# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №548 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №548 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 548
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11608/edition/326626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №548 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57659

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-августу № 548

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

2-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апре-

линдеги № 188 токтому менен бекитилген Качкындар менен иштөө жөнүндө

жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- I глава төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам, - бул Кыргыз

Республикасынын жараны болуп саналбаган жана:

- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган

четөлкөлүк жарандардын;

- Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган жа-

рандыгы жок адамдардын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде жүргөн

четөлкөлүк жарандардын жана (же) жарандыгы жок адамдардын ичинен - Кыр-

гыз Республикасынын "Качкындар жөнүндө" Мыйзамынын 1-статьясында карал-

ган жагдайлар боюнча качкын деп табууну каалагандыгы жөнүндө билдирген

адам.".

- 3-5 пункттар тиешелүү түрдө 4-6 пункттар деп эсептелсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
