# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларынын - жеке жактарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларынын - жеке жактарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 550
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11610/edition/326628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларынын - жеке жактарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57661

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары,Өкмөт Үйү

2006-жылдын 2-августу №550

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар

боюнча "Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик

коомунун камсыздандыруучуларынын - жеке жактарынын

алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө

Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана "Камкор" Камсыздандыруу

Компаниясы жабык акционердик коомунун камсыздандыруучуларына - жеке

жактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

"Камкор" Камсыздандыруу Компаниясы жабык акционердик коомунун өмүрдү

камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоочуларына социалдык колдоо

көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-

июлундагы № 297 токтомуна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу

кагаздарды 2006-жылдын 31-декабрына чейин аманатчыларга - жеке

жактарга жоюлбаган калдыктын өлчөмүндө "Кыргыз Республикасынын 2006-

жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында

каралган каражаттардын эсебинен мөөнөтүнөн мурда жоюуну жүргүзсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
