Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын «Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
2006-жылдын 2-августу № 555/23/1
Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча
2006-жылга иш чаралардын планы жөнүндө
Инфляцияны токтотуу боюнча өз учурунда чараларды көрүү, Кыргыз
Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы токтом кылышат:
1. Кыргыз Республикасында инфляцияны токтотуу боюнча 2006-жылга иш
чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды аткарууну камсыз кы-
лышсын;
- ай сайын 15-числого чейин Иш-чаралар планынын аткарылышынын
жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-
гине маалымат берип турушсун;
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда келип чыккан проблемалар туура-
луу өз учурунда маалымат беришсин жана аларды чечүү боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Экономика жана финансы министрлигине тиешелүү сунуштарды
киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ай
сайын 20-числого чейин Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына топтомо маалымат берип
турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
Ф.Кулов М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 2-августундагы № 555/23/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында инфляцияны…План · 02.08.2006 · № 555/23/1 · Күчүн жоготкон