# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2006-жылдын 2-августундагы №555/23/1 "Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2006-жылдын 2-августундагы №555/23/1 "Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555/23/1
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11615/edition/326634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2006-жылдын 2-августундагы №555/23/1 "Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57666

---

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН

ТОКТОМУ

2006-жылдын 2-августу № 555/23/1

Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча

2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө

Инфляцияны токтотуу боюнча өз учурунда чараларды көрүү, Кыргыз

Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкы токтом кылышат:

1. Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш

чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-

лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды аткарууну камсыз кы-

лышсын;

- ай сайын 15-числого чейин Иш-чаралар планынын аткарылышынын

жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-

гине маалымат берип турушсун;

- Иш-чаралар планын ишке ашырууда келип чыккан проблемалар туура-

луу өз учурунда маалымат беришсин жана аларды чечүү боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Экономика жана финансы министрлигине тиешелүү сунуштарды

киргизишсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ай

сайын 20-числого чейин Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына топтомо маалымат берип

турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы

Ф.Кулов М.Алапаев
