соолук чыњдоо комплексин куруу
үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ташмой-
нок айыл өкмөтүнүн суу фондунун жерлерине таандык жайыттарынан "Волчьи
ворота" капчыгайындагы аянты 0,6305 га жер участкасын 49 жылдык мөөнөт
менен убактылуу пайдаланууга "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коомуна
берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- берилген участкага "Эльтерра" жоопкерчилиги чектелген коому та-
рабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана "Айыл чарба жерлерин
айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба
өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу норма-
тивдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык
айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана
алынбай калган пайданын ордун төлөшүн камсыздасын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон